НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XII СЕССИЯСЫНЫН № 4\4 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  XII  СЕССИЯСЫНЫН

  № 4\4 ТОКТОМУ         

21-ноябрь 2017-жыл                                                                                                                                 Нарын шаары

Жунушов Орозобекке   Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

Жунушов Орозобек 1960-жылдын 6-мартында Нарын облусунун Кочкор районундагы Исакеев айылында туулган. 1977-жылы 10-классты ийгиликтүү аяктагандан кийин Фрунзедеги советтик соода техникумуна тапшырган. 1978-1980-жылдары  Советтик Армияда кызмат өтөгөн. 1982-жылы окуу жайды ийгиликтүү аяктап, азык-түлүк товароведи кесибине ээ болгон.

1982-жылы Кочкор райондук керек-жарак коомунда сатуучу, 1983-1985-жылдары дүкөн башчысы, 1985-1987-жылдары Нарын шаарындагы жашылча-жемиш конторасына товаровед кызматына иштеген. 2001-жылы сентябрь айынан баштап Нарын облустук мусулмандар Казыятынын каржы бөлүмүнүн башчысы, жооптуу катчысы кызматтарында 16 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жатат.

Кыргызстан Мусулмандарын 1-11-111- Курултайында жалпы мусулмандардын колдоосу менен Кыргызстан Мусулмандарынын борбордук көзөмөл комиссиясынын мүчөсү болуп шайланган. Бир нече “Ардак грамоталардын” ээси. 2013-жылы “Кыргыз Республикасынын ардактуу аксакалы” ордени менен сыйланган.

Жогорудагылардын жана  депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде  Жунушов Орозобекке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү боюнча  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана Нарын облусунун казыятынын сунушунун негизинде депутаттардын колдоосуна ээ болгондуктан, Жунушов Орозобекке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
  1. Жобого ылайык Жунушов Орозобекке атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                Ж.Ботоканов

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, О.Жунушовго

 

Добавить комментарий