НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XIV СЕССИЯСЫНЫН
№ 3 ТОКТОМУ
29-май 2014-жыл Нарын шаары
“Мамлекеттүүлүктү бекемдөө” жылына жана Нарын шаардык Кеңеши, Нарын шаардык мэриясынын уюшулгандыгынын 10 жылдыгына карата Республикалык деңгээлдеги Республиканынын шаардык Кеңештеринин депутаттарынын жана мэрия кызматкерлеринин ортосунда кичи футбол турнирин өткөрүүнү уюштуруу маселеси жөнүндө
“Мамлекеттүүлүктү бекемдөө” жылына жана Нарын шаардык Кеңеши, Нарын шаардык мэриясынын уюшулгандыгынын 10 жылдыгына карата Республикалык деңгээлде Республиканынын шаардык Кеңештеринин депутаттарынын жана мэрия кызматкерлеринин арасында кичи футбол турнирин өткөрүүнү уюштуруу маселеси каралып, бул иш чараны аткаруу максатында шаардык Кеңештин буйругунун негизинде депутаттык комиссия түзүлгөн.
Сессияда уюштуруу комиссиясы шаардык Кеңештин кезексиз сессиясынын күн тартибине кичи футбол турнирин өткөрүү иш чарасына сарпталуучу акча каражатын чечип берүү маселесин сунуштап, депутаттар тарабынан талкууга алынып, бул акча каражаты 2014-жылдын 1-январына карата Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө ашыкча түшкөн акча каражатынан каржылоо жагы сунушталды. Нарын шаарынын 2014-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен, «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы -экономикалык негиздери жөнүндөгү» Мыйзамдарына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин 13-март 2014-жылдагы №8-б буйругу менен түзүлгөн депутаттык комиссиянын сунуштарын эске алып Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө” жылына жана Нарын шаардык Кеңеши, Нарын шаардык мэриясынын уюшулгандыгынын 10 жылдыгына карата Республикалык деңгээлде Республиканынын шаардык Кеңештеринин жана аппарат кызматкерлеринин арасында кичи футбол турнирин өткөрүү иш чарасын аткаруу максатында «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы -экономикалык негиздери жөнүндөгү» Мыйзамдарына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын жана Нарын шаардык Кеңешинин 13-март 2014-жылдагы №9-б буйругу менен түзүлгөн депутаттык комиссиясынын сунуштарынын негизинде 2014-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен 150,0 ( бир жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө” жылына жана Нарын шаардык Кеңеши, Нарын шаардык мэриясынын уюшулгандыгынын 10 жылдыгына карата Республикалык деңгээлде Республиканынын шаардык Кеңештеринин депутаттарынын жана мэриянын аппарат кызматкерлеринин арасында кичи футбол турнирин өткөрүүнү уюштуруу жана өткөрүү Нарын шаардык Кеңешинин 13-март 2014-жылдагы №8-б буйругу менен түзүлгөн депутаттык комиссияга жана Нарын шаардык Кеңешинин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нарын шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси А.Абдыкеримовго милдеттендирилсин.
Төрага Э.Турсуналиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, депутаттык уюштуруу комиссиясына