НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫНЫН
№2/12ТОКТОМУ
29-август 2014-жыл Нарын шаары
Ыйсаев Токторбек Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү
Ыйсаев Токторбек 1951-жылы 29-декабрында Тянь-Шан районундагы 8-март айылында жумушчунун үй бүлөсүндө туулган. 1968-жылы 8-март айылындагы орто мектепти аяктап, 1971-жылы Нарын медициналык окуу жайынын фельдшердик факультетин аяктаган. 1971-жылы Тянь-Шань райондук борборлоштурулган ооруканасына караштуу Шоро ФАПында фельдшер болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган. Ушул эле жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып 1973-жылга чейин кызмат өтөгөн.
1973-жылы мурунку Тянь-Шань райондук санитардык эпидомологиялык станциясынын жардамчы эпидемиолог врачтын жардамчысы катары иштеген.2008-жылдан азыркы учурга чейин Нарын райондук ооруларды алдын алуу малекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда эпидемиолог врачтын жардамчысынын кызматында эмгектенет. 2010-жылы “эпидемология” адистиги боюнча квалификациялык категория ыйгарылган.
Ыйсаев Токторбек үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүнүн “Ардак грамоталары”, КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин “Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери” төш белгиси, КРнын Саламаттык сактоо кызматкерлеринин Борбордук комитетинин “Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигине сиңирген эмгеги үчүн” төш белгилери менен сыйланган.
Ыйсаев Токторбектин саламаттык сактоо тармагындагы үзүрлүү эмгектери үчүн Нарын райондук Оруларды алдын алуу малекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун администрациясы жана кесиптик бирлигинин сунуш катынын жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ыйсаев Токторбектин саламаттык сактоо тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Жобого ылайык Ыйсаев Токторбекке сессияга катышкан депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгынын негизинде Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2.Жобого ылайык атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.
Төрага Э.Турсуналиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Т.Ыйсаевге, Нарын райондук оруларды алдын алуу малекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна.