НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XIX СЕССИЯСЫНЫН № 7 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ      КЕЗЕКТЕГИ     XIX       СЕССИЯСЫНЫН

№ 7  ТОКТОМУ

4-декабрь  2014-жыл                                                                                                                         Нарын шаары

 

Максуталиев Нурлан Кубатовичке    Нарын шаардык суу канал ишканасынын жетекчиси болуп дайындалуусуна макулдук берүү жөнүндө

 

 

Максуталиев Нурлан Кубатович  2014-жылдын 29-ноябрында Нарын шаардык суу канал ишканасынын жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо боюнча өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы менен Нарын шаардык мэриясынын  1-декабрь 2014-жылдагы №553 “б” буйругунун негизинде  Нарын шаардык суу канал ишканасынын жетекчисинин кызмат ордуна 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалган.

 

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренисинин 3-бөлүмүнүн 4-бөлүмчөсүнө ылайыкшаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерин дайындоого шаардык Кеңеш тарабынан макулдук берилиши керек.

 

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренисинин 3-бөлүмүнүн 4-бөлүмчөсүнө  жана Нарын шаардык мэриясынын  1-декабрь 2014-жылдагы №553 “б” буйругунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                         

 ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренисинин 3-бөлүмүнүн 4-бөлүмчөсүнө  ылайык Максуталиев Нурлан Кубатовичке  Нарын шаардык суу канал ишканасынын жетекчисинин кызмат ордуна дайындалуусуна Нарын шаардык мэриясынын  1-декабрь 2014-жылдагы №553 “б” буйругунун негизинде макулдук берилсин.

 

   

                   Төрага                                                                   Э.Турсуналиев Каттоо №2014-77

Жөнөтүлсүн:  иш кагазга, шаардык мэрияга, суу канал ишканасына 

Обсуждение закрыто.