Урматтуу окурмандар кечээ Нарын шаардык Кеңешинин жыйындар залында 50 процент райондук коэфициенттинин төмөндөшү боюнча Мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча коомдук талкуу болду. Талкуунун протоколун сиздерге тааныштырабыз.

Нарын    шаардык Кеңешинин депутаттарынын  Нарын шаарынын жашоочулары, шаардагы бюджеттен эмгек акы алып иштеген мекемелердин, Өкмөтүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен өткөргөн коомдук талкуусунун

 

                                                            ПРОТОКОЛУ

21-январь 2016-жыл саат 11-00                                                                Нарын шаары

 Коомдук талкууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  орун басары Ч.Абдыраимакунова, Нарын шаардык Кеңешинин  13депутаты, Нарын шаарынын мэри Р.Адиев, Нарын шаардык мэриясынын, Нарын шаардык Кеңешинин  жоопту кызматкерлери, мекеме жетекчилери, өкмөттук эмес уюмдардын өкүлдөрү Нарын шаарынын 200дөн ашуу жарандары (тизмеси тиркелет) катышты

Күн тартибинде каралуучу маселе:

Кыргыз Республикасынын 28.06.1996-жылдагы “Бийик тоолуу, алыскы, барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар” тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Мыйзам долбоорун талкуулоо жөнүндө

Угулду: Коомдук талкууну   Нарын шаарынын төрагасы  Э.Турсуналиев ачып,  Кыргыз Республикасынын 28.06.1996-жылдагы “Бийик тоолуу, алыскы, барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар” тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү туура эмес экендигин, тактап айтканда  50 пайыз эмгек акыга кошулган компенсация сунушталып жаткан Мыйзам долбоорунда төмөндөп жаткандыгын, 50 пайыздык райондук коэффициент Нарын облусунун эли үчүн материалдык компенсация эмес, бул физиологиялык компенсация, Нарын жергесинде эмгектенген, жашагандар үчүн  адамдын организми кандай кыйнчылыктар менен иштеп жаткандыгын,  50 пайыздык кошумча төлөм союз мезгилинен бери илимий тастыкталган пайыз экендигин, Нарын облусунун эли Кыргызстан боюнча жүрөк, кан тамыр оорулары боюнча жана ушул оорулар менен каза болгондор арасында биринчи орунда тураарына токтолду.Төрага өз сөзүндө бүгүнкү коомдук талкуунун  жыйынтыгы менен, элдин сунушун угуп, Нарын шаарынын элинин, бюджеттик мекемелерде эмгектенген кызматкерлердин, мугалимдердин врачтардын атынан Кайрылуу жолдоноорун, бул маселе боюнча  коомдук талкуунун  катышуучуларына тартипти сактоо менен бирден чыгып өз сунуштарын айтууну өтүндү. Мындан сырткары төрага бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары жана Өкмөттүн өкүлдөрү менен биргеликте Нарын жергесинде эл менен жолугушуу өткөрүүнү уюштурууну максат кылалы деп билдирди. Төрага коомдук угуунун катышуучуларын аты жөнүн айтып тааныштыруу  менен бирден чыгып сүйлөөну өтүндү.    

Бул маселе боюнча чыгып сүйлөгөндөр:

   Б.Жумабаева- Нарын шаарынын тургуну- бүгункү коомдук угууну Нарын телевидениеси толугу менен көрсөтсүн,элге толук маалымат жетсин.                                                    А.Молдосалиев- Нарын шаардык Кеңешинин депутаты: Урматуу бүгүнкү коомдук талкуунун катышуучулары араңыздарда айтылып жатат Нарын шаардык Кеңешинин депутаттары ушул маселе боюнча эмне иш алып барып жатасыңар деп. 2012-жылы жаштар министрлиги да ушул мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча Мыйзам доолбоорун иштеп чыккан. Ошондо ушул шаардык Кеңештин депутаттары Жогорку Кеңешке, Өкмөткө Кайрылуу жолдогон. Бүгункү күндө кайрадан ушул 50 пайыздык райондук коэффициентти төмөндөтүү боюнча Мыйзам долбоорлору талкууга алынып жаткандыгына байланыштуу, шаардык Кеңештин депутаттары  өздөрү эле Кайрылуу жолдой бербестен, Сиздер менен биргеликте жогорку жактарга кайрылалы деп коомдук угууну уюштуруп жатабыз.                                                                                                                     Б.Балбаев –Нарын шаардык Кеңешинин депутаты- Урматуу төрага бүгункү коомдук угуудай элдер кайра –кайра чогулбайт, бүгункү күндө талкууланып жаткан камсыздандыруу боюнча  маселени да киргизсек.                                                                                                                                 Тентимишов Ж-Нарын шаардык Согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлер Кеңеши коомдук бирикмесинин төрагасы-. Урматтуу жыйындын катышуучулары! Бул Мыйзам долбоору боюнча биз ардагерлер Кеңеши өз отурмубузда талкуулап, Кайрылуу кабыл алып, губернаторго,Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Өкмөткө бердик. Ошонун негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алмаз Баатырбеков теле берүү аркылуу айтып жатат жана Жогорку Кеңешке терең изилдеп чечим кабыл алуу боюнча кайрылды шайлоочулардын атынан. Бул 50 пайыздык райондук коэффициент союз мезгилинен бери колдоого алынып келе жаткан коэфициент. Муну кыскартууга биз каршыбыз. Эгер керек болсо Өкмөткө чейин барабыз.Бизде жашоо шарты оор,аба бийик, кислород жетишпейт. Бул райондук коэффициенти союз мезгилинде канчалаган окумуштуулар, изилдөөчүлөр келип чындыгын тастыктап туруп коюп беришкен.Муну кыскартууга укуктары жок.

