НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫНЫН № 6/2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ             КЕЗЕКТЕГИ  XVI СЕССИЯСЫНЫН

                                                                          № 6/2 ТОКТОМУ

                22-октябрь 2014-жыл                                                                                                        Нарын шаары

 

Ботоканов Жыргалбек Садыковичке  Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө

 

            Ботоканов Жыргалбек Садыкович 1965-жылы 2-сентябрда Нарын шаарында төрөлгөн. 1982-жылы Нарын шаарынын Ленин мектебин бүтүргөн. 1983-1986-жылдары Советтик Армиянын Балтик деңиз флотунда 3 жылдык кызмат өтөгөн. 1987-1989-жылдары Нарын облустук исполкомунун, Нарын облустук ички иштер кызматынын байланыш бөлүмүндө тетиктерди мантаждоочу, 1989-1993-жылдары Фрунзе шаарындагы Спец РСУ мекемесинде сантехник, 1993-2000-жылдары Тянь-Шань Нефтебазасынын “Азияда” ишканасында башкы оператор болуп эмгектенген, 2000-2006-жылдары Нарын облусунун жаратылышты коргоо мекемесинде инспектор болуп ишин баштап, кийин жаратылышты коргоо Фондусунун башчысы болуп дайындалган. 2007-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин транспот министрлигине караштуу “Торугарт” жол көзөмөлдөө пунктунда эмгектенет.

            2003-жылы Нарын Мамлекеттик Университетинин Айлана чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу адистиги боюнча Аграном-эколгог адистиги, 2011-жылы ушул эле университеттин Экономика жана башкаруу тармактары боюнча Экономист –менеджер адистиктерине ээ болгон.

            Ботоканов Жыргалбек Садыкович үзүрлүү эмгектери үчүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын, Кыргыз Республикасынын экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Транспорт жана комуникация министрлигинин жол көзөмөлдөө жана тоннель кызматчылыгынын башкармасынын  “Ардак грамоталары” менен сыйланган.

            Азыркы учурда бир нече чет мамлекеттик  уюмдар менен кызматташып, долбоорлор менен иштөө тажырыйбасы бар. Канада фонду менен биргеликте жаратылышты коргоо жана илбиристин санын сактап калуу долбоорунун жетекчиси болгон.  Каунтерпарт Консорциум уюмунун тренингдеринин 16 модулун окуп сертификатка ээ болгон. 2012-жылдын ноябрь айында Нарын шаардык Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

            Ботоканов Жыргалбек Садыковичке Нарын шаарынын “Ардактуу атуулун” берүү жөнүндөгү  депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                                                                        ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.      Ботоканов Жыргалбек Садыковичке Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан  Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

 

2.      Жобого ылайык Ботоканов Жыргалбек Садыковичке атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана  күбөлүгү тапшырылсын.

 

 Төрага                                                                                                                    Э.Турсуналиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Ж.Ботокановго.

Обсуждение закрыто.