НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXXI СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

 

shapka-toktom

  НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН    XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ        

        XXXI  СЕССИЯСЫНЫН                                  №  1  ТОКТОМУ                                                           

23-март 2016-жыл                                                                                                             Нарын шаары

Нарын шаарынын мэриясынын 2015-жыл ичиндеги жүргүзгөн иштери жөнүндө  Нарын шаарынын мэринин отчету

Нарын шаарында 2015-жылы экономика, өнөр-жай тармагы боюнча 2016-жылдын 1-январына карата 696 млн.73 миң сом өнөр жай продукциялары өндүрүлүп, физикалык көлөмүнүн индекси  94,0 пайызды түзүп, өткөн  жылга салыштырмалуу 48 млн. 263 миң сомго ашыкча продукция өндүрүлгөн. Чекене товар жүгүртүүнүн көлөмү 2млрд. 11 млн. сомду түзүп,  112,0 пайызга аткарылып, өткөн   жылга салыштырмалуу 215 млн.339 миң  сомго өсүш берген. Калкка акы алып кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 584,5 млн. сомго аткарылып,101,6 пайызды түзүп, же былтыркы жылга салыштырмалуу 16 млн. сомго өсүш берген. 2015-жылы шаар боюнча жүк ташуучу транспорттун бардык түрү менен жүк ташуу өткөн жылга караганда 105,0 пайызга аткарылып, 284,3 миң тн. түзгөн. Жүргүнчүлөрдү ташуу 3 488,0 миң жүргүнчү ташылып, өсүш темпи  104,4 пайызга аткарылган.

 Салык тармагы боюнча 2015-жылга карата мамлекеттик бюджеттин  киреше  бөлүгү салыктар  жана салык  эмес  жыйымдар боюнча  186565,5 миң сом план тапшырма берилип, ал 193870,4 миң сомго аткарылып, же 103,9  пайызды түзгөн,  7305,9 миң сомго көп салык жыйналган.

Мунун  ичинен республикалык бюджетке 93533,4 миң сом план тапшырма берилип 96865,6 миң сом, же 103,6 пайызга, ал эми жергиликтүү бюджетке 93032,1 миң сомго план берилип, 97004,8 миң сомго түшүп же 104,3 пайызга аткарылган.

Нарын шаарынын 2014-2017-жылдарга туруктуу өнүгүү программасы боюнча «Жол картасына  жалпысынан  2 млрд 581 млн 536,0 миң сомдук111 долбоорду ишке ашыруу пландаштырылып,  2014-2015-жылдары  бардыгы    58 долбоор ишке  ашырылып,  1млрд. 608 млн 173 миң  сомго  мамлекеттик жана жеке инвестициялар тартылып иш жүргүзүлгөн. Мындан сырткары «Таза-Нарын» ишканасына  1 атайын  автотехника баасы 3470,0 миң сом(экологиялык фонд жана жер.бюджет), суу канал  ишканасына  1 экскаватор  баасы 1600,0миң сом,1сваркалык  аппарат баасы 280,0миң сом (АРИС жана жер.бюджет) жана 1 «Портер»  автомашинасы баасы  475,0миң.сомго алынып келинген.                                                                                            Муниципалдык менчик департаменти бүгүнкү күндө Нарын шаары боюнча 76 обьект жана инфраструктуралар  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдагы №827 токтому менен муниципалдык менчике берилген. Аларга мектептер, бала бакчалар, спорт мектептери, шаардык мончо, УКСтын имараты, автомектеп, шаардык суу канал жана жылуулук ишканаларынын имараттары жана 39 инфраструктуралар (жолдор, парктар, скверлер, суу алуучу жайлар, от каналар, ж.б) кирет. Азыркы  учурда 27  обьект оперативдик  башкарууга  берилген алар  мектептер, бала  бакчалар, спорт  мектептери.   Шаар боюнча 879 жер аянты, муниципалдык обьектилер арендага берилген. Айланасын жашылдандырууга   АЗСтин  орду   8 жеке ишкерге, гараж, склад коюу  үчүн 312 шаардын жашоочуларына,  соода  павилион  орнотууга 322 ишкерге, огород  катары  пайдалануу  үчүн  214 шаардын тургундарына , автоунаа  жуучу  жайлар үчүн 4 ишкерге, рекламалык шит  орнотууга   рекламалык  агенттиктерге 13  орун жана мобилдик  түйүндөр  үчүн антенна орнотууга 6 орун  берилген. Шаардык муниципалдык менчик департаментине 2015-жылы муниципалдык менчикте турган жер аянттарын ижарага берүү боюнча 3500,0 миң сомго план тапшырма берилип , иш  жүзүндө  4534,3 миң сомго аткарылып,  129,6 пайызды түзгөн. 2015-жылы жер аянтын сатуудан 124,0 миң сом жергиликтүү  бюджетке түшүрүлгөн.  Бардыгы  2015-жылы  бюджетке  4658,6 миң сом которулуп, жергиликтүү бюджетке  өткөн  жылга салыштырмалуу 2325,3 миң сом көп түшүрүлгөн.  2015-жыл ичинде 8 жолу курулуш куруу жана жер пайдалануу комиссиясынын отуруму өткөрүлүп, 97 маселе каралып 61 маселе канаттандырылып, 14298,6 чарчы метр  жер аянты убактылуу ижарага берилген. Жеке менчик турак жай курууга жер участокторун берүү  боюнча комиссиянын  4 жолу отуруму өткөрүлүп 78  маселе  каралып, тизме боюнча  кезекте турган 68  адамга  жер  участогу  берилген.                                2015-жылы  6 жаңы аялдама  250,0 миң  сомго, 17 жарнамалык такта 1 млн 95 миң сомго  жасалып коюлган. Шаардын борбордук базарынын  айланасын ирээтке келтирүү боюнча шаардык мэриянын 11.02.2014-жылдагы №39-б буйругу  менен комиссия  түзүлүп,базардын айланасындагы Шуллер жана Орозбак көчөлөрүндө башаламан соода кылуучуларды заманбап «Он-Арча» жана  «Чолпон» соода комплекстерине  киргизүү боюнча түшүндүрүү  иштери жүргүзүлгөн.  Борбордук базардын айланасындагы жайма  базар кылып соода  кылган  жарандарга 50  жолу  билдирүүлөр берилип, эскертилип, комиссия  менен бирдикте  башка жакка  көчүрүлүп , Шуллер  көчөсүнүн  «Чолпон»  базары тарабына темир  тосмолор коюлуп,    48,0 миң сомго  жол  белгилери коюлган. 

Көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалык багытында Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» жана шаардык жашылдандыруу ишканалары тарабынан шаарды көрктөндүрүү, тазалоо боюнча бир катар иштер аткарылган.  Ленин көчөсүндөгү  бир топ көп кабаттуу үйлөрдүн сырткы беттери ар  кандай түзгө акиленген.

 Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 362,4 миң сомго шаардын 10 көчөсүнө жалпы 109 түнкү  фонарлар жаңы орнотулуп, борбордук  Т.Усубалиев атындагы  аянтка заманбап  Кореялык  түнкү  фонарлар коюлган.

Ленин көчөсүнө  2  заманбап цифралык   светафор жана  шаардын  3 мерчемдүү жерине  видеокамералар  орнотулган. Шаардын санитардык тазалыгын сактоону камсыз кылуу багытында таштанды төгүү боюнча 225 точка уюштурулуп, мунун 210 точкасына 295 контейнер коюлуп, ал эми 15 точкасы бетон тосмоолор менен тосулган. Жалпы таштанды чыгаруу боюнча автомашиналардын 8 маршруту түзүлүп, график  менен 2015- жыл ичинде таштанды үчүн элден жана мекеме ишканалардан 2571,1 миң сом чогултулуп, 144,4миң сомго элге кызмат көрсөтүлгөн . Мекеменин жалпы кызмат көрсөтүүсүнүн кирешеси 2993,2 миң сомду түзөт.2015-жыл ичинде шаардын  27  ички көчөлөрүнө  131  автомашина же 1572м3   балласт  төгүлүп,  түздөө  иштери  жасалган.Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасына 2015-жылы жергиликтүү бюджеттен 23366,9,0 миң сом каржыланган. Апрель айынан баштап 13278 бак-дарактар акиленип, 4 миң метрден ашык арыктар, өткөөлдөр тазаланып, парктардагы, скверлердеги жана көчө жээгиндеги бактар сугарылган. Шаар ичине  2000 ден ашык тал-теректин, 300 карагайдын көчөттөрү, көчө жээктерине жана парктарга тигилип, шаардын борбордук аянтына, пактарга, скверлерге ар кандай  гүлдөрдүн 26279 түп көчөттөрү олтургузулган. Шаардын чыгыш тарабына «Ынтымак» сквери уюштурулуп, 37 даана тянь-шань карагайы, 110 даана терек жана 70 талдын көчөттөрү отургузулуп,  айлана тегереги  425,0миң  сомго  тосулуп  бүткөррүлгөн.

 Жергиликтүү  бюджеттин эсебинен 250,0 миң сомго мекеменин  жарым  бөлүгүндөгү бөлмөнү гүл  өстүрүүчү күнөсканага кайрадан куруп ,гүл  өстүрүүгө даярдалып,  мекеменин өз  күчү  менен Ж.Акималиев паркына  фонтан  чыгарылган. Бүгүнкү күндө  мекеменин 2009-жылы уюшулган  аянты 2га питомнигинде  бак-дарактардын  14 түрү өстүрүлүп жатат.

Шаардын калкын таза суу менен камсыз кылуу  жана ыплас сууларды тазалоо боюнча өткөн жылы бир катар иштер аткарылган. 2016- жылдын 1январына карата шаардын калкы менен мекеме-ишканаларына 1375,0 миң.м3 таза суу берилип, 705,0миң.м3  ыплас суу кабыл алынып тазалоодон өткөрүлгөн. Шаардын ичиндеги суу түтүкчөлөрүнүн көпчүлүгү эски болгондуктан,  жарылуулар жылдан жылга көбөйүп жыл башынан бери 142 жарылуу болуп, кайра калыбына келтирилген.Шаардагы канализация системасында жыл башынан бери 133 тыгындар катталып, кайра калыбына келтирилип, планда каралган 450 кудукчанын 250 тазаланып, иреетке келтирилип, 0,5 км канализация түтүкчөлөрү жуулуп тазаланып, 86 канализациялык кудукчалардын оозу темир-бетон капкакчалар менен жабылган. Сууну сарамжалдуу колдонуу максатында мончолорго жана башка мекемелерге  ишкананын эсебинен 79,0 миң сомго суу өлчөчү приборлор сатылып келинип коюлган. 2015-жылга суу канализация кызматынан пайдаланган мекеме-ишканалар жана калк менен түзгөн келишимдерге ылайык план 20147,4 миң сом менен кабыл алынып, 19668,9 миң сом жыйналып, план 98,2пайызга  аткарылган.