Р.Турсунбаев- Нарын шаарынын тургуну биз каршыбыз,бийик тоолуу Нарын жергесинде жашагандар бат карыйт.Эрте каза болушат.Райондук коэффициентти  азайтса миграция башталат. Жаштар келбейт. Эгер райондук коэфициент азайса митингге чыгабыз.Биз шайлаган депутаттар бул маселени чечишсин. Маселе чечилбесе митинге чыгабыз.Биз Бишкекке чейин барууга даярбыз.

Ж.Асанов  отставкадагы полковник- Бул маселени бүгун элдин талкуусуна алып чыкканыңарга чоң рахмат. Бул маселенин тагдыры чечилди. Чынында бул маселе мындан үч жыл мурун көтөрүлгөн. Шаардык Кеңештин депутаты А.Молдосалиев туура айтат, бул маселе көтөрүлүп, биз биргеликте кайрылуу жөнөткөндуктүн негизинде   токтоп калган.Ушул маселени ким көтөрүп чыкса ошону сотко бериш керек.Ушул маселени көтөрүп чыккандар “Кыргыз Элинин душманы”. Нарын облусунда  бир жүз жыйырма миңге  чукул үй бүлө жашайт. Эгер 50 пайызды кыскартса ошол үй бүлөнүн баардыгына Чүй облусунан үй берсин. Менин 4 балам бар. Ветеранмын. 25 жыл Нарын да иштегем. Айыкпас төрт оорууларым бар. Алган пенсиям  дарыдан ашпайт. Нарында жашоо оор. Эгер 50 пайызды кыскартса Бишкек шаарына чейин жөө барам. Митингге чыгам. Урматтуу жыйындын катышуучулары !Бүгүнкү жыйында жакшылап талкуулап, тынчтык жолу менен, сабырдуулук менен  маселелерди чечүү үчүн жогору жакка жеткирели.

Р.Акунов- Нарын районунун Жан-Булак айылдык Кеңешинин төрагасы- Биз Нарын районунун Жан-Булак айлында жашайбыз. Ак-кыядан ашкандарга бизде 50 пайыз төлөнбөйт. Нарын районунун эле ылдыйкы айылдарында турабыз. Бир өрөөндө туруп ар кандай төлөнөт. 20-30 пайыз. Ошону бирдей кылып эле 50 пайыз кылып төлөнсө деген сунушубузду айтабыз.

Исаков.К- Нарын райондук Кеңешинин төрагасы— Бул маселе боюнча биз өткөндөгү жыйынга катыштык. Эгер мыйзам колдоого  кирсе 10 пайыз төмөндөө болот экен. Эми бул маселе барып эле жанагы электр энергияга болгон тарифтей болгон атат. Акырындык менен ал 10 пайыздан да ылдыйлайт. Биз Нарын облусунун райондук Кеңешинин төрагалары баардыгыбыз чогуу жыйын кылып, 28-январда  Аалы Карашев келет экен, ошондо маселе көтөрөлү. Темир Сариевге да айтсак. Бул маселе ким тарабынан көтөрүлүп жатат. Ошол жооп берсин. Биргеликте чечели. 10 пайыз кыскартмак турмак азыркынын үстүнө Нарын жергесинде жашагандар үчүн 10 пайыз коштуруш керек. Камсыздандыруу боюнча маселени да көтөрөлү.

К.Сатыбалдиева- 7-апрель революциясынын баатыры-   өткөндө облуста болгон чогулушта жаш бала туура айтты. Ошто ушул маселе болсо аяктын эли жолду тосмок. Атамбаев айткандай Нарындын эли малга окшош дебеди беле.Бул маселе ушунтип эле чечилип калат. Эл энергиянын тарифи да ушинтип эле көтөрүлүп кеткен. Нарындан делегат келип макул болушту деп атып эле көтөрүлүп кеткен.Менин сунушум Нарындан шайланган депутаттар, Өкмөттөн делегаттар  келип жооп берсин.  Нарынга келсин. Качан келсе да Нарындын эли даяр.

А.Аттокуров-Нарын райондук Кеңешинин депутаты— Өткөндө келген социалдык коргоо министрлигинин орун басарынын берген жооптору такыр туура эмес. Элди алдаган варианттар менен жооп берди. Анда Нарын жергесинде 30-40 пайызга чейин төмөндөйт экен. Алган пенсиясы беш миң сом болсо, анын төрт миң сомун светке төксө, калган акчасы менен кантип жашайт. Жогору жактагылар элди алдоо менен мыйзамдарды кабыл алып келген. Эми касыздандыруу боюнча  машиналарды, элди алдап жатышат. Алар жеке менчик компаниялар экен. Элди алдап акчаны чогултуп алышат да банкрот болдук деп кетип калышат. Үйлөрдү камсыздандырсак болот. Нарындын аба ырайын Чүй менен салыштырууга болбойт. Ал жактын 70 жаштагы абышкасы коньки тээп жүрөт. Бул жактагы андай жаштагы абышкалар баспай калды. Ак үйдөгүлөр жылуу жумшак жерде отуруп алышып, мындай чечимдерди кабыл алгандары туура эмес. Нарын жергесиндеги 50 пайыз райондук коэффициентти албашы керек. Биз ушуга каршы болушубуз керек .

