НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XV СЕССИЯСЫНЫН № 5 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН   XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ          XV  СЕССИЯСЫНЫН

№  5 ТОКТОМУ

16-июль 2014-жыл                                                                                                            Нарын шаары

Нарын  шаарындагы бала бакчаларга  Кытай боз үйүн сатып берүүгө акча каражатын чечип берүү жөнүндө

 

            Нарын шаардык  Кеңешинин кезектеги сессиясынын күн тартибине шаардык Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты  Э.Аскаров тарабынан кошумча маселе киргизилип, бул маселеде  депутат А.Аскаров Нарын шаардык мэриясы тарабынан шаардык Кенештин алдындагы “Бюджет,    финансы    жана   экономика, ишкердүүлүк, инвестиция    боюнча”    туруктуу  комиссиясынын отурумунда каратпастан,  шаардагы 5 бала бакчага Кытай боз үйүн  жеке ишкерден кырызга алынгандыгын жана мындай көрүнүш биринчи эле жолу болбогондугун белгилеп, шаардык мэрияга чара көрүү керектигине  токтолду.

            Шаардык мэриясы    1-июнь Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата Кыргыз Республикасынын экс президенти Р.Отунбаеванын “Мектепке чейинки билим берүү” долбоорунун  бири болгон “Жайлоо шартындагы балдар бакчасын”  ишке ашыруу максатында  5 бала бакчага Кытай өндүрүшүнөн чыккан  5 боз үйдү жеке ишкерден , ар бирин 23,0 миң сомдон баалап карызга алышкан. Бугүнкү кундө “Долоон” жайлоосунда жана “Сейил Булак”  аймагында “Жайлоо шартындагы бала бакчалары” уюштурулуп 70 бала тарбияланууда.

Депутат Э.Аскаровдун күн тартибине кошумча киргизилген маселе боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      Шаардагы бала бакчаларга шаардык Кеңештин алдындагы “Бюджет,    финансы    жана   экономика, ишкердүүлүк, инвестиция    боюнча”    туруктуу  комиссиясына билдирүү бербестен, жергиликтүү бюджеттин акча каражатынын мүмкүнчүлүгүн эске албастан,  Кытай өндүрүшүнөн чыккан боз үйлөрдү карызга алгандыгы үчүн,   Нарын  шаардык мэриясынын кемчилиги  белгиленсин.

2.      Нарын шаардык мэриясына (А.Суранов) мындай көрүнүштөрдү кайталабоо жагы эскертилсин жана мындан ары Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

3.      Нарын шаарындагы 5 бала бакчасына жана “Таза-Нарын” ишканасына ритуалдык кызмат үчүн 1 Кытай өндүрүшүнөн чыккан боз үйлөрдү сатып алууга акча каражатын чечип берүү жагы шаардык Кеңештин алдындагы “Бюджет,    финансы    жана   экономика, ишкердүүлүк, инвестиция    боюнча”    туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

   

                   Төрага                                                                   Э.Турсуналиев  Каттоо№2014-22

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, туруктуу комиссияга , юстиция башкармалыгына

Обсуждение закрыто.