НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫНЫН № 2/4 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ                  КЕЗЕКТЕГИ  XVI СЕССИЯСЫНЫН

                                                                          № 2/4 ТОКТОМУ

                29-август 2014-жыл                                                                                                            Нарын шаары

 

Абубакирова Бану Комаровнага  Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө

 

Абубакирова Бану Комаровна 1946-жылы туулган.

1962-1963-жылдары Фрунзе шаарындагы №2 школа интернатта кенже кызматкер, 1963-1964-жылдары Фрунзе шаарындагы  “Суусамыр” ресторанында кондитердин окуучусу, 1966-1967-жылдары Кожзавод №1де таңгактоочу , 1966-1967-жылдары Нарын горторгунда универмагда сатуучу болуп эмгектенип, 1968-1971-жылдары Нарын медициналык окуу жайын бүтүргөн. 1971-1974-жылдары Нарын саламаттык сактоо башкармалыгында адистер бөлүмүнүн улуу инспектор болуп иштеген.

            1974-жылдан ушул убакка чейин Нарын облустук бириктирилген ооруканасында эмгектенип келе жатат.

            Абубакирова Бану Комаровна Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун отличниги, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин , Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын ,  Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын , Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын , Нарын шаардык мэриясынын “Ардак грамоталары”, Нарын шаардык бириккен аскер комиссариятынын грамотасы, “СССРдин эне медалы” жана “СССРдин эмгек ветераны” медалдарынын ээси.

            Абубакирова Бану Комаровнаны  саламаттык сактоо тармагындагы үзүрлүү эмгеги үчүн Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын эмгек жамаатынын сунуш катынын жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

 

1.      Саламаттык сактоо тармагындагы үзүрлүү эмгеги үчүн Абубакирова Бану Комаровнага Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк  добушуна ээ болгондуктан Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

 

2.      Жобого ылайык Абубакирова Бану Комаровнага  атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

 

 

 Төрага                                                                                                                    Э.Турсуналиев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Б.Абубакировага, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына

Обсуждение закрыто.