НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XII СЕССИЯСЫНЫН № 4\3 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  XII СЕССИЯСЫНЫН

  № 4\3  ТОКТОМУ 

21-ноябрь  2017-жыл                                                                                                                                      Нарын  шаары          

Жумабаева Роза Калмаковнага Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө

Жумабаева Роза Калмаковна Нарын  шаарында  1947-жылы 30-январда туулган. Алгачкы эмгек жолун 1965-жылы Нарын облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүндө операциялык медсестра болуп иштөө менен баштаган. 1971-жылы Нарын шаарындагы  №2 балдар бакчасында усулчу болуп иштеп,  1987-2006-жылдары  №15 «Бактылуу балалык» балдар  бакчасынын башчысы болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан.

Үзүрлүү эмгектери үчүн  Нарын облустук билим берүүнүн, Нарын облустук билим берүү башкармалыгынын, Нарын облустук регионалдык билим берүүнү өнүктүрүү борборунун, КРнын Билим берүү жана илим министирлигинин, Нарын шаар башчысынын, Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын, КРнын Президенти А.Акаевдин, Нарын шаардык Кеңешинин «Ардак грамоталары»  менен сыйланган.

Жогорудагылардын жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде  Жумабаева Роза Калмаковнага  Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү боюнча  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Билим берүү тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн депутаттардын колдоосуна ээ болгондуктан, Жумабаева Роза Калмаковнага Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
  1. Жобого ылайык Жумабаева Роза Калмаковнага атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.

  

Төрага                                                                                                                                                               Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, Р.Жумабаевага.

 

 

Добавить комментарий