НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XII СЕССИЯСЫНЫН
№ 5 ТОКТОМУ
3-аперель 2014-жыл Нарын шаары
Нарын шаарындагы №1, №2 маршрутунда жүргүнчүлөрдү тейлеген кичи автобустардын жана троллейбустардын жүргүнчүлөрдү тейлөөдө жол киресинин тарифин көтөрүү боюнча.
Нарын шаардык Кеңешине жана Нарын шаардык мэриясына шаардагы №1, №2 маршрутунда жургүнчүлөрдү тейлеген “Нарынжолтранс” жоопкерчилиги чектелген коому шаардагы кичи автобустардын (БУС) күйүүчү жана майлоочу майлардын жана автотетиктердин күн сайын кымбаттап жаткандыгына байланыштуу, жүргүнчүлөрдүн жол киресин чоң кишилерге 10 сом, студенттерге 8 сом, окуучуларга 5 беш сом өлчөмүндө бекитип берүү сунушу менен кайрылышкан.
Сунуш шаардык Кеңештин алдындагы Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна коюлуп , туруктуу комиссия тарабынан талкууга алынып, шаардык мэрия тарабынан бул маселе боюнча иш кагаздарын карап, толуктоо жагы тапшырылыган.
3-апрель 2014-жылдагы Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы XII сессиясында туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Байгубатов тарабынан Нарын шаарындагы №1, №2 маршрутунда жүргүнчүлөрдү тейлеген кичи автобустардын жана троллейбустардын жүргүнчүлөрдү тейлөөдө жол киресинин тарифин көтөрүү боюнча маселеси күн тартибине кошумча киргизилип депутаттардын талкуусуна коюлган.
Сессияда жогорудагы маселе боюнча “Нарынжолтранс” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилиги, №1, №2 маршрутунда жүргүнчүлөрдү тейлеген кичи автобустардын айдоочулары, Нарын шаардык мэриясынын жоопту кызматкерлеринин жана шаардык Кеңештин депутаттары тарабынан талкууга алынып, тарифти көтөрүү боюнча бир катар сунуштар айтылган .
Нарын шаарындагы №1, №2 маршрутунда жүргүнчүлөрдү тейлеген кичи автобустардын жана троллейбус ДЭПОнун жүргүнчүлөрдү тейлөөдө жол киресинин тарифин көтөрүү боюнча айтылган сунуштарды угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добуш берүүсүнүн негизинде Нарын шаарындагы №1, №2 маршрутунда жүргүнчүлөрдү тейлеген кичи автобустардын жүргүнчүлөрдү тейлөөдө жол киресинин тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин.
· Чоң кишилерге 8 (сегиз сом);
· Студенттерге 6 (алты сом);
· Окуучуларга 5 (беш сом);
2.Сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добуш берүүсүнүн негизинде Нарын шаарындагы троллейбус ДЭПОсу жургүнчүлөрдү тейлөөдө жол киресинин тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин.
· Жалпы жүргүнчүлөргө 5 ( беш сом);
Ал эми Нарын шаарындагы орто мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларынын жол киреси Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана Нарын троллейбус ДЭПОсунун ортосунда түзүлгөн акт сверкасынын негизинде которулуп берилсин.
3. Нарын шаарындагы №1, №2 маршрутунда жүргүнчүлөрдү тейлеген кичи автобустардын жана Нарын шаардык троллейбус ДЭПОсунун жогорудагы бекитилген тарифтерди колдонуу, токтом облустук юстиция башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укутук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык ченемдик укуктук актылардын реестирине киргенден кийин ишке ашырылсын.
4. Нарын шаарындагы №1, №2 маршрутунда жүргүнчүлөрдү тейлеген кичи автобустардын жүргүнчүлөрдү тейлөөдө жайкы мезгилде эртең мененки 7-15тен кечки 19-30га мындан сырткары жайкы мезгилде кечкисин 20-00дөн 23-00гө чейин, ал эми кышкы мезгилде эртең мененки 7-15тен 19-30га, кечкисин 19-30дан 22-00гө чейин калкты тейлөө жагы милдеттендирилсин.
5. Нарын шаарындагы №1, №2 маршрутунда жүргүнчүлөрдү тейлеген кичи автобустардын жүргүнчүлөрдү аялдамалардан гана алып кетүү жана аялдамалардан түшүрүү жагы айдоочуларга милдеттендирилсин.
6. Шаар элин маршруттук каттамдар менен сапаттуу тейлөөнү камсыз кылуу, көзөмөлдүктү күчөтүү, шаардык транспорт департаментинин ишин реформалоо жана тыгыз байланышта иш жүргүзүү жагы шаардык мэрияга (А.Суранов) милдеттендирилсин.
7. Бул токтомду аткаруу жана массалык маалымат каражаттары (телевидение, радио, газета) аркылуу Нарын шаарынын тургундарына билдирүү берүү Нарын шаардык мэриясына, ал эми токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Э.Турсуналиев Каттоо№2014-10
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, “Нарынжолтранс” жоопкерчилиги чектелген коомуна, Нарын шаардык трооллейбус ДЭПОсуна.