НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫНЫН № 2/13 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ         КЕЗЕКТЕГИ  XVI СЕССИЯСЫНЫН

                                                                          № 2/13 ТОКТОМУ

Бабаев Өскөнаалыга Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

            Бабаев Өсканаалы 1949-жылы Нарын облусундагы Ат-Башы районунун  Казыбек айылында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин  Кыргыз мамлекеттик универститетинин журналистика факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1968-1969-жылдары Казыбек айылында колхозчу болуп иштөө менен баштап, 1969-1973-жылдары Прежевальск шаардык автобазасында жумушчу, 1973-1988-жылдары “Нарын правдасы” газетасында башкы техник телетайпист, сүрөт кабарчысы 1988-1991-жылдары  Тянь-Шань райондук “Жеңиш” газетасында кабарчы, 1991-1992-жылдары  Ысык-Көл облустук “Ала -Тоо таңы” газетасында кабарчы, 1991-1994-жылдары Нарын облустук “Теңир-Тоо” газетасында сүрөт кабарчы, өнөр жай бөлүмүндө кабарчы,1994-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана боорукерлик фондунун облустук бөлүмүнүн башкармасынын оорун басары, Нарын облустук тил коомунун жоопту катчысы, тил коомунун директору, 1998-2000-жылдары Нарын облустук маданият департаментинин башчысынын орун басары, тил фондунун директору, 2000-2005-жылдары Нарын райондук маданият үйүнүн директору, 2005-2010-жылдары Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген.

Иштеген мезгилдеринде Кыргыз Республикасынын “Ардак Грамотасы”, Кыргыз Республикасынын  илим, билим жана маданият министирлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын “Ардак грамотасы” жана “Кыргыз тили” төш белгиси, “Соң- Көлдү Манас жердеген” аттуу фестивалынын диплому, маданияттын  “Мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган. Мындан сырткары СССР журналистер союзунун , СССР “Фото художниктер” союузунун мүчөсү, Бүткүл союздук эл чыгармачылык фестивалынын лаураты, Нарын облусунун энцклопедиясынын түзүүчүсү, Нарын обусунун “Ардактуу атуулу” наамдарынын ээси.

Бабаев Өсканаалынын маданият тармагындагы көп жылдык узүрлүү эмгеги үчүн Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү  Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн сунуш катынын жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                  

                                                                   ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      Маданият тармагындагы  үзүрлүү эмгектери үчүн Бабаев Өскөнаалыга Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан     Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

2.      Жобого ылайык  Бабаев Өсканаалыга  атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси  жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

   

                   Төрага                                                                               Э.Турсуналиев   

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык маданият болүмүнө, Ө.Бабаевге 

Обсуждение закрыто.