НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XIX СЕССИЯСЫНЫН № 6 ТОКТОМУ

shapka-toktom

 НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН   XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ                    

                КЕЗЕКТЕГИ  XIX  СЕССИЯСЫНЫН                

№  6 ТОКТОМУ

4-декабрь 2014-жыл                                                                                                       Нарын шаары

Нарын шаарындагы борбордук аянтка мамлекеттик жана коомдук ишмер Т.Усубалиевдин ысмын ыйгаруу жөнүндө

Усубалиев Турдакун Усубалиевич 1919-жылы  6-ноябрда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кочкор кыштагында туулган. 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик мугалимдер институтун бүтүрүп, Кочкор кыштагындагы орто мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы, Кочкор районунун пропаганда жана агитация бөлүмүндө, кийин Кыргызстан КП БКнын пропаганда жана агитация бөлүмүндө инструктор болуп иштеген.1945-жылы КПСС БКга караштуу Жогорку партиялык мектепти аяктап келгенден кийин, КПСС БКнын аппаратында жооптуу кызматта, «Советтик Кыргызстан» газетасынын редактору, Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары болуп иштеген. 60-жылдардан баштап, Т.Усубалиевдин жетекчилиги менен Кыргызстандын экономикасынын, илими менен маданиятынын бардык тармактарын өнүктүрүү, калк турмушун жакшыртуу боюнча зор иштер жүргүзүлгөн. Фрунзе жана башка шаарларда өнөр жай ишканаларында монументалдуу гидроэнергетикалык обьектилеринде ири курулуш жана монтаждоо уюмдары иштей баштаган, тездетилген түрдө үй куруучу комбинаттар, Канттагы цемент –шифер комбинаты тургузулган. Шаар ичине ылдамдык менен турак үйлөрдүн салынышына, шаардын көркөмдөлүшүнө өтө көңүл буруп, борборлоштурулган жылуулук менен камсыз болгон микрорайондор, ар бир үй бүлөгө ылайыкталган үч-төрт бөлмөлүү үйлөр салынып, административдик кооз имараттар, музейлер, эстеликтер, монументалдык скульптуралар, фонтандар, мейманканалар, базар комплекстери, «Манас» аэропорту, Кожомкул атындагы спорт сарайы, жер алдындагы өткөөлдөр жана башка көптөгөн обьектилер бүткөрүлгөн.                     Т.Усубалиев легендарлуу Манастын тарыхый баатырдык баяндарын изилдөөгө салымын кошкон. 1978-1982-жылдары анын аракети менен С.Орозбаковдун жана С.Каралаевдин варианттары боюнча китептери басылып чыгарылган. Т.Усубалиев көп улуттук совет элинин достугуна, партиянын жүргүзгөн саясатына, Кыргызстан экономикасы менен маданиятынын жогорулашына арналган бир нече көлөмдүү эмгектин автору.Т.Усубалиевдин Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн  эмгеги жогору бааланып, союз учурунда төрт Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу жана бир нече медалдар менен сыйланган. Ал эми Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин биринчи даражадагы  «Манас» ордени менен сыйланып, Кыргыз Республикасынын баатыры деген наам ыйгарылган.

Т.Усубалиевдин  Кыргызстандын  тарыхында калган, кыргыз эли үчүн жасаган жогорку эмгектери жана ийгиликтери үчүн Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Э.Т.Турсуналиевдин сунушу менен, тиешелүү туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

            ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      Кыргыз Мамлекетинин өсүп өнүгүшүнө кошкон жигерлүү салымдары жана зор эмгектери үчүн , мамлекеттик жана коомдук ишмер Т.Усубалиевдин ысмы Нарын шаарындагы борбордук аянтка Жобого ылайык сессияга катышкан   депутаттардын көпчүлүгүнүн  колдоосуна ээ болгондон кийин ыйгарылсын.

                   Төрага                                                                    Э.Турсуналиев   Каттоо№2014 -76                                              

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга,шаардык мэрияга

Обсуждение закрыто.