НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXVI I СЕССИЯСЫНЫН
№ 10 ТОКТОМУ
10-декабрь 2015-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы I сессиясында Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарлары Мыйзам талаптарына ылайык депутаттардын ачык добуш берүүсү менен шайланган.
Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы XVI I сессиясында Нарын шаардык Кеңешинин “Ак шумкар” фракциясынын депутаты –төраганын орун басары Адиев Рахат Нурдинович Нарын шаарынын мэри болуп шайланып, депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.
Бул маселе 19-март 2015-жылдагы Нарын шаардык Кеңешинин сессиясынын күн тартибине киргизилип, бирок депутаттардын көпчүлүк добушу менен Нарын шаардык Кеңешинин кийинки сессиясына калтырылган. 2015-жылдын 26-октябрында Нарын шаардык Кеңешинин “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттарынан төраганын орун басарын шайлоо маселесин кезектеги сессиянын күн тартибине киргизүү боюнча сунуш каты келген.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 38-беренесине жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 29-46-главаларына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча сессияга катышкан депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясында депутаттардын талкуусунан кийин Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына талапкерлигин койгон”Ата Мекен” фракциясынын депутаты А.Молдосалиев сессияда катышкан депутаттардын ачык добуш берүүсү менен 17 “макул”, 3 “каршы”, 4 “калыс” добушун алгандыгына байланыштуу Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайланды.
Төрага Э.Турсуналиев
__________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн:иш кагазга,