Нарын шаардык мэриясынын социалдык-маданий өнүктүрүү секторунун жана социалдык мекеме-ишканалар тарабынан 2015-жыл ичинде Саламаттыкты сактоо боюнча Республикалык бюджеттен материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында ийне саюу, эмдөө  бөлмөлөрү инфекциялык контролго ылайыкталып 84 943 миң сомго ремонт иштери жүргүзүлгөн. Медициналык кызматкерлерди дистанциялык окуудан өткөрүү жана атестациялоо үчүн 8 компьютер, интернет коюлуп,  Агахан фондунун колдоосу менен 116 175 сомго электрондук медицина боюнча 1 ноутбук, 2 телевизор, видеокамера орнотулуп, медициналык кызматкерлер үчүн шарттар түзүлгөн. Кош бойлуу энелер үчүн үй-бүлө мектебинин бөлүмү капиталдык ремонттон өткөрүлүп, тиешелүү жабдуулар менен камсыз болуп,  559 792 сомго медициналык жабдуулар алынып келинген.  Дары-дармек боюнча  кошумча пакет программасынын  негизинде 2014-жылы 6635 рецепт жазылса   1355705  сом 21 тыйын (104%), ал эми 2015-жылы 5493 рецепт жазылып, 1 357 863 сомго  ФОМС тарабынан оорулардын дары-дармектери үчүн кошумча каржыланган. Кошумча пакет программасына берилген лимит 98,3% аткарылган. Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча 2015-жылы амбулатордук шартта бекер дары дармек менен 598  рецепт 420 479 сом (101,1%), 2014-жылы 1006 рецепт 752 682 сом ФОМС аркылуу аптекаларга которулуп берилген.                                                                                                      Облустук ҮМБда жана ҮДТда 2015-жылы 159 809 кабыл  алуу болуп (2014-ж 141959) былтыркы жылга салыштырмалуу 17850ге кабыл алуу көбөйгөн. Ал эми  үйдөн жардам көрсөтүү 9248 болуп,  2014-жылга салыштырмалуу 1480 ге   азайган  (2014ж-10728). Мунун себеби  үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери жетишпей жаткандыгы жана базага түшүрүүдө калктын кээ бирлеринде документтердин толук болбой жаткандыгынын негизинде. Тез жардам бөлүмүнө 2015-жылга 5949 (2014-жылга  7618) чакырык болгон, былтыркы  1669  чакырыкка азайган, ал эми 577 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Чакырыктарды оорулары боюнча алып караганда 4669 оору ар кандай өнөкөт оорулар менен, курч кармаган оорулар менен 553 оору анын ичинен гипертаниялык оору 275 түзөт. Нарын шаарында 2015-жылы жалпы өлгөндөрдүн саны-255  учур болуп, (2014ж.-234) салыштырмалуу 8,9% көбөйгөн. Оорулар боюнча структурасын анализдегенде 1-оруна жүрөк кан тамыр оорулары-41, 2-орунда онкологиялык оорулар-13, 3-орунду травма-10, андан кийин  тамак сиңирүү органдарынын оорулары -9 жана башка себептерден бардыгы биригип 25ти  түзөт. Балдар кызматы боюнча   Нарын шаары боюнча салыштырмалуу 2015-жылы 1030 бала төрөлүп,  2014-жылга  салыштырмалуу 28 балага аз  төрөлгөн .      Анын ичинен өлүү төрөлгөнү     8 учур    (2014-ж-8),          14 жашка чейин өлгөнү 21 учур болуп, салыштырмалуу 1 учурга азайган.   Жыл ичинде 0-14 жашка чейин өлгөн балдардын саны 21(2014-ж-22).                                                                                                                                                                                                                                                      Нарын шаарында 2015-жылдын 12 айында 693 учур жугуштуу оорулар катталган.            Былтыркы жылга салыштырмалуу 1,03 эсеге өсүш берген  же 2014-жылы 672 учур катталган. Сарык оорулары 57 учурдан  79га интенсивдик көрсөткүч 139,5-168,3 , былтыркы жылдын 12 айына салыштырмалуу 1,3 эсеге өсүш берген. ВИЧ\СПИД боюнча Нарын шаары боюнча бардыгы болуп 1688 (2014-ж. 1881) анализ ВИЧ\СПИДке алынып, 2014-жылга салыштырмалуу 193 учурга азайган. Мунун ичинен 1138 венерикалык оорулар, 1231 кош бойлуулар, 125 клиникалык көрсөткүчтөрү барлар, анын ичинен 1 бала, 3 норкаман, 131 медициналык кызматкерлер. Кан боюнча реципиенттер 40 учур, туберкулез 21 жана башкалар 9 учур болду. Жаңы катталгандар 2 учур катталып 2014-жылга салыштырмалуу 1 учурга көбөйгөн. СПИД оорусунан каза болгондордун саны 3.