К.Касымалиева- Кыргыз Телеком ААКнун Нарындагы филиалынын кызматкери-1992-жылы ушул бийик тоолу коэффициентти көтөрүү үчүн 28-сентябрдан 30-сентябрга чейин биз ачкачылык акциясын жарыялаганбыз. Ошондо Президент  А.Акаев келип бизге Мыйзамды окуп, 50 пайыз деп чечип берген. Биз райондук коэффициентти 100 пайыз болсо деп турганбыз. Бул маселе кыйынчылык менен чечилген. Эгер азыр бизден райондук коэфициентти кыскартса көтөрүлүүгө даярбыз. Ошол учурдагы кызматкерлер, ошол кездеги документацияларды көтөрүп чыгууга даярбыз.                                                                                                                           Э.Асаналиев: Өкмөттүк эмес уюмдардын атынан- Бүгункү жыйын боюнча мен Нарын шаарынын депутаттарына сын пикир айтып коюшум керек. Нарын шаарынын ар бир жараны бул жыйынга катышууга укугу бар..Ушунтип алдап соолап жатып эле электр энергияга болгон тарифти көтөрүп салышты. Электр энергиясына болгон тариф үчүн митинге чыгып жатканда мени мамлекеттик кызматтта иштеген кызматымдан алып салышты.Бүгун 50 процент боюнча мекеме жетекчилер да келип отурасыңар, мен буга кубанып отурам, мындай маселелерде силер башыңарды катып отурчусуңар.Менин айтайын дегеним Нарында врачтар жетишпей жатат. Нарын шаарында 1,5 жарым ставка  менен иштеген врачтардын жарым ставкасы үчүн төлөнүүчү райондук коэффициентти алып салгандыгына жарым жыл болду.Мисалы менин жолдошум төрөт бөлүмүндө врач болуп иштейт. Мындай акча каражаты менен кечки алтыдан кийин  врачтар эч кандай дежурстводо болбошу керек. Биз Нарындыктар маданияттуу болуп жатканда, бир топ маселелер чечилип калат. Өткөндө социалдык өнүгүү министрлигинин орун басары жыйын өткөргөндө облуста аз киши менен эле  жыйын өткөрүп кетиптир. Эл менен жолугушса болмок. Министрдин орун басары 50 пайыздык райондук коэффициентти кыскартуу мурунку иштегендерден кыскартылбайт, жаңы иштегендерден кыскартылат дептир. Анда биздин Нарынга кайсыл врач келип иштейт.Бийик тоолу жерде атайын 50 пайыздык райондук коэффициент төлөнөт деп башка облустардан врачтарды тартып келип жатабыз. Эми ал каражаттар кыскартылса Нарында ким иштейт. Төрөт бөлүмүндө врачтардын жетишсиздигинен Бишкек шаарынан врачтарды алып келип, каражат төлөп берип иштетип жатышат.Врачтар жетишсиз болсо адам өмүрү да кыскарат да. Бизди ар тараптан алдап жатышат. Эми 50 пайызыңарда калтыралы Нарындыктар машинаңарды, үйлөрүңөрдү камсыздандыргыла дейт. Бүгүнкү күндө дүйнө элинде кризис болуп жатат. Ушул кризис мезгилинде камыздандырууну токтотуп эле турсак.Баардыгы эле кымбаттап жатат. Эл кыйналып жатат. Мурун кайрылуу болуп ошонун негизинде ушул 50 пайыздык райондук коэффиценти кыскартуу боюнча токтоп турат деп жатасыңар.Бизде, Митингге чыксак эле Мыйзамдар токтоп туруп калаарын баарыбыз эле билебиз да. Мыйзамдуу, маданияттуу, тынчтык митингине чыгалы. Митингге чыгуудан коркпошубуз керек. Баардыгын Мыйзамдуу кылышыбыз керек. Мыйзамдуу түрдө мурунку эле дежурный болгон митингчилер эмес баарыбыз чыгалы. Мурунку шаардык Кеңеш 2010-жылы митинг болоордо РТСта болсун деп кетирип салышкан. Сиздер бийликтегилер да эл менен болгула.                     

