Нарын шаарынын РТС аймагындагы Б.Жапаралиев паркындагы «Белгилүү инсандар галереясына» Кыргыз элине белгилүү болгон инсандардын айкелдерин орнотуу жөнүндө

Нарын  шаарынын  РТС  аймагындагы  Б.Жапаралиев  паркындагы       «Белгилүү  инсандар  галереясына»  Кыргыз  элине  белгилүү  болгон      инсандардын  айкелдерин  орнотуу  жөнүндө

                                                           ЖОБО

  1. Жалпы түшүнүктөр

1.1    Кыргыз  Республикасынын   президенти  Атамбаев  Алмазбек  Шаршеновичтин  

         2016-жылда  «Тарых  жана  маданият»  жылы  деп  жарыялаган  жарлыгына   

         ылайык  кыргыз  элине  таанымал  тарыхый  инсандарды  даңктоо , өсүп 

         келаткан  жаш  муундарга  элибиздин  тарыхын  белгилүү  инсандардын  

         образдары  аркылуу  чагылдыруу, патриоттуулукка, ата  мекенди  сүйүүгө  үндөө 

         максатында  болуп  саналат.

 

1.2   Нарын  шаарынын  РТС  аймагындагы  Б.Жапаралиев  атындагы  паркына  

        Кыргыз  элине  таанымал  инсандардын  айкелдерин  орнотуу  менен  аталган  

        парктын  эстетикалык  жасалгасын, жашылдандыруусун, жарыктандыруусун   

        жакшыртуу, шаарыбыздын  тургундарынын  паркта  эс  алуусуна  жакшы  шарт  

        түзүү  максатын  көздөйт.

 

1.3   Кыргыз  элине  таанымал  инсандардын  айкелдерин  орнотуу  сунушун  Нарын 

        шаардык  Кеңеши  жана  мэриясы, мекеме  ишканалардын  эмгек  жамааттары, 

        коомдук  жана  саясий  уюмдар  көрсөтөт.

 

1.4   Айкели  коюлуучу  инсандын  сунушун  Нарын  шаардык  Кеңеши  кабыл  алат 

        жана  шаардык  Кеңештин «Депутаттык  иш, ардагерлер, жаштар  саясаты,

        жарандык  жана  коомдук  уюмдар, эл  аралык  байланыш  ,жалпыга  маалымат 

        каражаттары,  наамдарды  ыйгаруу»  боюнча  туруктуу  комиссиясына  жөнөтөт.

 

1.5   Нарын  шаардык  Кеңешинин «Депутаттык  иш, ардагерлер, жаштар  саясаты,

        жарандык  жана  коомдук  уюмдар, эл  аралык  байланыш  ,жалпыга  маалымат 

        каражаттары,  наамдарды  ыйгаруу»  боюнча  туруктуу  комиссиясы  өзүнүн 

        ишин  Кыргыз  Республикасынын  укуктук  мыйзамдарынын  жана  ушул 

        Жобонун  негизинде  жүргүзөт  жана  Жобого  туура  келген  айкели  коюлуучу 

        инсандын  сунушун  Нарын  шаардык  Кеңешинин  депутаттарына  сунуштайт.

 

1.6   Кыргыз  элине  белгилүү  инсандын  айкелин  орнотууга  Нарын  шаардык 

        Кеңешинин  депутаттарынын  3/2  жазуу  түрүндө  макулдук  берет.

 

1.7   Айкели  коюлууга  талапкер  болуп, өтпөй  калган  талапкерлерлиги  экинчи  ирээт 

        сунушталбайт.

 

              II .  Белгилүү  инсандар  галереясына  айкелдерди  орнотуудагы                  

                                                          негизги  талап.

 

2.1    Айкелин  орнотууга  татыктуу  инсандар:

  • Кыргыз эл  баатырлары;
  • Советтер союзунун  жана  социалистик  эмгектин  баатырлары
  • Көрүнүктүү, дүйнөлүк маанидеги Кыргыз элин дүйнөгө тааныткан эмгектерди жараткан окумуштуулар жана маданият кызматкерлери;
  • Олимпиаданын жана  дүйнөнүн  чемпиондору;
  • Кыргыз элине  таанымал  белгилүү  тарыхый инсандар;                     

 

2.2   Айкели  орнотулуучу  талапкерге  төмөнкү  официалдуу  документтер

        даярдалат.

  • Айкели орнотулуучу  талапкерди  көрсөткөн  мекеменин  жана  жамааттын, коомдук  жана  саясий  уюмдардын  сунушу.
  • Талапкердин өмүр  баяны
  • Орнотулуучу айкелдин  архитектуралык  скульптуралык  чиймеси.

 

III.    Айкели  орнотулган  инсандын  урпактарынын, демөөрчүлөрүнүн    

                                                    милдеттери.

 

3.1    Айкелди  жазатууда  архитектуралык  талаптарды  сактоого, көлөмүн  жана 

         бийиктигин  башка  айкелдер  менен  бирдей  кылууга.

 

3.2    Айкелдин  айланасын  талапка  ылайык  эстетикалык  жасалгалап, жарык 

         чырактарын  орнотууга, тургундар  отурганга  отургучтарды  орнотууга , 150м/2

         ден  кем  эмес  аллеяны  брусчаткалап  берүүгө.

 

3.3    Жылына  айкелдин   жана  анын айланасынын  косметикалык  абалын  карап  оңдоо  

         иштерин  жүргүзүп турууга.

 

Жоопту катчы                                                       А.Абдыкеримов

 

Добавить комментарий