НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XIV СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                                     

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ  XIV  СЕССИЯСЫНЫН

№  1 ТОКТОМУ

29-май 2014-жыл                                                                                                                              Нарын шаары

Нарын шаардык Кеңешинин “Республика”  фракциясынын депутаты Н.А.Молдокадыровдун депутаттык мандатын токтотуу боюнча берген арызын кароо жөнундө

 

            Нарын  шаардык Кеңешинин “Республика” фракциясынын депутаты  Молдокадыров Нурбек Асыранкулович депутаттык ыйгарым укугун  мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арыз менен кайрылган. Арыздын негизинде Нарын шаардык Кеңеши Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарын райондук жана шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлүнө жана Нарын аймактык шайлоо комиссиясына кат жөнөтүлгөн.

            2014-жылдын 22-майында Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарын райондук жана шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлүнөн  “Республика” фракциясынын депутаты  Молдокадыров Нурбек Асыранкуловичтин  депутаттык ыйгарым укугун  мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 7-бөлүмүнө ылайык  Нарын шаардык Кеңеши тарабынан чечим чыгарылып,  Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясына  жиберүү жагы көрсөтүлгөн.

            Жогорудагылардын негизинде Нарын  шаардык Кеңешинин “Республика” фракциясынын депутаты  Молдокадыров Нурбек Асыранкуловичтин депутаттык ыйгарым укугун  мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арызын карап жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      “Республика” фракциясынын депутаты  Молдокадыров Нурбек Асыранкуловичтин  депутаттык ыйгарым укугун  мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча жазган арызынын негизинде,  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 7-бөлүмүнө ылайык  депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

 

2.      Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”   Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынан  бош калган мандат оордун ээлөө боюнча кийинки талапкерге  чечим чыгарып берүү жагы суралсын.

 

   

         Төрага                                                                           Э.Турсуналиев

 

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, БШКга, Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясына

Обсуждение закрыто.