НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XVIII СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                            

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ  XVIII  СЕССИЯСЫНЫН

№  1 ТОКТОМУ

22-октябрь 2014-жыл                                                                                                             Нарын шаары

 

Нарын шаардык Кеңешинин “Ак шумкар”  фракциясынын депутаты Р.Адиевдин депутаттык мандатын токтотуу боюнча берген арызын кароо жөнүндө

 

            Нарын  шаардык Кеңешинин “Ак шумкар ” фракциясынын депутаты  Адиев Рахат Нурдинович Нарын шаарынын мэри болуп шайлангандыгына байланыштуу   депутаттык ыйгарым укугун  мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча  2014-жылдын 15-октябрында  шаардык Кеңешке атайын арыз менен  кайрылган.

                                                                                                           

            Жогорудагылардын негизинде Нарын  шаардык Кеңешинин “Ак шумкар” фракциясынын депутаты  Адиев Рахат Нурдиновичтин  депутаттык ыйгарым укугун  мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арызын карап жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                      ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      “Ак шумкар” фракциясынын депутаты  Адиев Рахат Нурдиновичтин   депутаттык ыйгарым укугун  мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча жазган арызынын негизинде,  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 7-бөлүмүнө ылайык  арызы канаттандырылсын.

 

2.      Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү”   Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, “Ак шумкар” партиясынан Нарын шаардык Кеңешинин депутаттагына талапкерлердин тизмесиндеги кийинки катардагы  талапкер Жакыпов Курманбек Сыдыковичтин депутаттык мандатын таанып берүү жагы Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.  

 

3.      Токтом Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жонөтүлсүн.

   

         Төрага                                                                           Э.Турсуналиев

 

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, БШКга, Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясына

Обсуждение закрыто.