А.Жаманова- паракордукка каршы күрөшүү борборунун координатору- 50 пайыздык райондук коэффициент боюнча 1992-жылы А.Акаев Президент кезинде Мыйзам кабыл алынган. Ал мыйзамды кабыл алууда кандай аракеттер болгонунун азыр бюджеттик мекеменин кызматкерлери айтып жатышат. Андан кийин бул Мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча Алиясбек Алымкулов демилгечи болгон. Өткөндөгү облуста болгон жыйында да Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин орун басары бул мыйзам долбооруна ким демилгечи, ким көтөрүп чыгып жаткандыгы боюнча бир барак кагазы жок эле даярданбай келиптир. Эч даярданбай туруп, Атамбаев айткандай Нарындын эли кой болуп калышты деген сыяктуу  эч кандай колубузга  кагаз беришкен жок. Бүгүнкү ушул жерде болуп жаткан чогулушка кабарчы Бөлөкбай Шеримбеков, Бейшенбек Калыков да келиши керек болчу. Тойлордун ачылыштарын чагылдырбастан, ушундай чогулуштарды толугу менен көрсөтүш керек.Монтаждап кесип салбай бергиле.Урматтуу Төрага, Урматтуу мэр ушул маселелерди бюджеттик мекемелерде  да талкуулап, алып чыгышсын. Бул маселе баардыгына тиешелүу болуп жатпайбы. Райондордон да маалымат  алсак. Канча пайыз колдоп жатышат. Ушул жерде отурган бюджеттик мекемелер силер да аракет кылгыла, дагы эле революционерлерди алдыга салып коюп отура бербегиле. Урматтуу төрага жана мэр сиздерден сураныч ушул мыйзам долбооруна демилгечи болгон кайсыл министрлик болсо бизге Нарынга келип эл менен жолугушсун. Мынча эл Бишкекке бара албайт. Баардык айтылган сунуштар протоколго камтылсын. Обл администрациянын жалпы болүмү өткөндөгү жыйындын протоколун сурасак секретный деп бербей коюшту. Мунун эмнеси секретный. Орууну жашырса өлүм ашкере дейт. Жашыра турган эч нерсе жок. Баардыгы протоколго камтылсын. Бишкекке барабыз, бирок ар кандай кырдаалда карапайым адамдардын  балдары өлүп калат экен. Чиновниктин балдары жабыр тарпайт экен. Облустун өкүлү Чынара Тургунбековна Сиз дагы катышып жатасыз баардык сунуштар камтылсын. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Өкмөттүн алдындагы кайсыл министрлик ушуну алып чыкса Нарындын элинин алдына келсин. Биз Нарындын эли аларды чакырабыз. 

Б.Жумабаева- революценер-7-апрель революциясынын баатыры- Райондук коэффицент боюнча элдин баары айтты. Менин сунушум Нарындын эли менен жолугушууга өткөндөгү министрдин орун басарындай  бир барак кагазы жоктор  эмес Темир Сариев өзү келсин. Жогорку Кеңештин депутаттары күзүндө ушул жерде шайлоо алдында жүрүшкөн ошолор келишсин. 27-январь 3-күн экен. Эгер келишпесе биз митинге чыгабыз.Кечке ушул жерде турабыз. Экинчи маселе  автоунааны жана турак үйлөрдү камсыздандыруу боюнча жеке фирмалардын иш алып баруусуна каршыбыз.Эгер ушул камсыздандырууну мамлекетке МЧСке өткөрүп берсе, мамлекеттин карамагында болсо  биз макулбуз. Эгер үйүбүз өрт болуп кетсе, 500 миң сомдон беребиз деп жатышпайбы, аны бербейт экен. Элдин үнүн жеткиргиле. Азыркы бийлик элдин аркасы менен 2010 –жылы ушул кызматка келгенсиңер. Кызматтагылар силер да эл менен болгула. Бажы биримдигине кирсек, машина кымбаттап кетет деп элдин көбү кредит алып туруп машина алышкан. Эгер машиналар кырсыктаса, машиналарды камсыздандырылган деп эле ал машинаны бүтөп бере албайт. Анда да машиналардын жылы эски же оң рулдуу экен деп чыгышат. Машиналарды жеке фирма камсыздандырып  анан ал качып кетсе, мамлекет акчанын баарын жеп алып качып кеткен андан кыйындарды алып келе албай жатат.Мындай жеке фирмалар камсыздандырса биз каршыбыз, эгер мамлекет өзү камсыздандыруу кылса ага макулбуз.Менин талабым Жогорку Кеңештин депутаттары келсин. Эл менен ойнобогула. Эгер эл менен ойносоңор 2010-жылдагы революция кайталантат. Карапайым эл деген түшунбөй атат. Пенсиядан да кыскарып калаарын алар билген жок. Азыр кредитти кантип толөйбүз деп элдин оюу бир жерде болгон жок. Телевидение толугу менен бүгункү айтылгандардын баардыгын көрсөтсүн. Сүйлөгөндөр бүт көрсөтүлсүн, антпесе эле баягы Бактыгүл дагы эмнени айтып жатат деп ойлошот.Врачтардын саны аз болуп жатат. Ушундай кырдаал болсо Нарынга кайсыл врач келип иштейт. Врачтар жетишпесе, аялдар мал сыяктуу үйгө төрөйбү. Бийликтегилер силер ушул маселенинин баардыгын жеткизишиңер керек.Менин сураанарым бийликтегилер ушул жерге келсин. 27-Январда элдин алдына келип фракция лидерлери жооп берсин.Митингге чыгабыз.   А.Молдосалиев- Азыр бул жерден бир жакшы кабар угуп жатабыз. Салянова Аида Жеңишбековна келиптир. Бүгункү жыйынды угуп, туура мен эл мененмин дептир. Страхование боюнча маселе кичине жылып атыптыр. Жогорку Кеңеште Теңир-Тоолуктар аз экен. Алар дагы кооптонуп жатышыптыр. Добуш берүүгө келгенде аз болуп атышат.                                             Канайым Бердибаева-  7-апрель элик революциясынын баатыры- Урматтуу бийликтегилер 27-январда митинг болоордо  шаардык ички иштер бөлүмүн, улуттук коопсуздук кызматын тыйгыла. Терезелерди сындырып, үйлөрдү өрттөбөсүн. Тынч гана митинг болот. Эгер алар коркутса арты жаман болуп калат.                                                                                                               А.Молдокадыров-саламатттык сактоо мекемелеринин профсоюуз уюмунун төрагасы— Өзүңүздөргө белгилүү болгондой Нарынга 137 врач жетишпейт. Обл оорукананын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнун аракети менен былтыркы жылы 21 врач келди, алардын 7си ординаторский. Бул врачтар жөн эле келген жок. Аларды кызыктырып алып келгенбиз, айлыгыңар 15-20 миң сом болот, квартираңарды төлөп беребиз,Балдарыңарда  бала-бакчага орноштурабыз деп. Жанагы жетишпеген 137 врачтын ордун башка врачтар толуктап 1,5 ставка менен иштеп келген. 8 айдан бери ошол кошулган жарым ставкасына райондук коэффициентти алып салып, врачтар наарызы. Жаңы келген врачтын айлыгын алдырып көрсөм, негизгип айлыгы 5,0 миң сом экен, анын 50 пайыз райондук коэффиценти менен 7 миңден ашыгаарак акча алат. Алардын стажысы да жок эмгек акысына кошкон. Эми өзүңүздөр эсептеп көргүлө ушул  акча менен алар кантип жашашат.Өткөндөгү келген министрдин орун басары  50 пайыз райондук коэффицентти мурунку иштегендер ала берет, жаңы келгендерге кошулбайт деп. Бизге кайсыл жаңы врач келет ушундай аз айлыкка.Эми биз жергиликтүу жетекчиликке, министрге, Жогорку Кеңешке кайрылып келгенбиз, жанагы кошумча ставкага райондук коэффициентти кошуу боюнча, өткөндө айтышты бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна коюулуп жатат дешти, чечилип калат деп. Эгер бул кошулбаса Нарындын врачтары 1-январдан баштап жарым ставкасы үчүн иштеген жумуштарына чыкпайбыз деп жатат. Эми жалпы элди да ойлош керек да. Алар чыкпай койсо элге эле жаман болот да. Дежурствого туруп оорулууну кабыл алыш керек да.Азыр Нарындын врачтары патриоттук сезим менен иштеп жатышат. Биздин Кайрылууну төрага Эрмек Турдалиевичке бердик.Өзү врач. Врачтардын көйгөйүн түшунөт. Менин айтаарым 50 пайыздык райондук коэффициент кыскарса Нарынга эч ким келип иштебейт.