Нарын шаарында СПИД оорусу менен катталгандардын саны 13, анын ичинен 8 эркек, 5 аял. Жаңы катталгандар 2 (2014-ж-1) Нарын шаары боюнча жалпы кургак учук оорусу боюнча 106 (2014-ж-80) оору көзөмөлдө турат. Кургак учук оорусу боюнча 2015- жылга жаңы катталган оорулардын саны 25,  былтыркы жылга  салыштырмалуу 12 ооруга  аз катталган. Кургак учуктун өлүм көрсөткүчү 11 учур катталган. Нарын шаардык мэриясынын алдындагы социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар оорулар боюнча шаардык көп секторлуу координациялык комитеттин отурумунда 2015-жыл ичинде жалпысынан 4 маселе коюлуп, 2 маселеси «Кызамык оорусун алдын алуу боюнча» жана АИВ инфекциясынын таралышын алдын алуу боюнча» маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Нарын райондук ооруларды алдын алуу  жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору боюнча жыл ичинде пландуу түрдө 49 жана пландан тышкары 19 текшерүү жүргүзүлүп, аныкталган кемчиликтер боюнча бардыгы 25 санитардык көрсөтмө берилген. Мындан тышкары  10 айыпка протокол толтурулган, 2 эскертүү протоколу толтурулган жана 1 менчик стоматологиялык кабинеттин иши убактылуу токтотууга жабылган. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин 15.10.2015-жылдагы «Республикадагы жалпы билим берүүчү мектептердеги 1-4- класстын окуучуларына массалык дегельминтизацияны уюштуруу жана өткөрүү жөнүндөгү» № 587-буйругуна ылайык 2015-жылдын 28-29- октябрында Нарын шаарындагы мпектептердин кенже класстын окуучуларына дегельминтизация- мите курттардан арылтуу акциясынын I туру өткөрүлгөн. Дегельминтизация  жазоо үчүн 1-4 класска чейинки балдардын саны такталып, баардыгы- 3308 окуучуга дары берилип , баардыгы дары ичип, 100 пайызды түзгөн.   КРнын Өкмөтүнүн техникалык регламенттерине ылайык үй шартында өндүрүлүп жаткан азык-түлүктөрдөн, жеке ишкерлерден түшкөн  арыздардын жана пландуу текшерүүлөрдүн негизинде өндүрүштүк мекемелерден пробалар алынып текшерилип  206 өдүрүштүк көзөмөл түзүлүп,  223946 сом өндүрүлгөн. 2015-жылдын 12-айында шаар боюнча текшерүүлөрдүн негизинде берилген сунуштардын, лабораториялык изилдөөлөрдүн  жыйынтыгы менен тамак-аш гигиенасы боюнча 13 айып 26500сомго салынып өндүрүлгөн,  15 жабуу, 45 жумуштан четтетилген, балдар өспүрүмдө гигиенасы боюнча 7 айып, 12000сомго, 4 жабуу,7 жумуштан четтетүү, коммуналдык гигенасы боюнча 11 айып, 12000 сом,1 менчик клиника жабылган.                                                                                                                                              Шаардык билим берүү бөлүмү боюнча  Шаардык билим берүү бөлүмү шаарыбыздын өсүп келе жаткан жаш муундарына билим тарбия берүүдө иштеп жаткан  8 мектеп, 6 балдар бакчасы, 2 спорт мектебине жалпы жетекчилик кылат. Нарын шаарындагы орто мектептерде 2015-2016-окуу жылында 7392 окуучуга 529 мугалим, ал эми  балдар бакчаларында 1822 тарбиялануучуга 77 тарбиячы-педагог билим, тарбияларын берип келишет.                                                                                                                                                              Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу 8 орто мектебинде, 6 балдар бакчасында, 2 спорт мектебине жана Ж.Шералиев атындагы балдардын искусство мектебине кезектеги ремонт иштерине республикалык бюджеттен 2015-жылга 667 100 сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен   2015-жылы 710 000 сом бөлүнгөн. Мындан тышкары К.