НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫНЫН № 2/5ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ                 КЕЗЕКТЕГИ  XVI СЕССИЯСЫНЫН

                                                                          № 2/5ТОКТОМУ

                29-август 2014-жыл                                                                                                           Нарын шаары

 

 Сыдыков Дүйшалыга  Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө

 

            Сыдыков Дүйшалы  1939-жылы Ат –Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин 1958-1963-жылдары Фрунзедеги политехникалык институттун горно-геологиялык  факультетин бүтүргөн.1963-1965-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келген. Эмгек жолун 1966-жылы Нарын ПЭСинде инженер гидротехник болуп иштөө менен баштаган.1966-1991-жылдары Нарындагы №87 кесиптик окуу жайында директордун окуу өндүрүш иштери боюнча орун басары ,андан кийин №88 кесипчилик техникалык окуу жайында директордун окуу иштери боюнча орун басары болуп иштеп келген.

 

            1995-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ардактуу эс алууда.Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен “Знак почета” ордени, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Указы менен  “Ардак Грамота” менен сыйланган. Мындан сырткары Профтехобразования СССРдин “Отличниги” төш белгиси, СССР Профтехобразованиясынын “Ардак Грамотасы”,бир нече жолу ЦК ЛКСМдын  “Ардак Грамоталары”, Кыргызстан Ысык-Көл облустук билим берүү башкармалыгынын, Нарын горкомпартиясынын, Нарын облустук эл депутаттарынын “Ардак Грамоталары” менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын өкмөттүк комиссиясынын кортунудусунун негизинде “Персоналдык пенсионер” болгон.

            Сыдыков Дүйшалынын кесиптик окуу жайларындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн  Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү Достук көчөсүнүн жашоочуларынын сунушунун жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун нешизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                   ТОКТОМ КЫЛАТ

 

 

1.      Сыдыков Дүйшалынын кесиптик окуу жайларындагы көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн   Жобого ылайык  сессияга катышкан депутаттардын  добуш берүүсүнүн жыйнтыгынын негизинде    Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

2.      Жобого ылайык Сыдыков  Дүйшалыга    атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

 

 

   

                   Төрага                                                                               Э.Турсуналиев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Д. Сыдыковго

Обсуждение закрыто.