НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫНЫН № 2/8ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ            КЕЗЕКТЕГИ  XVI СЕССИЯСЫНЫН

                                                                            № 2/8ТОКТОМУ

                29-август 2014-жыл                                                                                                 Нарын шаары

Акымбаев Зарылбек Асанбаевичке  Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө

            Акымбаев Зарылбек Асанбаевич1963-жылы 27-февралда Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы В.И.Ленин атындагы колхозунун Дөбөлү аайылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.1980-жылы В.И.Ленин атындагы орто мектепти бүтүп Фрунзедеги Политехникалык институттун айыл чарба курулуш факультетине тапшырып 1985-жылы аяктаган. 2000-жылы Кыргыз Мамлкеттик Улутттук универститетинин Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Эмгек жолун 1985-жылы кыргыз керек жарак союузунун Нарын шаарындагы ПМКсында эмгектенүү менен баштап, аталган ишканада 1994-жылга чейин пландоо техникалык бөлүмүнун инженери, техникалык коопсуздук инженери, комплекстүү жаштар бригадасынын бригадири, курулуш мастери, прораб, 1-категориядагы инженер кызматтарында иштеген. ПМК( механизацияланган  көчмө колоннасында) иштеп жүргөн мезгилде  Нарын шаарынын Теке-Секирик участкасындагы “Сейил Булак” кафесин, “Салкын төр” эс алуу жайындагы Ярмарканы жана спорт аянтчасын, Ат-башы айылындагы “Бакыт” соода борборун (азыркы Дордой Плаза) рестораны, картошка сактоочу жайдын, Нарын шаарынын “Азирет –Али”мечитинин курулуш иштерин бүткөрүүгө катышкан.                                                                                                                                                                         1994-жылдан бери  ички иштер бөлүмүндө кызмат өтөп  Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын, Нарын, Жумгал, Ак-Талаа, Ат-Башы райондук, Нарын шаардык   экономикалык кылмыштуулука каршы күрөшүү тобунун ага ыкчам өкүлү, Нарын  облустук ички иштер башкармалыгынын Кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүүчү бөлүмунүн өзгөчө маанилүү иштери боюнча ага ыкчам өкүлү, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүүчү бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, КРнын ИИМнин Нарын облусундагы өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага ыкчам өкүлү, ыкчам өкүлү, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын байланыш тобунун ага инспектору, уюштуруу инспектордук болүмүнүн ага инспектору, Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук тартипти сактоо бөлүмчөсүнүн ага аймактык тескөөчүсү болуп иштеп келген. 2011-жылдын ноябрь айынан бүгүнкү күнгө чейин Нарын шаардык ички иштер болүмунүн начальнигинин өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары.                                                                                                                                 Акымбаев  Зарылбек  өз милдетинен сырткары шаарда болуп жаткан ар кандай иш чараларда калктын, мамлекеттик делегациянын коопсуздугун, саясий кырдаалды стабилдүү сактоого ар дайым катышып өз активдүүлүгүн көрсөтүп келет.Мындан сырткары өспүрүм кезинен спорт оюундарына кызыгып, студент мезгилинде, кызматта жүргөндө жа бир нече ирээт спорттук мелдештерге катышып байгелүү орундарга ээ болуп бир катар сыйлыктардын, футбол оюуну боюнча 2 жолу күмүш,  2 жолу коло медалдын ээси.Ички иштер бөлүмүндө ар кандай иш чараларга катышып алдынкы орунду камсыз кылып келген.

                Акымбаев  Зарылбек  Асанбаевич  курулуш тармагында жана ички иштер бөлүмүндө иштеген мезгилдерде эмгеги бааланып  КР ИИМ мыкты кызматкери төш белгиси,КРнын ИИМнин БХСС-70 жыл төш белгиси, Азамат-2, 3-даражадагы медалдары , КР милициясына 85 жыл юбилейлик медалы, “Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке  60 жыл” юбилейлик медалы, Афган согушунун ардагерлеринин “За заслуги” медалы, Нарын шаардык мэриясынын, Нарын облустук, Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн “Ардак Грамоталары”менен сыйланган.                                                                                                                            Акымбаев  Зарылбек  Асанбаевичтин курулуш тармагындагы, ички иштер бөлүмүндөгү көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү  Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                             ТОКТОМ КЫЛАТ

1.       Курулуш тармагындагы, ички иштер бөлүмүндөгү  үзүрлүү эмгектери үчүн Акымбаев Зарылбек Асанбаевичке Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын  көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан     Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

2.       Жобого ылайык Акымбаев Зарылбек Асанбаевичке   атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси  жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

   

                   Төрага                                                                                                            Э.Турсуналиев  

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, ички иштер бөлүмүнө, З.Акымбаевге

Обсуждение закрыто.