Нарын шаарынын Ленин көчөсү №182 б дарегинде жайгашкан жеке менчик 4200 чарчы метр жер аянтын П-1 зонасынан Ц-2 зонасына которууга макулдук берүү жөнүндө

Долбоор

 

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

       ТОКТОМУ

 

Нарын шаарынын Ленин көчөсү №182 б дарегинде жайгашкан жеке менчик    4200 чарчы метр жер аянтын П-1 зонасынан Ц-2 зонасына которууга макулдук берүү жөнүндө

        Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына, “Нарын шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелерине” ылайык, Нарын шаардык мэриясынын катынын, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечиминин  негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.Нарын шаарынын Ленин көчөсү №182 дарегинде жайгашкан 4200 чарчы метр жер аянтын П-1 (өнөр жай жана өндүрүш ишканаларынын) зонасынан  Ц-2 (жергиликтүү маанидеги калкты тейлөө жана коммерциялык иш борборунун) зонасына которууга макулдук берилсин.

2. Мыйзам чегинде тиешелүү документтерин, иш кагаздарын бүткөрүү жеке менчик ээсине жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                             А.Молдосалиев

 

Добавить комментарий