НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XX I СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН   XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ XX I  СЕССИЯСЫНЫН

№  1  ТОКТОМУ

16-апрель 2015-жыл                                      Нарын шаары

Кыргыз  Республикасынын финансы министрлигине жазылган үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын долбооруна жергиликтүү бюджеттен  өздүк салым бөлүү жөнүндө.

      Нарын шаардык  мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин үлүштүк (дем берүүчү) гранттына 6 долбоор жазылып сунуштаган.Жазылган долбоордун  жалпы суммасы 12 942 638 сом. Мунун 11 629 378 сому Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин  үлүштүк гранттан, ал эми 1 313 260 сому жергиликтүү бюджеттин өздүк салымынан берилмекчи. 2013-жылы АРИС программасы аркылуу 40,0 миң $га Нарын шаарынын  Ленин көчөсүнүн түндүк тарабындагы  тротуары облустук профсоюздун имаратынан Нарын мамлекеттик университетинин имаратына чейинки бөлүгүнө брусчатка плиткалары төшөлүп бүткөрлгөн. Башкача айтканда бөлүнгөн акча каражаты жетишпегендиктен  долбоор аягына чыкпай калган.                                              Долбоору толук аягына чыгыш үчүн Нарын мамлекеттик университетинен  Таалай көчөсүнө чейинки бөлүгүнө же 1220 чарчы метр жерге брусчатка төшөөгө 1 570 107 сомго өзүнчө бөлүп жазоого долбоор даярдалган. Мунун 1413 097 сому үлүштүк   (дем берүүчү) гранттан, ал эми 157 010 сому же 10 пайызы өздүк салымдан берилмекчи.                                                                              Мындан сырткары Ленин көчөсүнүн түштүк тарабындагы М.Таранчы көчөсүнөн, Таалай көчөсүнө чейинки бөлүгүнө бурсчатка төшөөгө 2 709 899 сомго долбоор жазылып, сметасы даярдалган. Мунун 2 438 910 сому үлүштүк гранттан, 270 989 сому же 10 пайызы өздүк салымдан берилмекчи. Ушул эле көчөнүн  түштүк тарабындагы тротуарынын эки жак жээгиндеги Таранчы көчөсүнө, Таалай көчөсүнө чейинки арыка темир бетон лотокторун жаткызууга 2 254 489 сомдун долбоор жазылып, мунун 2 029 040 сому үлүштүк гранттан  225 448 сому же 10 пайызы өздүк салымдан берилмекчи.                                            Нарын шаарындагы №5 К.Жакыпов атындагы орто мектебинин имаратын кезектеги ремонттон өткөрүүгө 2 243 153 сомго үлүштүк грантка долбоор жазылган. Анын  1999838 сому үлүштүк (дем берүүчү) гранттан, 243 315 сому же 10 пайызы өздүк салымдан каржыланмакчы. Ошондой эле Московский аймагындагы Ж.Акималиев атындагы паркынын түштүк тарабындагы бөлүгүнүн айланасын темир решетка менен тосууга 1 282 966 долбоор жазылган. Мунун өздүк салым сому же 10 пайызы128 296 сом  калганы  1 154 670 сому үлүштүк гранттан берилмекчи.

Нарын шаарындагы №10 Ж.Чолпонбаев атындагы мектептин имаратын кезектеги ремонттон өткөрүүгө  2 882 024 сомго долбоор жазылып, анын 2 593 822 сому үлүштүк гранттан, 288 202 сому же 10 пайызы өздүк салымдан каржыланмакчы.

Нарын шаарынын мэри Р.Адиевдин маалыматын угуп, талкуулап шаардык Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      Нарын шаардык мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин  үлүштүк (дем берүүчү) гранттына сунушталган 6 долбоорунун өздүк салымына 1 313 260 (бир миллион үч  жүз он үч миң эки жүз алтымыш) сом акча каражаты бюджеттин экономикалык чыгымдар статьясынан кароого макулдук берилсин (долбоор тиркелет).

2.      Кыргыз Республикасынын финансы министри тарабынан өткөн долбоорлорго убагында өздүк салымына берилүүчү акча каражатын которуп берүү жагы шаардык финансы бөлүмүнө  (Ж.Үрүстөмов) милдеттендирилсин.

3.      Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

                    Төрага                                                                                        Э.Турдалиев

 Жөнөтүлсүн: КРнын финансы министрлигине, иш кагазга, шаардык мэрияга, шаардык финансы бөлүмүнө, туруктуу комиссияга.

