НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XVIII СЕССИЯСЫНЫН № 6/7ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XVIII СЕССИЯСЫНЫН

№ 6/7ТОКТОМУ

22-октябрь  2014-жыл                                                                                                                          Нарын шаары

Айтмамбетов Усен Жакшылыковичге Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

Айтмаметов Усен Жакшылыкович 1981-1982-жылдары Нарын шаарындагы айдоочуларды даярдаган атайын мектепте 6 ай окууну бүтүргөн. 1982-1984-жылдары Советтик Армиянын катарына Урал шаарында кызмат өтөп, ага айдоочу болуп, кенже сержант наамына ээ болуп келген.  1985-1990-жылдары Нарын шаарынын “Сүт” заводунда , Нарын шаарындагы күзөт кызматында айдоочу болуп эмгектенген. 1990-1993-жылдары Нарын облустук ички иштер бөлүмүндө милиционер, 1993-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Ички иштер органынын Нарын облусу боюнча жол коопсуздугу кызматынын начальниги болуп эмгектенип келүүдө. 2005-жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш-транспорт жана архитетура университетин сырттан окуп бүтүргөн.

Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жол көзөмөлдөө кызматына өз демилгеси менен азыркы мезгилдин талабына ылайык 6 бөлмөлүү жаңы имарат куруп, мындан сырткары шаардын ичиндеги жол көрсөтмөлөрүн, светофорлорду көбөйтүп жана аларды оң абалга келтирүү үчүн тиешелүү мекемелер менен тыгыз байланышта иштеп, ар кайсыл мекеме, ишканаларга өзүнүн сунуштары менен кайрылып, алгылыктуу иштерди аткарууда.

Айтмамбетов Усен Жакшылыкович кызматтык ишиндеги жетишкениктери үчүн “Милициянын отличниги”, “Жол көзөмөлдөө кызматынын отличниги”, 1,2,3-даражадагы “Азамат” медалы, куралдуу күчтөрдүн медалы, “ИИМнин 80-жылдык” юбилейлик медалы, мамлекеттик, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын“Ардак грамоталары”, баалуу сыйлыктар менен сыйланган.

Айтмамбетов Усен Жакшылыковичтин ички иштер бөлүмүнүн жол коопсуздук кызматындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн сунушунун жана туруктуу комиссиянын протоколдорунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

           

                                                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.      Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жол көзөмөлдөө кызматына кылган үзүрлүү эмгектери үчүн Айтмамбетов Усен Жакшылыковичке  Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын  көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

 

2.      Жобого ылайык Айтмамбетов Усен Жакшылыковичке атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана күбөлүгү ыйгарылсын.

 

           Төрага                                                                                               Э.Турсуналиев 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга , Айтмамбетов Усен Жакшылыковичке

Обсуждение закрыто.