Жыргал Жусубакунов7-апрель революциясынын баатыры Урматтуу жыйындын катышуучулары. Жанатан бери баары айтылды. Мен 27-январда боло турган тынч митинг боюнча айтып кетейин. 27-январда саат 10-00дө  митинг болот. Базардагылар, таксисттер баарын угуп алышсын. Бизде кагаз берип тараткандай акчабыз жок. Уведомление беребиз. Урматтуу Эрмек Турдалиевич микрафон, калонка менен камсыз кылгыла. Тынч митинг болот. Эки маселе райондук коэффицент жана камсыздандыруу боюнча. Революционерлер (5 аял) ичип атат жеп атат дегениңерди токтоткула. 27-январда Премьер министр келсин. Ошол кунү 22-23 градус суук болот экен.    2010-жылы Данияр Үсөнов келгенде 12-мартта сыртта туруп маселелерди айтып чечкенбиз

. Азыр дагы алдыда айтылган маселелерди чеччүүгө Нарындын эли даяр. 27-январда саат 10до тынчтык митинги болот. Райондорго  да айтсаңыздар болот.                                                   Ж.Осмоналиев- Троллейбус ДЭПОсунун жетекчиси- 2010-жылы 17-мартта Бакиевдин курултайында биздин көзү өтүп кеткен жердешибиз айткан. Нарында жашаганга эмес менин үйүмө 3 күнгө мейманга эле келип кетсеңиз деген. Нарындын элинин жашоосу кыйын. Мен дагы ушул жерде отургандардын айткандарына кошулам. 27-январда боло турган митинге бийликтин бутагындагылар, Нарынды тейлеп тескеп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттары келип кетсин. 12-март 2010-жылы Данияр Үсөнөв кандай эшикте туруп үшүсө, алар да келип Нарын дын суугун көрүшсүн. Мен дагы Сиздерди ошол митинге катышууңуздарды сурайм.