 

    Нарын   шаардык   Кеңешинин                 2015-жылдын 16-апрелиндеги  XXI          кезексиз                                                                                                                                     сессиясынын                           № 1токтомуна   тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын финансы  министрлигинин  үлүштүк (дем берүүчү) гранттарына   сунушталган  обьектилерге   берилүүчү өздүк

салым

Обүектинин жана жазала турган жумуштардына   талышы

Жалпы сметалык баасы (сом)

Мунун  ичинен өздүк салымга берилүүчү сумма (сом)

Үлүштүк (дем берүүчү) гранттан суралуучу каражаттын суммасы (сом)

1

Нарын шаарынын Ленин көчөсүнүн түштүк тарабындагы тротуардын М. Таранчы көчөсүнөн Таалай көчөсүнө чейинки бөлүгүнө брусчатка плиткаларын төшөө жумуштарын жазоого

2709899

270989

2438910

2

Нарын шаарынын Ленин көчөсүнүн түштүк тарабындагы тротуардын М. Таранчы көчөсүнөн Таалай көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү тротуардын эки жак жээгиндеги арыктарга темир бетон лотокторун жаткызууга

2254489

225448

2029041

3

Нарын мамлекетик университетинин имаратынан Таалай көчөсүнө чейинки бөлүгүнө же 1220 м2жерине брусчатка плиткаларын төшөөгө

1570107

157010

1413097

4

Нарын шаарындагы №5 К. Жакыпов атындагы орто мектебинин имаратын кезектеги ремонттон өткөрүүгө

2243153

243315

1999838

5

Нарын шаарынын Московский аймагында  жайгашкан Ж. Акималиев атындагы парктын түштүк  тарабындагы бөлүгүнүн  айланасын   темир решетка менен тосууга

1282966

128296

1154670

6

Нарын шаарындагы №10 Ж. Чолпонбаев атындагы мектептин имаратына   кезектеги ремонт иштерин   жүргүзүүгө

2882024

288202

2593822

Жалпы сумма

12942638

1313260

11629378

 

Нарын шаардык   Кеңешинин

аппарат жетекчиси                                                                   А. Абдыкеримов

Обсуждение закрыто.

НАРЫН ШААРДЫК КЕНЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ X СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

НАРЫН  ШААРДЫК КЕНЕШИНИН  XXVI  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ          КЕЗЕКТЕГИ    X СЕССИЯСЫНЫН                                                                                                                                                                                                    №  1 ТОКТОМУ                                                                                                                                                  

18- декабрь 2013-жыл                                                                                                                     Нарын шаары

Нарын шаарында өспүрүмдөр, мектеп  окуучуларынын арасында кылмыштуулукту болтурбоого карата Нарын шаардык мэриясынын,  шаардык ички  иштер бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө    

Жалпысынан Нарын шаарынын аймагында  2013-жылга карата  13560 жаш өспүрүм  катталган. Мунун ичинен  7090у  мектеп окуучуларын түзөт.Нарын шаарындагы  № 8 орто мектепте 2006-жылдан бери коопсуздук кызматкерлери  (СБ)  иш алып барып, балдардын коопсуздугуна жана тартибине көзөмөлдүк жүргүзүп келген.   Бирок, быйылкы окуу жылына карата мектептердин администрациясы, ата энелер менен бирдикте бир келишимге келишишип, коопсуздук кызматкерлери  баардык мектептерде жоюулуп салынган.                                                           Нарын шаардык ИИБдин берген маалыматы боюнча Нарын шаарынын аймагындагы жаш өспүрүмдөр   тарабынан 6  кылмыш катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 8 кылмышка аз болгон. Бул кылмыштар 5 өспүрүм тарабынан жасалган.Алардын ичинен 3сү мектеп окуучусу жана 2си окубаган жаш өспүрүм курактагы балдар.Бул кылмыштар боюнча тергөө иштери аяктап, иш сотко өткөн. Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын каттоосунда жыл башында  30  өспүрүм катталса,  анын ичинен 14 өспүрүмү  алдын алуу каттоодон алынып ,оңолуу жолуна түшкөндүгү үчүн учеттон чыгарылган.

Нарын шаардык билим берүү бөлүмү, шаардык ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө инцпекциясы Нарын шаардык мэриясы менен бирдикте мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу боюнча ангемешүүлөр жүргүзүлүп,тегерек столдор өткөрүлүп келген. Кечкисин рейддер уюштурулуп,  мектеп мугалимдери коомчулуктун өкүлдөрү менен бирдикте «Допинг», «Өспүрүм», «Селсаяк», «Камкордук» деген аталыштагы бирдиктүү кыдыруулар өтүп келген.

