НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XVIII СЕССИЯСЫНЫН № 6/11 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ             XVIII СЕССИЯСЫНЫН

№ 6/11 ТОКТОМУ

22-октябрь  2014-жыл                                                                                                                        Нарын шаары

Жакиев Билимбек Дүйшөналиевичке Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Жакиев Билимбек Дүйшөналиевич эмгек жолун 1982-жылы Ак-Таала районундагы Жеңиш колхозуна мүчө болуп кирүү менен баштаган.

1992-жылы окуусун бүтүрүп ушул эле айылга экономист болуп дайындалган. 1993-1996-жылдары Кооперативге мүчө болуп кабыл алынды. 1996-1998-жылга чейин Карабүргөн айылында аскердик учет боюнча адис, 1998-2002-жылдарга чейин Өзгөрүш дыйкан чарбасынын мүчөсү, 2002-2004-жылдарга чейин салык инспектору, 2004-2005-жылдары Карабүргөн айыл өкмөтүнүн эсептешүүчү бухгалтери, кассир кызматында, 2005-2010-жылга чейин Карабүргөн айылдык өз алдынча башкаруу органынын башчысы болуп эмгектенген. 2010-жылдын 14-октябрынан баштап Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасына сантиардык тазалык жана жыйымдар боюнча орун басарлык кызматта иштеп жүрүп, 2011-жылдын 14-майынан баштап Нарын шаардык мунципалдык “Таза Нарын” ишканасынын директорлук кызмат ордуна дайындалган. 2011-2014-жылы Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы жогорку окуу жайынын салык жана салык салуу факультетин бүтүргөн.

Жакиев Билимбек Дүйшөналиевич иштеген мезгилинен бери шаар жетекчилиги менен биргеликте бир катар чарбалык маанидеги иштерге көңүл бурулуп,  Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын автоунаалары жаңыртылып, таштанды  чыгаруу да мурунку жылдарга салыштырмалуу жакшырып, шаардын тазалыгын сактоого карата бир катар иштер аткарылууда. МДПСТП КС долбоору  менен иштешип 25 контейнер яшик алынган. 2013-жылы 12 көчөгө жаңы фонарлар коюлду. Жолдорго ылдамдыкты азайтуу максатында жасалма дөңчөлөр, күйүп өчүүчү свитилниктер алынып троллейбус мамычалары коюлуп бир катар иштер аткарылууда.

 Жакиев Билим Дүйшөналиевич Нарын шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн Нарын шаардык Кеңешинин жана мэриясынын, Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамоталары”менен сыйланган. 2012-жылдын декабрь айынан бери  Нарын шаардык Кеңешинин депутаты болуп шайланып, шаардык Кеңештин алдындагы “Муниципалдык менчик, жер, турак жай, комуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиянын мүчөсү.

Жакиев Билимбек Дүйшөналиевичти Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо боюнча “КСДПК” фракциясынын сунушунун жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.      Нарын шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн Жакиев Билимбек Дүйшөналиевичке Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан, Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

 

2.      Жобого ылайык Жакиев Билим Дүйшөналиевич атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана күбөлүгү ыйгарылсын.

 

                  Төрага                                                                                                 Э.Турсуналиев 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, “Таза-Нарын” ишканасына, Б.Жакиевге .

Обсуждение закрыто.