А.Шакиев-Нарын шаарынын тургуну— Урматтуу жердештер!Нарында жашоо оор. Чүйдө камыштан үйкуруп ортосуна кардандон салып коюп жашаса да болот. Нарында дээрлик пенсия, посибие менен жашаган элдер бар. 3-4 миң сом пенчия алгандар пенсиясын кайсыга жеткиришет. Көмүр алабы же ачка отурабы? Биздин жердешибиз көзү өтүп кеткен Арабаев туура айткан. Мен шарты бар үйдө жашайм. Ошол менин үйүмө конокко келип эле Нарындын жашоо шартын көрүлө деген. Алмаз Баатырбековго депутатка рахмат. Башкалар ушул Нарынга келип, жашоонун, климаттын оордугун өздөрү көрүшсө жакшы болмок. Сууктун айынан канчалаган ооруларга туш болуп жатабыз. Ошонун баарына түшунбөй жатышат жогору жактагылар.Сууктун айынан канчалаган ден соолуктан айрылып жатабыз. Базардагылар соода кылып өз оокаттарын кылып жатышат. Союз мезгилинен бери канчалаган окумууштуулар, изилдөөчүлөр келип ушул суукту аныктап, коюуп кеткен райондук коэффициентти эмнеге кыскартышат. Нарында элдер эрте карыйт,эрте каза болот. Ошону кантип билишпесин.Кислороддун жетишсиздиги болуп, жүрөк кан тамыр жана башка айыкпас дартка кабылып жатышат. Нарындын эли кайратман эл. Ошон үчун кетпей жашап жатабыз. 50 процент эмес, Нарынга 60 процент кошуш керек.

Б.Исмаилов-  Нарын шаардык Кеңешинин депутаты.Нарында жашоо оор. Врачтарды айтып атабыз. Баардыгы эле кыйналып жатышат. Мугалимдерге да кыйын болуп жатат. Медицина тармагындагы кенже кызматкерлер. Айлык акылары айдан айга жетпей калып, жумушка жөө келишет. Күн суук. Телевидениеге кемчилик айткым келет. Эмне үчун Нарындын суугун көрсөпөйсүңөр. Суук десе эле Каныш-Кыяны көрсөтүп калышат.  Жылдын алты айы кыш. Кыштан электр энергияга болгон төломдөрү төлөп, көмүр алып эптеп чыгабыз. Алган айлык эптеп жетет. Күзундө балдарды окууга киргизмей. Башка жылуу жактагылардай эмес бизде жашоо шарт жеңил эмес. Жылдын 4 мезгилине 4 башка кийим алуу керек.50 пайыздык райондук коэффициент ошол бойдон калыш керек. Ушул мыйзамдын долбоорун жазгандарыд Конституциялык сотко бериш керек. Баардык жерде эле адамдарды кыйынчылыкка, кризиске түрткөн Мыйзам кабыл алынбайт. Ал эми  бул мыйзам адамдардын жашоо шартын кризиске түртүп жатат. Ошол Мыйзамдын долбоорун иштеп чыккан күнөөлүлөрдү жоопко тартыш керек. Менин сунушум ушундай.

Б.Балбаев- Нарын шаардык Кеңешинин депутаты.Жаш врачтар 50 пайыздык райондук коэффициент үчун келип иштеп жатышат. Нарындагы бийик тоолуу абадан жүрөк кан тамырлар оорулар көп. Эгер 50 пайыздык райондук коэффициент азайса миграция көбөйөт. Нарында ушул коэффицент кабыл алынган мезгилдеги суук ошол бойдон. Ошол климат ошол бойдон турат.Россияда, Казакстанда кризиске карата кандай сүйлөшүүлөр болуп жатат. Россиянын Премьер министри Медведев экономикалык абалы боюнча болгон министрлерин, экономистерин чогултуп алып  сүйлөшүп жатат. Бизде болсо элдин үстүнөн Мыйзам долбоорлору иштелип жатат. Ар бир айыл өкмөттө, бюджеттик мекемелердин жетекчилерин баардыгын карап тактоо керек. Жогорку Кеңештин депутаттары келип элдин үнүн угуш керек. Биз дагы шаардык Кеңештин депутаттары элдин үнүн угузалы деп аракеттенип жатабыз.Бюджеттен бир сом албай эле долбоорлорду жазып иштеп келе жатабыз.Кыргыз жерибиз кандай жер. Эмнени өнуктүрсөк болот деп изденип иштебей эле мурун бекиген коэффициентти алып салууга болбойт да. Камсыздандырууну жеке менчик компаниялар алып барат деп атат. Мамлекет алыш керек бул маселени өз колуна. Аларга ким кепилдик берет. Миллиондогон акчаларды жеп алып качып кеткендер болбодубу. Ар бир машинаны 3,0 миң сомдон камсыздандыруу керек деп жатышат.Мамлекет өзү кепилдик берсин. Кечээ эле телевидениеден көрсөтүп жатат. Кыргызстан деген компанига машинасын камсыздандырыптыр, машинанын ээси  кырсыктап машинасын сүзүп алыптыр, бүгүнкү күндө 3 ай болду дейт, 12 миң долларга чукул акчасын төгүптүр, бүгүнкү күндө толөп бербей жатыптыр.Ушундай учурда ким жооп берет. Элди туура түшүнүш керек. Ушул жерде отурган бийликтегилер да туура тушүнуш керек. Райондук коэффициентти алса жаштар кантип иштейт. Жана туура айттыңыздар ушул идеяны райондук коэффициентти кыскартуу боюнча ким алып чыкса, ошол элдин алдында жооп берсин. Тынчтык, сабырдуулук жолу менен чечүү керек. Биздин Нарындагы сууктун температурасын Кочкор менен салыштырууга болбойт. Урматтуу төрага ушул жыйындагы айтылган баардык сунуштарды болгон инстанцияларга жеткирсек, булар дагы өз атынан эмес жалпы эл үчүн ушул жерге келип жатат. Оорунун көптүгү, өмүрдүн кыскалыгы ушул оор климаттык шарттан болуп жатат. Ушунун баарын Кайрылууга көрсөтүшүбүз керек. Телевидение баардыгын чагылдырсын.

