Нарын шаарынын Көтөрмө аймагындагы М.Исаков көчөсүндөгү скверге Алмаз уулу Бейкуттун ысымын ыйгаруу жөнүндө ТОКТОМ ДОЛБООРУ

ДОЛБООР

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Нарын шаарынын  Көтөрмө аймагындагы М.Исаков көчөсүндөгү скверге Алмаз уулу Бейкуттун ысымын ыйгаруу жөнүндө

       Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын, Нарын шаардык Кеңешинин  Регламентине, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катына, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, коомдук эмес уюмдар, массалык маалымат каражаттары боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарындагы Көтөрмө аймагындагы М.Исаков көчөсүндөгү скверге Баткендеги куралдуу кагылышууда каза болгон Алмаз уулу Бейкуттун ысымын ыйгарууга депутаттардын макулдугу берилгенден кийин, сквер Алмаз уулу Бейкут атындагы сквери деп аталсын.
  2. Сквердин ичин жасалгалоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жарыктандыруу, инфратүзүмүн жакшыртуу жана башка оңдоп түздөө иштерин Нарын шаардык мэриясына жана Нарын шаардык жашылдандыруу муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                А.Молдосалиев

 

 

Добавить комментарий