Жакыпов атындагы №5 орто мектептин  2 млн 243 миң 153 сомго дем берүүчү грантка жазган проектиси өтүп, жергиликтүү бюджеттен 224 315 сом акча каражаты чечилип берилди, мектептин ички залдарынын полдоруна плита жаткырылган.  Ж.Чолпонбаев атындагы №10 орто мектептин 2 млн 882миң 024 сомго  дем берүүчү грантка жазган проектиси өтүп, жергиликтүү бюджеттен 288 202 сом акча каражаты чечилип берилип, мектептин сырты жылууланып,алдына брусчатка төшөлгөн.               Башталгыч класстарга берилүүчү ысык тамак үчүн республикалык бюджеттен 5 млн 475 миң 600 сом акча каражаты каралса, мунун ичинен ай сайын окуучуларга 608 миң 400 сомдун тамагы  берилет. Нарын шаарындагы 8 орто мектептин 1-4-класстарын 3260 окуучуларына ар бир балага 10 сомдон ысык тамак менен камсыз кылынат. Мектептерде окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча мүмкүн болгон шарттар түзүлгөн. М.Сыдыков атындагы №7, А.Буйлаш уулу атындагы №8, К.Жакыпов атындагы №5, Э.Ибраев атындагы №4 орто мектептерде МэрсиКО Эл аралык уюму тарабынан берилген продуктылар менен окуучуларга ысык тамак берилет. Окуучуларга ысык тамак берүүдө  ашканада иштеген ашпозчунун айлык акылары 2015- жылдын январь, февраль, март,а прель, май  айлары үчүн акча каражаты  Нарын шаардык мэриясы, Нарын шаардык Кеңеши  тарабынан чечилип берилген болсо, 2015-2016-окуу жылында аталган орто мектептерге ашпозчулук штаттар республикалык бюджеттен чечилип берилген. Мындан тышкары аталган орто мектептерге МэрсиКО Эл аралык уюмунан 2015-2016-жаңы окуу жылына азык-түлүк алып келүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 42 000 сом бөлүнүп берилген, бүгүнкү күндө аталган 4 орто мектепте жумасына төрт жолу ысык тамак берилип келет.  Ошондой эле №1Токтогул, №10 Ж.Чолпонбаев атындагы, №9 А.Садыков, №2 Чкалов атындагы мектеп-гимназиясында жумасына эки жолу каша берилип жатат. Шаардагы орто мектептердин  жана бала- бакчалардын  материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана инвестиция тартуу программасынын жана долбоорлор менен иштөө багытында  жалпы 34 046 150 сом, мунун  ичинен республикалык бюджеттен 16 327640 сом, жергиликтүү бюджеттен  өздүк салым үчүн 1 700 343  сом, Эл аралык уюмдар Aга Хан фондунан 1 094 440 сом, Jica программасы аркылуу 1 051 427 сом,  Мерсико уюмунан 4 362 164 сом, демөөрчүлөрдөн 4 729985  акча каражаты бөлүнүп берилген.                                                                                                                                Билим сапаты боюнча окуучулардын билим сапатын жогорулатуу багытында бир катар иштер уюштурулуп келет.2014-2015-окуу жылында предметтик олимпиаданын шаардык туру 11 сабак боюнча өткөрүлүп, 295 окуучу катышып, мунун ичинен 1-орунга ээ болгон 34 окуучу  облустук турга жолдомо алышып, анын ичинен 4 окуучу республикалык турга катышып, №7 М.Сыдыков атындагы орто мектептин окуучусу география сабагынан 3-орунду камсыз кылган. 2015-жылдын 12-декабрында жалпы билим берүүчү орто мектептер арасында предметтик олимпиаданын шаардык туру 10  сабак боюнча өткөрүлүп, жыйынтыгында 1 –орунда №7 орто мектеп, 2-орунду №10 орто мектеп,  3-орунду №8 орто мектеп камсыз кылышып, 34 окуучу облустук турга даярданышууда.                            2014-2015-окуу жылында 9- классты 601 окуучу аяктап, артыкчылык күбөлүгүнө 55 окуучу, 11- классты  357 окуучу аяктаса анын ичинен 34  окуучу артыкчылык  аттестатка талапкер болуп, 2 окуучу артыкчылык аттестатына ээ болушкан.