А.Жаманова: Нарын шаардык Кеңешинин депутаттары ушул маселе боюнча канча жолу жогорку жактарга кайрылдыңар эле?Алардан кандай жооп келди? Сиздерде 31 депутат барбы калгандары жана комиссия төрагалары кайда. Кайрылуулар алардан келген жооптор боюнча ачык айткыла да. Силер элдин атынан шайлангандан кийин, элге айтып тургула. Экинчиси жаштар кантип пенсияга чыгат. Жылына 12,0 миң сомго чукул акчаны төгүп туруш керек, алар ал акчаны кайдан табышат.                                                                                                                                              Б.Жумабаева: Патентке акча төлөп атышат, базардагылар бирок ошол акча менен пенсияга чыгышкан жок да.

   Б.Балбаев: Биз Нарын шаардык Кеңешинин депутаттары көптөгөн каттарды, Кайрылууларды жолдоп эле жүрөбүз, бирок тиешелүү жооп ала албай келебиз.

А.Молдосалиев- 2013-жылы Нарын шаардык Кеңешинин депутаттары мурунку жаштар министри Алиясбек Алымкулов тарабынан ушул райондук коэффициент боюнча

 Мыйзам долбоору даярдалып, шаардык Кеңештин депутаттары коомдук угуу өткөрүп, Бишкекке министр А.Алымкуловго жолугууга барганбыз. Ошонда А.Алымкулов артка чегинген. Ал деле өзү сунуштаган эмес, ошол учурдагы Өкмөт, бийликтегилер сунушта деген да.Нарын шаардык Кеңештин депутаттары көптогөн иш аракеттерди кылып эле жатабыз. Сиздер шаардык Кеңештин депутаттары эмне кылып жатасыңар, эмне иш кылдыңар деп жатасыздар. Ошол эле билим берүү министрлигине жана башкаларга каттар жөнөтүлүп бир катар иштер аткарылып жатат. Анда ошол боюнча отчет берели.

М.Калиева -шаардык Кеңештин депутаты- Сиздер айтып жатасыздар ушул жерде ушул жерде айлык алып иштеп отурасыздар деп. Биз эч кандай айлык албайбыз. Ушул бугункү жыйынды Сиздердин атыңыздардан уюштуруп берип жаткан да шаардык Кеңештин депутаттары. Бул биздин биринчи эле кадамыбыз. Баардыгы Мыйзам чегинде болуш керек да. Баардыгыбыз Мыйзам талаасында иш кылышыбыз керек.

Т.Керимбаев- облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы- Мен ардагерлердин атынан келип отурам. Чындыгында бийик тоолу коэффиценти алып салуу Нарын эли үчүн эң чоң жоготуу.Алдыда көптөгөн жакшы создор айтылып жатат. Ушунун баары эле сөз болуп калып калат. Ушуну атайын Кайрылуу жазап, Нарын облусундагы 827 ардагердин атынан да кайрылуу кылсак. Кайрылууну жиберип сабырдуулук менен иш кылалы. Кумарчылардын оюнун ачалы деп жатат ушул туура эмес, ушуну да кийирип койсок Кайрылууга.Камсыздандыруунун кереги бар, эгер мамлекеттик кепилдик болсо.

З.Билалова- врач- Нарын облусуна  ушул 50 пайыздык райондук коэффициентти канча азап менен алып келгенбиз.Азыр врачтар аз, врачтардын да айлык акылары жогорудагы айтылгандай азайып жатат. Азыркы учурда Нарындын жашоочуларынын ден соолуктары начар. 25 жаштан өткөн жаштарыбыз инсульт, инфаркт болуп жатат Инфаркт, инсульт болгон адамдын жашоосу кандай болот билесизби, алар жол жүрүүгө да болбойт, оор жумушка жарабайт. Жашоо оор болууда. Ар бир үйдө кредит. Биз врачтар үйлөрду кыдырган мезгилде бир пенсиядагы кемпирдин 3,0 миң сомдук пенсиясы менен жашагандар бар.Үйүндө нан жана чай менен жашап жаткандар көп. Нарында көпөгөн адамдар ден соолугу боюнча инвалид. Инвалиддик пенсиясы алган дарысынан ашпайт.Депозит менен иштеген депутаттар азыр күнүн санап отурушат. Депозиттик мөөнөт бүтөөрү менен кетишет. Анан Нарында ким иштейт. Врач болуп окуш үчүн 50,0 миң сом кантракт төлөш керек. Ошол окуусун бүткөн студент кайра 7,0 миң сомдук айлык акы алып иштешет. Нарынга врачтардын жетишсиздигинен Бишкектен врач чакыртып алып иштеп жатышты. Райондук коэффициент канчалаган изилдөолөрдүн, врачтардын берген кортундуларынын негизинде келип чыккан. Врачтар Ат-Башыга, Арпага, Оорук тамга барып кардын калыңдыгын көрүп, Инсульт, инфарк болгон адамдардын сурөтүн тартып көргөзгөнбүз. Муну жөн гана кантип алып салууга болот. Канчалаган жаштарыбыз башка мамлекеттерде кул болуп жүрүшөт. Россияда биринчи төрөгөн аялга 210,0 миң сом берет. Путин россиянын граждандыгын сактоо үчүн ушул кадамга барып жатат. А бизде толөнүп жаткан коэффициенти алып салып жатышат.

