НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXV СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХXV СЕССИЯСЫНЫН

1 ТОКТОМУ

17-сентябрь 2019-жыл                                                                                                                                                                          Нарын шаары

 

Нарын шаарында 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине карата шаардык мэриянын жана тармактык бөлүмдөрүнүн даярдыктарынын жүрүшү жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык жана Нарын шаардык мэриясынын жана тармактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин маалыматтарын угуп, талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата Нарын шаардык мэриясынын жана тармактык бөлүмдөрүнүн даярдыктарынын жүрүшү боюнча сессияда берген маалыматтары эске алынсын.
  2. Нарын шаарынын калкын көмүр, жылуулук, таза суу жана электр энергиясы менен камсыз кылуу иштери Нарын шаардык мэриясы, “Нарындагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” филиалы, Нарын суу-канал ишканасы, Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан сапаттуу жана үзгүлтүксүз өз учурунда жүргүзүлсүн.
  3. Нарын шаарындагы жалпы орто мектептердин, бала-бакчалардын жана шаардын ооруканалардын, үй бүлөөлүк дарыгерлер топторунун жылытуу, кыш мезгилине карата даярдыктарды көрүү, толук кандуу иштөөсүнө шарттарды түзүү, белгиленген нормада жылуулук берүүнү камсыз кылуу жагы Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө, Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна тапшырылсын.
  4. Нарын шаарынын борбордук көчөлөрүнө жана жалпы ички көчөлөрүнө себилүүчү инерттик материалдарды, туздарды толук камдоо жана кышка карата керектүү техникаларды даярдоо жагы «Таза-Нарын» ишканасына тапшырылсын.
  5. Мекемелердин дебитордук карыздарын өндүрүү боюнча иш аракеттерди көрүү “Нарындагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” филиалынын, Нарын суу-канал ишканасынын, Нарын электр тармактар ишканасынын, Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын жетекчилерине жүктөлсүн.
  6. Нарын шаардык мэриясына төмөндөгүлөрдү аткаруу жагы тапшырылсын:
  • Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору М.Алияскаровго Нарын шаардык Кеңешинин сессиясына катышпандыгы, кыш мезгилине карата даярдыктар боюнча маалымат бербегендиги үчүн чара көрүү;
  • Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн кышка карата даярдыгын карап чыгуу жана жыйынтыгы боюнча маалымат берүү;
  • Жылытуу мезгилине карата даярдыктын жүрүшүн, калкты көмүр-отуну менен камсыздоо, анын сапатын жана баасын, электр энергиясын пайдалануу лимитинин аткарылышын көзөмөлгө алуу, кетирилип жаткан кемчиликтерге ыкчам чараларды кабыл алуу.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                         Ж. Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, жылуулук, суу-канал, электр-тармактар, Таза-Нарын ишканаларына, шаардык билим берүү бөлүмүнө, үй бүлөлүк медицина борборуна.

Добавить комментарий