НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XVIII СЕССИЯСЫНЫН №5 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XVIII СЕССИЯСЫНЫН
№5 ТОКТОМУ

                         22-октябрь 2014-жыл                                                                                                          Нарын шаары

2014-жылдын 9 айына карата Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө
 
            2014-жылдын 1-октябрына карата Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин салык жана салык эмес кирешелердин планы 56677,3 миң сомго бекитилсе, 59008,9 миң сомго же 104,1пайызга же 104,1 пайызга аткарылган. 2013-жылдын 9 айына салыштырмалуу салык жана салык эмес кирешелердин аткарылышы 5066,3 сомго ашык түшкөн. Салык кирешелеринин ичинен киреше салыгына 21866,8 миң сом план берилсе, 19918,1 миң сомго аткарылып, 1948,7 миң сомго кем  же 91,1 пайызга  гана аткарылган. Мындан сырткары Транспорттук каражаттарга салык планды аткарууга 4000,0 миң сом берилсе, 3828,3 миң сомго аткарылып, пландан 171,7 миң сомго кем  же 95,7 пайызга аткарылган.Жер сатууда  375,0 миң сомго пландалса, аткарылышы 20,0  миң сомду түзүп, план 355,0 миң сомго аткарылган эмес.  Таштандыдан түшүүчү жыйым 22,0 миң сомго пландалса, аткарылышы 8,0 миң сомду түзүп,14,0 миң сомго кем  же 36,4 пайызга гана аткарылган. Мындан сырткары атайын каражаттын планы 8625,0 миң сомго бекитилсе, 7970,1 миң сомго аткарылган, тактап айтканда  654,9 миң сомго кем же 92,4 пайызга аткарылган.Шаардык финансы бөлүмүнун берген маалыматына ылайык 2014-жылдын 9 айына карата бекитилген пландан салык жана салык эмес кирешелердин 4 түрүнөн план аткарылган эмес.
            Нарын шаардык Кеңешинин бекитилген иш планына ылайык 2014-жылдын 9 айына карата Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө МСКнын Нарын шаары боюнча башкармалыгынын жана Нарын шаардык финансы бөлүмүн билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
 
                                                                                   ТОКТОМ КЫЛАТ
1.      2014-жылдын 9 айына карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы (Ж.Үрүстөмов), салык башкармалыгынын жетекчиси (К.Насиридинов ) берген маалыматтары эске алынсын.
2.      Жергиликтүү бюджеттин салык, салык эмес жыйымдарынын план тапшырмаларын аткарбаган мекемелердин жетекчилерине чара көрүү жагы Нарын шаардык мэриясына (Р.Адиев) тапшырылсын.
3.      2014-жылдын 9 айына карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша  бөлүгү №1, №2  тиркемелерге ылайык бекитилсин.
4.      Жергиликтүү бюджеттин салык, салык  эмес жыйымдардын жылдык план тапшырмаларын ашыгы менен аткарууга карата жеткиликтүү чараларды көрүү жагы Нарын шаардык финансы бөлүмүнө (Ж.Урустемов), Нарын шаардык салык инспекциясына (К.Насиридинов) милдеттендирилсин.
5.      Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2014-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен Нарын шаардык мэриясынын өткөрлүүчү  иш чараларына 400,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.(тиркеме тиркелет)
6.      Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет,    финансы    жана   экономика, ишкердүүлүк, инвестиция    боюнча “   туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.
   
                   Төрага                                                                                Э.Турсуналиев     
Жөнөтүлсүн : иш кагазга, шаардык мэрияга, шаардык финансы бөлүмүнө, шаардык салык башкармалыгына  

Обсуждение закрыто.