К.Сатыбалдиева- Митинге чыкпасаңар Өкмөт элдин үнүн укпайт.Врачтар эл менен бирге болгула.Ч.Абдыраимакунова- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары- Баардык айтылган сөздөр туура. Биз баардыгына кошулабыз. Мыйзам долбоору талкууга коюлгандан баштап баардык мекемелердин профсоюуз уюмдары менен биргеликте иш алып барып жатабыз.19-февралда келген министрдин орун басары да ушул өкүлчүлүктүн чакыруусу менен келип жыйын өткөрүп, андан кийин Ат-Башыга кетти.

Менда азыр ошол жыйындын пртоколу турат. Бул эч кандай жашыруун эмес. Ошол жерде сүйлөгөндөрдун баардыгынын созү жазылып турат. Жогорку органдарга жөнөтүлдү.Статистика башкармалыгынан маалыматтар алынды. Диапазондор жана алыскы барууга кыйын жерлер боюнча. Канчага кыскарат деген боюнча. Сунуштар алынып жөнөтүлдү.Азыр баардык эле бийлик эл менен. Мамлекеттин негизи да эл.Сиздердин үнүңүздөрдү бугункү протоколдун негизинде Кайрылуу кылып жөнөтөбүз. Эрмек Турдалиевич протоколду эртэрээк бүткөрүп берсеңиздер. Баардыгыбыз ынтымакта, сабырдуулук менен иш кылсак, маселелер чечилет.Кризис болуп жатат. Кризис жакынкы эле Орто Азия өлкөлөрүндө эмес, дүйнө жүзүндө болуп жатат.

Кыргыз эли ушул кризисти өзүбуздүн улуттук духубуздун бийиктиги менен жеңебиз. Ар бир региондун, райондун өнүгүүсү боюнча, кантип өнүктүрсөк болот ошол боюнча иш алып барып жатабыз.Баардыгыбыз тынчтык жолу менен иш алып барсак.                                        Э.Турсуналиев- Нарын облустук телевидениеси жыйынды толугу менен чагылдырып көрсөткүлө, бул көйгөйлүү  маселе, экинчиден 50 пайыздык райондук коэффициент боюнча туура маселе көтөрүлдү, канча жылдан бери Нарындыктардын бийик тоолу жерде, климаты оор шартта жашагандыгы үчүн кошулган үстөктү кыскартуулары туура эмес. Бул боюнча Кыргыз Респуликасынын Жогорку Кеңешине, Өкмөткө Кайрылуу жолдойлу. Өкмөттүн Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнөн Чынара Тургунбековна катышып отурат.Бул кайрылууну Өкүлчүлүк да жогору жактарга жиберишет.

Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин депутаттары менен өткөрүлгөн коомдук талкуунун жыйыны чечим кылат:

  1. 06.1996-жылдагы “Бийик тоолуу, алыскы, барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар” тууралуу Мыйзамы өзгөртүүсүз калтырылсын.
  2. Коомдук угуунун талкуусунун негизинде төмөндөгү Мыйзам долбоорлоруна каршылыгыбызды билдиребиз  жана төмөнкүлөрдү талап  кылабыз

  • 28-июнь 1996-жылдагы №33 “Бийик тоолуу, алыскы, барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар” тууралуу Мыйзамына киргизилип жаткан Мыйзам долбооруна;
  • 20-ноябрь 2012-жылдагы №185 Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине  өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү Мыйзамы  менен өзгөргөн Эмгек Кодексинин №333 беренесин мурунку бойдон калтырууга;
  • Кыймылсыз мүлктөрдү жана атоунааларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча Мыйзамдырына өзгөртүү киргизилип, бул мыйзамдарда жарандар өз ыктыяры менен камсыздандыруу жана ушул Мыйзамдарга Кыймылсыз мүлктөрдү жана атоунааларды камсыздандырууда мамлекет тарабынан гана камсыздандыруу жүргүзүлсүн.
  1. 2016-жылдын 27-январында саат 10-00дө Нарын шаарынын Теңир-Тоо борбордук аянтында өтүүчү тынчтык митингисине  Кыргыз Республикасынын Премьер Министрин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин фракция лидерлерин, Жогорку Кеңештин депутаттарын  жана жогорудагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө Мыйзам долбоорлорун  сунуштаган тараптардын өкүлдөрүн Нарын шаарынын эли менен жолугушууга катышууну  камсыз кылууну элдин  өтүнүчү менен  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кайыпов Аманбай Кайповичтен сурайбыз.
  2. 2016-жылдын 27-январында саат 10-00дө Нарын шаарынын Теңир-Тоо борбордук аянтында өтүүчү тынчтык митингисине элдин өтүнүчү менен   элдин коопсуздугун камсыз кылуу жана уюштуруу иш чараларын  көрүү Нарын шаарынын мэри Адиев Рахат Нурдиновичке тапшырабыз.

Чогулуштун төрагасы                                                                  Э.Турсуналиев

Чогулуштун катчысы                                                                   А.Абдыкеримов

 

Добавить комментарий