Ал эми туруктуу комиссиянын депутаттары шаардык билим берүү бөлүмү, ички иштер бөлүмү менен биргеликте  мектептерге   барып, жогорку класстын окуучулары  жана мектептин президенти, тарбия иштери боюнча башчылары менен жолугушуу жүргүзгөндө шаарыбыздын 8 мектебинин баардыгында  мектептерде талап тоноочулук жоюлуп, кылмыш кылган балдардын такыр эле жок экендигин билдиришкен.Баланы бала тарбиялайт деген девиздин негизинде көпчүлүк мектептерде мугалимдер эмес балдар жана кыздар совети өздөрүнчө иш алып барышып балдар балдарга , кыздар кыздарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, мурунку жылдарга салыштырмалуу талап тоноочулук,кемсинтүү алда канча азайып калгандыгын айтып 99пайызга  чейин кепилдик беришкен. Атап айтсак,  № 10 Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектепке барышканда  мектеп директору Р.Өмурова биздин мектепке жалан карапайым үй бүлөнүн, райондун  ар кайсы  айылдарынан  көчүп келген,  ата энеси квартирада жүргөндөрдүн балдары келип окуурун айтып,  кылмыштуулукту жалан гана байдын балдары жазаарын, баарына жетишип турса да талап тоношуп, колунда жок үй бүлөнүн баласын кемсинтип,акча талап кылып  коркутушаарына  токтолгон.Ал эми андай балдар башка мектептерден келээрин билдирип, мурунку жылдарга салыштырмалуу быйылкы жылы андай көрүнүштөр боло элегин билдирди.Мектептин президенти мектеп ичинде талап тоноочулук жок деп баса белгиледи.Мектепте 3 тараптуу келишим тузулгон. Мектеп, ата эне  ,окуучу . Дебаттар, тегерек столдор уюштурулуп тургандыгын иш планы менен тааныштырышты.Учетто турган балдар бар экендигин жашырган жок.Сабак учурунда мектептен качкан балдар да жок эмес.Мектеп директору сунуштарын айтып, микроучасток сакталса жакшы  болоорун депутаттарга ушул маселени козгоп чыгууларын жана ИДНдин кызматкерлери менен жаныдан эле таанышып иш алып бара баштасак эле бат-баттан алмашып кетишээрин айтып   чечүүгө жардам  сураган.

№7-М.Сыдыков орто мектеби боюнча мектеп администрациясынын жана жогорку класстын окуучуларынын билдиргенине караганда   бул мектепте 3 жылдан бери талап тоноочулук учурлар боло элек же болбосо рэкетчилик туп тамыры менен жоюлгандыгын айтышып, 99,9 пайыз кепилдик беришти. Бала бош болгон учурда гана ушундай жолго бараарын баамдашып, ар кандай кружокторду жана маданий –массалык иш чараларды көбүрөөк уюштурулуп жаткандыгын баса белгилешти.Мектеп директору жакында видео көзөмөлдү мектепке орнотууну пландап жаткандыгын билдирди.Мектепте «Мезгил» театры кружогу уюштурулуп, окуучулар өздөрүнүн күчү менен театралдаштырылган  коомдогу жат көрүнүштөрдү чагылдырган балдардын психологиясын ондоого аракет кылган сценкаларды жалпы шаардын мектеп окуучуларына коюп беришкен.

№2-В.П.Чкалов мектеп –гимназиясы боюнча ЮНИСЕФтин колдоосу менен «Школа без насилия» программасынын алкагында иш алып барышууда.Милициянын учетунда турган балдар жок.Мектептин президенти башка мектептердин президенттери менен бирдикте иш алып барып жаткандыгын ,анын негизинде бир мектептин балдары,   экинчи  мектептин балдарына барып тийишип, налог салуу токтотулганын айтты.Ар бир мектептин президенти өз мектеби үчүн жооп берет дейт. Рекетчилик жоюлгандыгын жана учурда андай корүнүш жок экендигине  100 пайыз кепилдик беришип, мектептин чек арасынын кайсы жерлери кооптуу экендиги боюнча атайын карта илингендигин айткан.

