НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XVIII СЕССИЯСЫНЫН № 6/3 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XVIII СЕССИЯСЫНЫН

№ 6/3 ТОКТОМУ

 

22-октябрь  2014-жыл                                                                                                                          Нарын шаары

Айтиев Улан Жамансартовичке  Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө

            Айтиев Улан Жамансартович  1974-жылы 26-сентябрында Ысык Көл облусуна караштуу Тоң районунун Темирканат айылында туулган.1981-жылы Тоң районунун Темирканат айылындагы орто мектебине кирип,1991-жылы мектепти ийгиликтүү аяктаган.1991-1992-жылдары Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы №84 кесипчилик –техникалык окуу жайын бүтүрүп,  шыбакчылык кесипке ээ болгон 1992-1995-жылдары Бишкектеги архитектура жана курулуш колледжин окуп бүтүрүп, ошол  эле жылы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура Университетине 3-курсуна которулуп, 1997-жылы Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын чечими менен “Жылуулук, газ менен камсыздоо жана желдетүү» адистиги боюнча квалификациясына ээ болгон.

            Алгачкы эмгек жолун 1998-2000-жылдар аралыгында Балыкчы шаардык жылуулук берүүү ишканасында мастер жана участка башчысы болуп эмгектенүү менен баштаган.

            2000-2002-жылдары Бишкек шаарындагы асфальтобетон заводунда оператор болуп иштеген.2002-2008-жылдары Бишкек шаардык жылуулук берүү ишканасында инженер жана участка башчысы болуп эмгектенген.

            2008-жылдан ушул күнгө чейин Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесинин директору кызматында иштеп келүүдө.

            Айтиев Улан Жамансартовичтин үзүрлүү эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын Турак жай коммуналдык чарба каарманы” жана бир нече шаардык, облустук жана министрликтин «Ардак грамоталары» менен сыйланган.

            Айтиев Улан Жамансартовичтин өндүрүш тармагындагы эмгектери жана жетишкендиктери үчүн Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча  «Республика» фракциясынын сунушунун жана туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде  Нарын шаардык  Кеңешинин сессиясы

 

                                                          ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Өндүрүш жаатындагы үзүрлүү эмгектери жана жетишкендиктери үчүн  Айтиев Улан Жамансартовичке Жобого ылайык шаардык Кеңештин сессиясында депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
  2. Жобого ылайык Айтиев Улан Жамансартовичке атайын үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.

                                                       

Төрага                                                                                               Э.Турсуналиев

            Жөнөтүлсүн: иш кагазга, У.Айтиевге, «Республика» фракциясына

Обсуждение закрыто.