НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XV СЕССИЯСЫНЫН № 11 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН   XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ                 

XV  СЕССИЯСЫНЫН

№  11 ТОКТОМУ

16-июль 2014-жыл                                                                                                               Нарын шаары

 

   Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Э.Турсуновдун жеке маселеси жөнүндө

 

                     Нарын шаарындагы орто мектептериндеги башталгыч класстардын окуучуларына жана бала бакчаларда тарбияланып жаткан балдарга берилип жаткан тамак-аштын сапаттуулугу жана санитардык абалдын сакталышы жөнүндөгү маселе Нарын шаардык Кеңешинин иш планына киргизилип, май айында шаардык Кеңештин алдындагы “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан жеринде каралып,  июль айында өтүүчү шаардык Кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилген. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.Турсунов жана орун басары А.Ашыралиева  шаардык мэрияга, шаардык Кенешке билдирүү бербестен, эмгек өргүүсүнө чыгышкан.

                  Шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси жана орун басары жок болгондуктан  сессияда каралуучу маселе үзгүлтүкө учурап, маселе сессиянын күн тартибинен аргасыздан алынган. Бир учурда шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси жана орун басары жергиликтүү бийлик менен  эч макулдашуусуз эмгек өргүүсүнө чыгып кетишкендиктерин белгилеп,  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                                                                                ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.       Нарын шаардык мэриясынын вице мэри С.Эсенамановага тейлеген тармагынын бири болгон шаардык билим берүү бөлүмүнүн ишине көзөмөлдүк жазабагандыгы белгиленсин.

 

2.       Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.Турсунов өзүнө тапшырылган милдетин так аткарбастан  ишке кош көңүл мамиле жазагандыгы жана сессияда каралуучу маселени үзгүлтүкө учураткандыгы үчүн кызмат абалын кароо жагы шаардык мэрияга (С.Эсенаманова) милдеттендирилсин.

 

3.       Бул токтомдун аткарылышы  боюнча маалымат берүү жагы шаардык мэрияга (С.Эсенаманова) тапшырылсын.

 

   

               Төрага                                                                    Э.Турсуналиев   Катоо№2014-28

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, юстиция башкармалыгына 

Обсуждение закрыто.