НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫНЫН № 7/2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                            

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XX  СЕССИЯСЫНЫН

№  7/2 ТОКТОМУ

19-март  2015-жыл                                                                                                                     Нарын шаары

Нарын шаарынын 2015-жылга жергиликтүү бюджети

 жана 2016-2017- жылдарга болжолу жөнүндө

             Нарын шаарынын 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана 2016-2017-жылдардын долбоору  «Кыргыз Республикасынын 2015-жылга Республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдардын долбоорлору жөнүндө», «Кыргыз  Республикасынын  бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  финансы -экономикалык негиздери жөнүндөгү»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, бюджеттик мекеме-ишканалардын берген долбоорлорунун негизинде түзүлүп, Нарын шаардык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарын эске алып  Нарын шаардык  Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Нарын шаарынын 2015-жылдын жергиликтүү  бюджетинин көлөмү кирешелер боюнча 87872,5 мин сом мунун ичинен салык жыйымдары 70530,5 миң сом жана салык эмес жыйымдары 17342,0 миң сом өлчөмүндө жана 2016-жылдын долбоору 96822,0 миң сомго, 2017-жылдын долбоору  107569,0 миң сомго  бекитилсин.(№1,2 тиркемелер тиркелет)

2.Чыгашалар бөлүгү боюнча  87872,5 мин сомго аныкталып, анын ичинен билим берүү тармагына 18774,0  миң сом,  маданият тармагына 5914.0  миң сом,  социалдык өнүгүү  тармагына7804.0 мин сом, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тармагына 13914.0 мин сом, турак жай жана коммуналдык чарба тармагына 30146.5 мин сом жана  башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдарга 11320,0 миң сом  өлчөмүндө бекитилсин.  (№3 тиркеме тиркелет)

3.Нарын шаардык ,билим берүү тармагына келишим менен кошумча штаттык бирдиктер үчүн 648,2 миң сом акча каражаты каралсын жана келишим түзүү жана көзөмөл жүргүзүү жагы Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин. (№ 4 тиркеме тиркелет)

4. Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармасынын социалдык жеңилдиктерге каралган каражаттын ичинен 50,0 миң сому Нарын шаарындагы кургак учук менен ооруган жарандардын дары-дармек жана жол киресине каралсын.

5. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме ишканалардын штаттык бирдиктери жана чыгаша сметасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык бекитилсин.

6.Нарын шаарынын муниципалдык менчиктен түшүүчү 3700,0 миң  сом  акча каражаты жергиликтүү бюджеттин   киреше жана чыгаша бөлүгүнө киргизилсин жана толук чогултуу муниципалдык менчик департаментине милдеттендирилсин. (№ 5 тиркеме тиркелет)

7.Нарын шаардык салык кызматы аркылуу жергиликтүү бюджетке түшүүчү 70530,5 миң сом каражатты бюджетке түшүрүү  Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча салык кызматына милдеттендирилсин.

8.Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасы тарабынан бюджеттин атайын каражатына түшүүчү 3000,0 миң сом акча каражаты толук чогултуу«Таза-Нарын» ишканасына  милдеттендирилсин жана Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын эмгек жамаатынын кайрылуусунун негизинде эмгек өргүүгө чыкканда бир айлык өлчөмүндө дарылануу пособиеси эмгек акы жана социалдык чегерүүлөр менен биргеликте 860,0миң сом төлөнүп берилсин.

9.«Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын  негизги принциптери» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  21-пунктуна ылайык шаардык бюджеттин  чыгаша бөлүгүнүн көлөмүнө жараша өзүн-өзү башкаруу органынын  1 пайызга чейинки 870,0 миң сом резервдик фонду түзүлсүн, мунун ичинен 270,0 миң сом  Нарын шаардык Кеңешине бекитилсин.

10. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин экономикалык чыгымдарына каралган акча каражатынын эсебинен Нарын шаарындагы орто мектептердин 1-4-класстарына коомдук транспортто акысыз жүрүүгө жол киреси  үчүн   акча каражатын  Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана Нарын троллейбус ДЭПОсунун ортосунда атайын түзүлгөн акт сверканын негизинде которуп берүү жагы Нарын шаардык финансы бөлүмүнө (Ж.Урустемов) милдеттендирилсин.

11.Экономикалык чыгымдарга каралган акча каражатынын эсебинен Нарын шаарынын мэри Р.Адиевдин сунушунун негизинде Нарын шаарынын социалдык экономикалык иштерин аткарууга жана долбоорлордун өздүк салымы үчүн 1740,0 миң сом бөлүнүп берилсин. (6-тиркемеге тиркелет)

12.Бул токтом менен бекитилген Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча салык кызматына  (Ж.Мамырбаев), шаардык муниципиалдык менчик департаментине (М.Мамбетакунов) , Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасына (Б.Жакиев), Нарын регионалдык казына бөлүмүнө (Ж.Окенова) жана шаардык мекеме жетекчилери тарабынан кыйшаюсуз аткаруу жагы милдеттендирилсин.

13.Нарын шаарынын 2015-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышына жана 2016-2017-жылдардын план-долбооруна катуу көзөмөлдүк кылуу жагы Нарын шаардык мэриясына (Р.Адиев) жана Нарын шаардык финансы бөлүмүнө (Ж.Урустемов) тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                    Э.Турсуналиев

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, финансы бөлүмүнө,регионалдык казына бөлүмүнө, шаардык салык башкармалыгына, билим берүү бөлүмүнө

Обсуждение закрыто.