2015-жылы жалпы 346 окуучу республикалык тестирлөөгө катышса,  ал окуучулардын ичинен 30 окуучу90 баллга чейин алса, 200 балдан жогоркуну 2 окуучу камсыз кылып,  калган 314 окуучу 90-200 баллга чейин алышкан. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен №2 Чкалов мектеп-гимназиясынын окуучусу 220 балл менен алтын сертификатка ээ болгон.   “Наристе” балдарды мектепке даярдоонун 480 сааттык программасын ишке ашыруу боюнча мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жана мектептерге башталгыч класстардын мугалимдери, жалпы 33 педагог окуудан өткөн. 480 сааттык программа менен орто мектептерде 15 орус класс, 5 кыргыз класс ачылып, баардыгы 633 окуучу мектепке даярдалууда. Жалпы 8 мектеп боюнча  компьютердик техникалар менен камсыз кылуу орто мектептерде билим берүүнүн натыйжалуулугун көтөрүү, окуучулардын сапаттуу, жогорку дэңгээлде билим алуусуна өбөлгө түзүү максатында Нарын шаарынын мэринин стипендиясы  мыкты окуган, коомдук ишке активдүү катышкан окуучуларга жана предметтик олимпиаданын    республикалык турунун жеңүүчүлөрүнө жергиликтүү бюджеттин эсебинен сыйлыктар берилип келет. Мындан тышкары шаарыбыздагы орто мектептердин жана бала бакчалардын тарбиячылары, жалпы 17 мугалим, тарбиячы  Ысык-Кєл облусунун Чолпон Ата шаарындагы  «Саулык» эс алуу үйүнө  келишимдин негизинде эс алууга 52000 сом, “Улан” балдардын ден соолук чыңдоо борборуна социалдык жактан колдоого муктаж 14 баланын жол киреси үчүн 9800 берилген.                                                                Шаардагы  көйгөйлүү маселелердин бири болуп  балдар бакчаларынын жетишсиздиги. Шаарда жылдан жылга калктын санын өсүшү менен балдар бакчаларына баруучу балдардын  да саны өсүп,  6 балдар бакчасына нормага ылайык 700 гө чукул бала алыныш керек болсо, бүгүнкү күндө нормадан сырткары  1822 бала тарбияланып келет. Бул көйгөйлүү маселени чечүүдө Нарын шаарынын РТС аймагында №18 “Ак Дил” балдар бакчасына кошумча 50 орундуу корпус куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 4 млн 500 мин сом, Ага Хан фондусу тарабынан 2 млн 500миң  сом, жалпы 7 млн сом акча каражатына курулуш иштери башталган.                                                                                                                                                  Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгында шаар боюнча 2015-жылдын 1-январына карата  1138 аз камсыз болгон үй бүлөгө, же 2476 балага ай сайын берилүүчү жөлөкпул чектелген болсо, 2016-жылдын 1-январына карата 1266 аз камсыз болгон үй-бүлөгө же 2251 балага ай сайын берилүүчү жөлөкпул чектелип, башкача айтканда 128 үй-бөлөгө көбөйгөн болсо, 225 балага азайган. Аталган жөлөкпул алуучу үй-бүлөнүн санынын көбөйүшүнө шаардын калкынын санынын өсүшү, жаңы үй-бүлөлөрдүн түзүлүшү, жаңы жумуш орундарынын түзүлбөгөндүгү, балдардын санын азайышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын  4-июнундагы №308 токтомуна ылайык жөлөкпулдун бул түрүнүн баланын 18 жашка чейин гана төлөнүшү себеп болду.                                                                                                 Ал эми социалдык жөлөкпул алуучулардын саны 2015-жылдын 1-январына карата 1325 адамды түзсө, 2016-жылдын 1-январына карата 1357 адамды түзүп, 32 адамга көбөйгөн. Социалдык жөлөкпулдун көбөйүшүнүн себептери болуп, жылдан жылга бала кезинен майыптардын 18 жашка чейинки бала кезинен майыптардын жана шал оорусу менен ооругандардын, багуучу адамынан ажырагандардын, пенсия алууга укугу жок ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өсүшү болуп саналат.                                                            2015-жылдын 1-январына карата  мамлекеттик жөлөкпулга керектелүүчү  сумма 80 231,4 миң сом түзсө,  2016-жылдын 1-январына карата мамлекеттик жөлөкпулду  төлөөгө керектелүүчү жалпы сумма 87 807 600 сомду түзүп, 7 576 200 көбөйгөн.Ал эми социалдык жөлөкпулга керектелүүчү сумма 2015-жылдын 1-январына карата  50 994 700 сомду түзсө, 2016-жылдын январына карата 52 896 400 сомду түзүп,  1 901 700 сомго көбөйдү. Кыргыз Республикасынын 7-апрель 2010-жылдагы түзүлгөн убактылуу Өкмөтүнүн Декретинин талабына ылайык болгон окуядан жаракат алып майып болгон 2 адамга  3700 сомдон ай сайын төлөнүүчү кошумча жөлөкпулдар чектелип, төлөө жүргүзүлүп турат.Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгында 2015-жылдын 1-январына  карата  акчалай компенсация алууга укуктуу деп таанылган 523 жаранды түзсө, 2016-жылдын 1-январына карата акчалай компенсация алууга укуктуу деп таанылган 511 жаранга чектелип, 12 адамга азайган. Ал эми керектелүүчү сумма 2015-жылдын 1-январына карата  11 554 400 сом чектелсе,  2016-жылдын 1-январына карата 11 060 700 сомду түзүп, 493 700 сомго азайган.                                                                                                                                               Жергиликтүү бюджеттен жеңилдиктер статьясынан 1345 адамга 1 млн 57 миң  932 сом каралып, мыйзам чегинде каржыланып, почта кызматы 1,3 пайызын кошкон менен төлөөлөр жүргүзүлдү. 2016-жылдын 1-январына карата  4483 үй-бүлөгө башкача айтканда түтүндүн 45,0 пайызына жаңы үлгүдөгү социалдык паспорт толтурулган. Мунун ичинен жан башына кирешеси 0 сомдон 1465 сомго чейин өтө жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 2546, 1465 сомдон 2485 сомго чейин жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 910, 2485 сомдон жогору 1027 үй-бүлөнү түзөт. Жакырчылыктын деңгээли 45 % түзөт. Каттоодо тоголок жетимдердин саны 44, жарты жетимдердин саны 279, социалдык жетимдердин саны 32 бала. Толтурулган социалдык паспорт боюнча 2016-жылдын 1-январына карата багып каралашууга адамы жок жалгыз бой улгайган пенсионерлердин жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жалгыз бой жарандардын саны 44 адамды түзөт.                                                                                                                                                                                             Нарын райондук Социалдык фонд башкармалыгында     2014-жылы  7765 адам түзүп, бир айга керектелүүчү акча каражаты 40,6 млн. сом, пенсиянын орточо өлчөмү 5224 сомду түзгөн болсо,  2015-жыл ичинде   Нарын шаары боюнча пенсия алуучулардын саны 7800 адамды түзүп, бир айга керектелүүчү акча каражаты 43,4 млн. сом, пенсиянын орточо өлчөмү 5568 сомду түзүп, башкача айтканда  35 адамга, 1 айга керектелүүчү акча каражаты 2,8 млн сомго, пенсиянын өлчөмү 344 сомго көбөйгөн.  2015- жылдын жыйынтыгы боюнча  камсыздандыруу взносун чогултуу планы 2014-жылы план 381,0 миң сом бекитилсе

