НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XII СЕССИЯСЫНЫН
№ 4 ТОКТОМУ
3-аперель 2014-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын парктарындагы бак дарактарга, жашыл аянттарга зыян келтирген шаар тургундарынын мал-жандыктарына, бак дарактарды кыйган жеке жана юридикалык жактарга айып акы салуунун тарифин бекитүү жөнүндө
Нарын шаарында шаар жашоочулары тарабынан мал кармоонун эрежелери одоно бузулуп, жайкы мезгилдерде бодо жана майда жандык малдар жайлоого чыгарылбай, ээн кое берилгендиктен шаардын жашыл аянттары, парктар, жаңы тигилген бак дарактарына көчөттөрүнө, гүлдөргө зыян келтирилүүдө.
Нарын шаардык мэриясы, Нарын шаардык жашылдандыруу мекемеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-май 2013-жылдагы №224 токтомуна ылайык шаардагы парктарга, жашыл аянттарга, скверлерге кирген малдын түрүнө жана бак дарактарга, бадалдарга уруксаатсыз зыян келтирген жактарга айып салуунун өлчөмүн сессияда карап, бекитип берүү сунуш каты менен кайрылышкан.
Сунуш кат шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” туруктуу комиссиясынын кароосуна коюлуп, туруктуу комиссия өз отурумунда бул маселени шаардык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибине киргизүү боюнча сунуштарын билдиришкен.
Нарын шаардык мэриясынын, Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин жана Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” туруктуу комиссиясынын сунуштарынын негизинде шаардык Кеңештин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-май 2013-жылдагы №224 токтомуна ылайык Нарын шаарындагы парктарга, жашыл аянттарга, скверлерге кирген малдын түрүнө жана бак дарактарга, бадалдарга уруксаатсыз зыян келтирген жеке жана юридикалык жактарга айып салуунун өлчөмү тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет).
2. Шаардагы парктарга, жашыл аянттарга, скверлерге кирген малдын түрүнө жана бак дарактарга, бадалдарга уруксаатсыз зыян келтирген жактарга айып салууда түшкөн акча каражаты Мыйзам чегинде такталып, кириштелсин жана шаардык жашылдандыруу мекемеси (А.Токонов), шаардык финансы бөлүмү (Ж.Урустемов) тарабынан көзөмөлдүкө алынсын.
3. Бул токтомдун аткаруу Нарын шаардык мэриясына (А.Суранов) тапшырылсын.
Төрага Э.Турсуналиев Каттоо№2014-9
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, жашылдандыруу мекемесине