НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫНЫН № 11 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН  XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ     КЕЗЕКТЕГИ  XX  СЕССИЯСЫНЫН  

№  11  ТОКТОМУ

19-март  2015-жыл                                                     Нарын шаары

Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагери Сейитказы Андабековдун үйүнө ыплас суу түйүнүн (канализация) кошуп берүү жөнүндө

Нарын  шаардык Кеңешине Нарын шаардык  Кеңешинин “Ата Мекен” фракциясынын депутаттарына Нарын шаарынын С.Андабеков №24 үйүнүн тургуну Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагери,  Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз Республикасынын “өзгөчө эмгеги сиңген  пенсионери”, “Манас” орденинин ээси, II- группадагы майып Андабеков Сейитказы өзү жашап турган үйүнө ыплас суу түйүнүн (канализация) кошуп берүүгө көмөк көрсөтүү үчүн атайын арыз  менен кайрылган.                                                                          Ардагердин арызы Нарын шаардык Кеңешинин 19-март 2015-жылдагы  XX сессиясынын күн тартибине “Ата Мекен” фракциясынын депутаты А.Молдосалиевдин сунушу менен кошумча киргизилип, депутат А.Молдосалиев Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагери,  Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз Республикасынын “өзгөчө эмгеги сиңген  пенсионери”, “Манас” орденинин ээси, II- группадагы майып Андабеков Сейитказынын азыркы күндөгү жаш курагын, тактап айтканда карылык мезгилде баардык шарттагы үйдө жашап туруусуна колдоо көрсөтүү менен, ал жашап турган үйгө ыплас суу түйүнүн (канализация) кошуп берүүнү жана ардагерге Жеңиштин 70 жылдыгына карата Нарын облусунун “Ардактуу атуулу” наамын берүүгө шаардык Кеңштин депутаттардын атынан сунуштоону  жалпы депутардын талкуусуна койду.                    “Ата Мекен” фракциясынын депутаты А.Молдосалиевдин сунушун сессияга катышып жаткан депутаттар бир добуштан колдошуп, ардагердин жашап турган үйүнө  ыплас суу түйүнүн (канализация) кошуп берүүдө   шаардык электр тармактар  жана шаардык суу канал ишканаларынын макулдуктарынын негизинде шаардык мэрияга аткарууга берүүнү айтышкан.       Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык  Кеңешинин“Ата Мекен” фракциясынын депутаты А.Молдосалиевдин сунушун угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      9-Май  Улуу Ата Мекендик  Жеңиштин 70 жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагери,  Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз Республикасынын “өзгөчө эмгеги сиңген  пенсионери”, “Манас” орденинин ээси, II- группадагы майып Андабеков Сейитказынын азыркы күндөгү жаш курагын, карылык мезгилде баардык шарттагы үйдө жашап туруусуна колдоо көрсөтүү менен ардагердин жашап турган үйүнө ыплас суу түйүнүн (канализация) кошуп берүү Нарын шаарынын мэри Р.Адиевге тапшырылсын.

2.      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө  9-Май  Улуу Ата Мекендик Жеңиштин 70 жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагери Андабеков Сейитказыга Нарын облусунун “Ардактуу атуулу” наамына шаардык Кеңешинин аппарат кызматкерлери тарабынан сунуш жиберилсин.

3.      Бул токтомдун 1-пунктун  аткаруу боюнча Нарын шаардык мэриясы (Р.Адиев)  2014-жылдын 1-майына чейин Нарын шаардык Кеңешине маалымат берсин.

4.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Төрага                                                        Э.Турсуналиев

________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө,  шаардык мэрияга,суу канал ишканасына, электр тармактар ишканасына, С.Андабековго

Обсуждение закрыто.