№4-Э.Ибраев атындагы орто мектеби боюнча мектептин директорунун айтуусуна караганда  2 бала милициянын учетунда турат,ШИИБ,УВД  менен тыгыз байланышта иш алып барышат, талап тоноочулук жоюлган,балдардын бош убактысында ар кандай конкурстарды өткөрүп,тушундуруу иштерин жургузуп турушат.Видео козомол коюуну пландаштырышууда, жашыруун кутуча коюлган.

№9 А.Садыков атындагы орто мектеп боюнча мектепте талап тоноочулук боюнча корунуштор жок, шаардын жалан карапайым катмарынын балдары билим алышат,балдар өздөрү аябай коркок экендигин билдиришти. Мектептин мугалимдери ата энелер менен бирдикте «Селсаяк» тобун түзүшкөн, 1 жумада 2 жолу рейдге чыгышат, балдарды кечкисин көзөмөлгө  алышат. Мектепте талап тоноп, улуусу кичүүсүнө үстөмдүк кылуу боюнча фактылар жок.

№8-А.Буйлаш атындагы орто мектеби  мектеп мугалимдери жана окуучулары мектепте рэкетчилик бар экендигин жана аны токтото албай жаткандарын жашырышкан жок.Бул көрүнүштү жоюу үчүн  көптөгөн иш- чараларды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатса деле ушул күнгө чейин арыла  албай жаткандыгын айтышты.  Себеби эмнеде?- деген суроого городок аймагында жалан колунда барлардын балдары окуурун жана эмне кылаарларын билишпей ушундай жолдорго барып жатат дешет.Мектепте балдар эле эмес,  кыздар дагы  милициянын учетунда тургандыгын айтышкан.

К.Жакыпов орто мектебинде   2 окуучу   милициянын учетунда тургандыгын,  ягуар ичип алышып милицияга кармалышкандыгын, мурунку жылга карата талап тоноп, үстөмдүк кылуу жок деп билдиришип,  рэкетчилик  жок экендигине 80 пайыз кепилдик беришкен.

Т.Сатылганов орто мектеби боюнча 5 бала милициянын учетунда турат. Каникул учурунда Агахандын  алдындагы жарык беруучу айнектерди таш менен сындырышып, ошонун негизинде учетко алынышкан.Чоң  класстардын арасында рекетчилик жок. Майда класстардын арасында анча –мынча бар дешкен. Рэкетчилик  жок экендигине 80 процент кепилдик беришет.Ар түрдүү иш чаралар уюштурулуп турааарын жана мектептин Токтогул NEWS аттуу журналын чыгарышып, кылмыштуулук боюнча слайддар көрсөтүлүп жаткандыгын , Балдардын сынагына сынбайсыңбы? токшоусун уюштуруу менен  балдарды бош койбогонго аракеттенишүүдө.

Жогорудагылардын негизинде комиссиянын текшеруусунун жыйынтыгы менен Нарын шаарындагы орто мектептерде  мурунку жылдарга салыштырмалуу кылмыштуулуктун саны алда канча азайып калгандыгын жана талап тоноочулуктун жоюлгандыгын мектеп администрациясынын айтуусуна таянып айтсак, комиссиянын жашыруун сурамжылоосунун (анкета таратуунун жыйынтыгынын)  негизинде шаарыбыздагы жалпы мектептердин   окуучуларынын  билдиргенине караганда 73 % мектептерде талап тоноочулук, рекетчилик бар экендигин анкетанын жыйынтыгы менен билүүгө болот. Тактап айтканда жашыруун сурамжылоодо балдар өздөрүнүн ойун жашырбастан, коркпостон билдиришкен. Ал эми мектеп администрацияларынын бул маселе боюнча жашырып жаткандыгы, башкача айтканда окуучулардын берген анкетасы менен айкалышпай калгандыгы анык болду.

Шаарыбыздагы 8 мектептин ичинен жалгыз гана №8- А.Буйлаш атындагы орто мектеби гана мектептеги талап тоноочулуктун бар экендигин  жашырбастан ачыктан –ачык билдиришкен,анкетанын жыйынтыгы менен айкалышат.

Туруктуу комиссиянын депутаттары  жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу иштерине карата шаардык билим берүү бөлүмүнүн, ички иштер бөлүмүнүн, үй бүлө жана өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн аткарып жаткан иштерин жеринде барып көргөн мезгилде шаардык билим берүү бөлүмүнүн иш кагаздары тиешелүү деңгээлде жүргүзулбөй жаткандыгы белгилүү болгон. Тактап айткканда түзүлгөн  иш пландын артында  өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу, бөгөт коюу максатында  өткөрүлүп жаткан  иш чараларды тастыктоочу иш кагаздарды көргөзө алышкан эмес.

Шаарыбыздагы мектептерде коомго жат көрүнүштөргө,  талап тоноочулук иштерине бөгөт коюу максатында шаардык билим берүү бөлүмү, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, үй бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн,   шаардык мэриянын жана жалпы шаар мектептеринин  аткарып жаткан иштерин жеринде барып көрүүдө депутаттык туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                                                                                         ТОКТОМ  КЫЛАТ

1.      Нарын шаарындагы  жаш өспүрүмдөр менен мектеп окуучулар  арасындагы кылмыштуулукту  болтурбоо жана алдын алуу максатында Нарын шаардык мэриясынын жана ички иштер бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери боюнча Нарын шаардык Кенешинин  алдындагы “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча” туруктуу комиссиясынын билдирүүсү эске алынсын. 2.      Нарын шаарынын мектеп окуучуларынын  арасында кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алууга  карата шаардык билим берүү бөлүмүнүн (У.Турсунов) кызматкерлери тарабынан жеткиликтүү деңгээлде иш жүргүзүлбөй жаткандыгы жана Нарын шаарындагы №5 К.Жакыпов атындагы орто мектебинин директору А.Жанбоев тарабынан мектеп окуучуларына тарбиялык иштерди жүргүзүүдө, аларга көзөмөлдүк кылууга, мектептин кечки коопсуздугун камсыз кылууда  өз деңгээлинде  иш алып барбай жаткандыгы белгиленсин.

3.      Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин XXIV  чакырлыштагы XVII кезексиз сессиясында  “ Нарын  шаарындагы мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын ала чараларды көрүү жөнүндөгү” №3 токтомун аткаруу боюнча жеткиликтүү иш аракеттерди  көрүү жана токтомдун аткарылышы боюнча Нарын шаардык Кеңешинин 2014-жылдын март айында өтүүчү кезектеги сессиясына маалыматтарды берүү Нарын шаардык мэриясына (С.Эсенаманова), шаардык билим берүү бөлүмүнө (У.Турсунов) шаардык ички иштер бөлүмүнө (М.Турпанбаев) жана шаардын мектеп директорлоруна тапшырылысын.                                                                                                 Ушул токтомдун 9-пункутун аткарууга карата шаардык билим берүү бөлүмү (У.Турсунов) мектеп  жетекчилиги менен бирдикте жана  шаардык ички иштер бөлүмү (М.Турпанбаев) тарабынан ай сайын рейддер жүргүзүлсүн жана маалымат берилсин.

 

4.      Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына (ИДН) бир штаттык бирдикти ачуу жөнүндө шаардык Кеңешке        сунуш берүү Нарын шаардык мэриясына (С.Эсенаманова), шаардык ички иштер бөлүмүнө (М.Турпанбаев) тапшырылсын.

 

 

5.       Шаардык билим берүү бөлүмү  (У.Турсунов) жаш өспүрүмдөр менен мектеп окуучулар  арасындагы кылмыштуулукту  болтурбоо,  аларды алдын алуу максатында аткарып жаткан иш чараларга карата тиешелүү деңгээлде иш кагаздарын  жүргүзулбөй жаткандыгын белгилөө менен  бул ишти колго алууга карата шаардык мэрия (С.Эсенаманова) тарабынан  шаардык билим берүү бөлүмүнүн адистеринин иш аткаруусуна көзөмөлдүк жүргүзүлсүн.6.      Окуучу, ата эне жана мектеп жетекчилигинин  ортосунда тыгыз байланышта иш алып баруу жагы жалпы шаардын мектеп директорлоруна жана окуу тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарларына тапшырылсын.7.      Акыркы жылдарда мектеп окуучулары арасында өз өмүрлөрүн кыюу ( “Суицид”) фактылары катталып жаткандыгына байланыштуу ата эне жана мектеп мугалимдери тарабынан окуучулар менен психологиялык жактан маектешүүлөрдү,  түшүндүрүү иштери  көбүрөөк жүргүзүү  колго алынсын. Бул ишти аткарууда тынымсыз аракет жүргүзүү мектеп директорлоруна тапшырылсын. 8.      Бул токтомдун аткарылышын  камсыз кылуу жана токтомдун аткарылышы боюнча маалымат берүү Нарын шаардык мэриясына (С.Эсенаманова) тапшырылсын.

               Төрага                                                                               Э.Турсуналиев

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга,  билим берүү бөлүмүнө, ички иштер бөлүмунө

Обсуждение закрыто.