НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫНЫН № 6/1ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ    КЕЗЕКТЕГИ  XVI СЕССИЯСЫНЫН

                                                                          № 6/1ТОКТОМУ                                               

                22-октябрь 2014-жыл                                                                                                                  Нарын шаары

Мусаев Эльзар Өскөналиевичке Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

            Мусаев Эльзар Өскөналиевич 1973-жылы 26-январда Нарын шаарында туулган.1990-жылы Нарын шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебин окуп бүтүргөн. 1990-жылы Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына тапшырып, үй бүлөлүк шартына байланыштуу аталган окуу жайды 2006-жылы сырттан окуп  “Дене тарбия мугалими” квалификациясын жана футбол адистигине ээ болгон.Эмгек жолун 1992-жылы Нарын шаарындагы№1 Токтогул орто мектебинде дене тарбия мугалими болуп эмгектенүү менен баштаган.1993-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Нарын облустук балдар уландар спорт мектебинде футбол бөлүмүнүн улуу машыктыруучусу болуп эмгектенип келүүдө.

Мындан сырткары 2000-2010-жылдары Нарын облустук футбол федерациясынын коомдук бирикмесинде аткаруучу директору, 2010-2014-жылдары Нарын облустук футзал ассоциациясы коомдук бирикмесинде аткаруучу директор.

            Нарын облусунда жаш өспүрүмдөрдү сергек жашоого үндөөдө үзүрлүү эмгектери бааланып Кыргыз Республикасынын дене тарбиясынын “Отличниги”, Кыргыз республикасынын Эл агартуунун “Отличниги” төш белгилери, Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт агенттигинин, Нарын шаардык мэриясы жана Нарын шаардык Кеңешинин, Нарын мамлекеттик универститетинин, Нарын облустук спорт мектебинин, Нарын шаардык билим берүү бөлүмунүн “Ардак Грамоталары”, Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын “Диплому”, Азиялык футбол конфедерациясынын футбол/футзал алкагында машыктыруучу Лицензиялары, көптөгөн спорттук мелдештердин Дипломдору менен сыйланган. Мындан сырткары 2001-2003-жылдары “Намыс” программасынын жеңүүчүсү болгон.

            Нарын облусунда анын ичинде Нарын шаарында  жаш өспүрүмдөрдү сергек жашоого үндөөдө үзүрлүү эмгектери үчүн Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү Нарын облустук балдар уландар спорт мектебинин педагогикалык кеңешинин сунуш катынын жана депутаттык туруктуу комиссиянын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                                         ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      Нарын облусунда анын ичинде Нарын шаарында  жаш өспүрүмдөрдү сергек жашоого үндөөдө  үзүрлүү эмгектери үчүн Мусаев Эльзар Өскөналиевичке  Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын  көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан     Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

2.      Жобого ылайык  Мусаев Эльзар Өскөналиевичке  атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

 

                   Төрага                                                                               Э.Турсуналиев  

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Нарын облустук балдар уландар спорт мектебинине,

Э. Мусаевге     

Обсуждение закрыто.