446,3 миң чогултулуп, план тапшырма 117,0 пайызга аткарылса, 2015-жылы  422,7 млн сом бекитилип 453,7 млн.сом чогултулуп  план тапшырма  107,3  % аткарылган.                                                                         2016-жылдын 1-январына  карата Нарын райондук Социалдык фондунун башкармалыгына  камсыздандыруу взносторун оз убагында төлөбөй, карыздары өсуп жаткан Нарын шаардык турак жай башкармалыгынын -810 ,7 сом, троллейбус ДЭПОсунун карызы 106,2 сом болсо, шаар боюнча баардыгы    916,9  мин сомду түзөт.                                                                                                                                                                   

Кыргыз Республикасынын  эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Нарын райондук, Нарын шаардык  бөлүмү боюнча Нарын шаардык  бөлүмүндө жумуш табуу  максатында  , 2014-жыл ичинде   770  атуул кайрылса,  2015-жыл ичинде 874 атуул кайрылган.  2016-жылдын  1-январына карата 1506 жумушсуз  атуулдар каттоодо туруп, жумушсуздуктун деңгээли 7,0 пайызды түзөт.   Жумушсуз  жарандарды иш менен камсыз кылууда өз алдынча жумуш менен алектенүүсү үчүн кичи кредиттер 2014-жылы 33 адамга жалпы суммасы 1219,0 миң сом берилген болсо, 2015-жыл ичинде  49 адамга жалпы суммасы 1250,0 мин сомго кайтарымдуу кичи кредиттер  берилип, максаты   мал — чарбачылык иштерин жүргүзүүгө жана соода — сатык иштерине багытталган. Жумушсуздуктарды басаңдатуу, элдин социалдык абалын жакшыртууда кошумча  киреше табуу, жумушсуздарды убактылуу иш менен камсыздоонун приоритеттүү жолу болуп саналган акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга 2014-жылы 53 адам болсо, 2015-жылдын жыйынтыгы менен 80 адам акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга   тартылган.                                        Нарын шаарында  шаардык китепкана жана    филиалдары менен иш  жүргүзүп келет. Жалпы китеп фондусу 2015-жылда  63 075   (2014-ж. 62 566)  түзөт. Китеп окурмандардын саны 8669 адам  (2014-ж. 8650) болду. Ал эми жыл  ичинде 407  жаңы китеп алынып келинген. 2015-жылдын жай айларында  шаардык китепканада  ири доолбор ишке ашып, Германиялык кызматташтык уюму аркылуу китепканага «Баарлашуу борбору» долбоору ишке ашып, долбоордун жалпы наркы 1 млн сом түзөт. Долбоорду колдоо максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 330 000 сомго кошумча 2 бөлмө алынып,    алынган бөлмөнү заманбап ремонттоо үчүн 75 000 сом бөлүнүп берилген. Коворинг борбору сентябрь айында ачылып,  бүгүнкү күндө иш жүргүзүп келет.                                                                                                                                  Нарын шаардык маданият бөлүмү боюнча  болүмдүн  материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында 2015-жылдын  башында жергиликтүү бюджеттен 400 000 сом акча каражаты каралып, музыкалык аппаратура жана керектүү музыкалык инструменттер алынып келинген.  Жыл ичинде маданият бөлүмү өз алдынча иш алып барбагандыгы жана ишиндеги кемчиликтери үчүн Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигине сунуш каттары жиберилген.                                                                              Бөлүм тарабынан өздөрүнүн атайын эсептик счетуна жыл ичине 50 000 сом түшүрүү бекитилсе,   2015-жылга карата 3 600  сом  атайын эсеп счетко түшүрүлсө, 2014-жылы 30 000 сом түшүрүлгөн.                    Нарын шаардык Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинде  2014-2015-окуу жыл ичинде 214 окуучу окуп, 24 мугалим эмгектенген.  16 окуучу музыкалык кесипке ээ болушуп, мектепти ийгиликтүү аякташкан.  Ал эми  музыкалык мектеп  2015-2016-окуу жылында жаңы 47 окуучуну кабыл алып, учурда  жалпысы 213 окуучуга музыкалык билим берүүшүдө.  Балдарга музыкалык аспаптарды үйрөтүүдө аталган мектепте 8 бөлүм иш алып барып келишет (Эл аспаптар, фортепиано, Баян, кошумча аспаптар, Хор, Сольфеджио, Муз адабият, Кыргыз муз адабият). Музыкалык мектептин кезектеги ремонт иштери үчүн жергиликтүү бюджеттен 45 000 сом каралып, акча каражаты толугу менен ремонт иштерине сарпталып акиленип, сырдалган. 2015-2016-кыш мезгилинин жылуулугу үчүн жергиликтүү бюджеттен 260 000 сом бөлүнүп, 80 тонна көмүр толугу менен  тартылып келинген. Жаңы музыкалык мектеп куруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сметалык долбооруна 340 000 сом бөлүнүп, доолбору даярдалды.  Шаардын борборунан 648 м2 жер аянтты бөлүнүп берилген. Ошондой эле шаардык мэрия тарабынан мектепти куруу боюнча тендер жарыяланып, тендердин жыйынтыгы менен  “Имарат Строй” ЖЧКсы тандалып   2016-жылдын март айы менен курулулуш иштерин баштаганы турат. Жаңы мектепти курууга 50 млн сом  бекиген.             Нарын шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан 2015-жылда 15 жолу   спорттук иш-чара өткөрүлүп,  12 жолу республиканын спорттук мелдештерге катышып келишкен.  Жергиликтүү бюджеттен 347 401  сом сарпталган.             С.Бекманбетов атындагы спорт мектебинде  220 бала эркин күрөш менен  машыгып, облустук, республикалык жана дүйнөлүк мелдештерде катышып келишет. Белгилей кетсек Шаршеев Тилек Кыргыз Республикасында кадеттер арасында өткөрүлгөн чемпионатта 1-орунду, Индия өлкөсүндө өткөн Азия Чемпионатында 3-орунду камсыз кылган. Тилектин жетишкендири үчүн машыктыруучусу  Акиев Мирбекке Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген машыктыруучусу” наамы ыйгарылган. Замир кызы Ажар Кыргыз Республикасынын кадеттер арасында биринчилигинде чондор  арасында 1-орунду, эл аралык мелдештерде баш байгени багындарган.  Спорт мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында  2015-жылдын ноябрь айында мамлекеттик спорт агенттиги тарабынан 250 000 сомго күрөш килеми, демөөрчүлөрдүн жардамы менен 90 000 сомго күрөш залына жабдыктар алынган.                              Нарын шаардык балдар-уландар  спорт мектебине спорттун 5 түрү (волейбол, шахмат, стол тенниси, баскетбол, грек-рим күрөшү) боюнча 438 жаш өспүрүм баланы машыктырып тарбиялап келет.  Спорт мектебине    2015-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен 160 000 сомго спорттук инвентарлар алынган. Нарын шаарынын аймагында спорт тармагында  шарттарды жакшыртуу  жана спорттук инвентарларды жаңыртуу боюнча  бир катар иштер жүргүзүлүп келе жатат. 2015-жылы шаардык С.Бекманбетов атындагы спорт мектебине кошумча жаңы имарат куруу боюнча шаардык мэрия тарабынан  шаардын чыгыш бөлүгүнөн 3000м2  жер тилкеси  бөлүнүп, техникалык шарттары бүткөрүлүп, долбоору даярдалууда. Ошону менен бирге шаардын борборуна заманбап муз аянтчасын салууга жер аянты бөлүнүп,   муз аянтчасынын курулуш иштери жүргүзүлүп, дүйнөлүк стандартка туура келген муз аянтчасынын  үстү жабылып, суу куюлуп, муз тоңдурулуп ишке кирген. Бирок учурда курулуш иштери улантылып,  муз аянтчасын  жайкы айларда иштөө үчүн муздаткычтарды орнотуу иштери жаз айлары менен башталат.  Муз аянтчасынын жалпы наркы   1 млн 400 миң долларга бааланган.                                                                                   

2015-жылдын  ичинде Нарын шаардык мэриясына жалпы 736 кайрылуу  түшкөн, мунун ичинен: 287 жазуу жүзүндө, 16 электрондук кайрылуу, мэрдин жана анын орун басарларынын кабыл алуусунда 242 жаран болуп, 191 ооз эки кайрылуулар келип түшкөн.      Келип түшкөн 736 арыз-даттануулардын бардыгы көзөмөлгө алынып,  285 арыз канааттандырылып, 451 арызга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн, Жогорку Кенештен- 25, министрликтерден, ведомстволордон —  199, Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынан, облустук мекеме-ишканалардан 867, шаардык мекеме-ишканалардан  685,  телефоннограмма- 91, бардыгы 1867  иш кагазы келип тушкөн. Аткарылганы-1598, маалымат үчүн-204, көзөмөлдө турганы-36 , аткарууда   турганы – 29. 2015-жылдын  ичинде документтердин айланышы (документооборот) 13040 бирдикти түзөт.                                                                           2015-жылы Нарын шаарында аткарылган иштер боюнча Нарын шаарынын мэри Р.Адиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                        ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаарында 2015-жылы экономика, өнөр-жай жана социалдык  тармак  боюнча аткарылып жаткан иштери  жөнүндө Нарын шаарынын мэри Р.Адиевдин билдирүүсү эске алынсын.
  2. 2016-жылдын жаз айларына карата Нарын шаарынын тазалыгын камсыз кылуу , жашылдандыруу көрктөндүрүү иштерин колго алууга карата Нарын шаардык мэриясы, Нарын шаардык муниципалдык  “Таза-Нарын” жана жашылдандыруу мекемелери тарабынан алгылыктуу иш аракеттер көрүлсүн.
  3. Нарын шаардык суу канал, жылуулук берүү, электр тармактар ишканалары тарабынан  дебитордук карыздарды жоюуга карата  иш аракеттер көрүлүп, шаар элине кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жагы тапшырылсын.
  4. Нарын шаарындагы жалпы жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган мекемелерге иш жүргүзүүгө карата бөлүнгөн акча каражатын  (жол белгилери, светафор, парктарды көрктөндүрүүгө берилип жаткан акча каражаттарынын) анын ичинен  шаардык спорт мектептери  жана спорт мекемелери тарабынан өткөрүлүп жаткан спорттук иш чараларга жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп жаткан акча каражатынын максаттуу, мыйзамдуу пайдаланышына,   Нарын шаардык мэриясы, Нарын шаардык финансы бөлүмү жана мекеме жетекчилери тарабынан өз убагында көзөмөлдүк жүргүзүлсүн.
  5. Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртууга, шаардагы орто мектептердеги жана бала-бакчаларда тарбияланып жаткан балдардын билим сапатын жогорулатууга, билим берүү тармагынынын жалпы ишмердүүлүгүнө      Нарын шаардык мэриясынын социалдык тармактарды тейлөө бөлүмү тарабынан өзгөчө көңүл бөлүнсүн.
  6. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн толтурууга, берилген план тапшырмаларды аткарууга Нарын шаардык мэриясы, шаардык салык башкармалыгы, муниципалдык менчик департаменти, “Таза-Нарын” ишканасы тарабынан өзгөчө көңүл бөлүнсүн жана аракеттер көрүлсүн.
  7. Нарын шаарынын борбордук базарынын айланасын тынымсыз көзөмөлдөө менен ирээтке келтирип туруу, соода борборлорунун жетекчилери жана сатуучулар менен түшундүрүү иштерин жүргүзүп,  иш алып баруу Нарын шаардык мэриясына жана шаардык муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
  8. Нарын шаарында бюджеттен эмгек акы алып иштеген мугалимдердин, врачтардын, социалдык кызматкерлер үчүн ипотекалык насыя аркылуу үй алуусуна тиешелүү деңгээлде иш алып баруу менен курулуш иштерин баштоого аракеттерди көрүү Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
  9. Нарын шаардык мэриясына Нарын шаарына инвестиция жана долбоорлорду тартуу менен чакан ишканаларды ачууга аракеттерди көрүү, Ж.Шералиев атындагы балдардын искусство мектебинин жана №18 Ак дил бала бакчасынын курлуш иштерин баштоого жана өз мөөнөтүндө бүтүрүүгө карата алгылыктуу аракеттерди көрүү жагы тапшырылсын.
  10. Нарын шаарынын калкын сапаттуу медициналык тейлөөгө, жугуштуу оорулардын алдын алууга, жаш балдардын өлүмүн азайтууга карата Нарын шаардык мэриясы, облустук бириктирилген ооруканасы жана үй бүлөлүк медицина борбору тарабынан өзгөчө көңүл бурулсун.
  11. Мамлекеттик пособияларды чектөөдө, даректүү колдоо көрсөтүүдө, паспорттоштурууда, айрыкча калктын аярлуу катмарын тейлөөдө шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан жөлөкпулдарды алуучулардын жеринде баардык шартын карап, тактоо жагына өзгөчө көңүл бөлүнсүн.
  12. Нарын шаардык Кеңешинин сессияларында кабыл алынган жана аткарууга берилген токтомдорду өз убагында аткаруу боюнча  Нарын шаардык мэриясы тиешелүү мекемелер менен биргеликте иш алып барсын.
  13. Нарын шаарындагы жашылдандыруу мекемемесинин жана шаардык маданият бөлүмүнүн эмгек жамааттарынын ичиндеги өз ара пикир келишпестиктерди жоюу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү  Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
  14. Нарын шаарынын РТС аймагына жөө адамдар жүрүүчү аллея куруу, №10 Ж.Чолпонбаев орто мектебинин  окуучуларына жол коопсуздугун сактоого карата  мектептин алдына  жол белгилерин (лежачий полицейский) орнотуу, шаардагы жалпы иштеп жаткан  мекемелердин алдына таштанды таштоочу урналарды койдуруу боюнча иш аракеттер көрүлсун.

  Төрага                                                                             Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________                 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, “Таза-Нарын” ишканасына, суу канал ишканасына, жашылдандыруу мекемесине, жылуулук берүү ишканасына, билим берүү бөлүмүнө,муниципалдык менчик департаментине, салык башкармалыгына, финансы бөлүмүнө, облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгына                                                      

Добавить комментарий