НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКСИЗ ХXXIII СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
24-апрель 2020-жыл Нарын шаары
Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын «Нарын шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоорунун экинчи фазасын ишке ашырууга макулдук берүү жөнүндө
Нарын шаардык мэриясынын жаңы саркынды суусун тазалоочу курулмаларынын курулушун куруу, Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) долбоорунун экинчи фазасын баштоого макулдук берүү жөнүндөгү катын талкуулаган Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча», «Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча» жана «Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча» туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун чечимине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамына жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык Нарын шаардык Кеңештин сессиясы токтом кылат:
- Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын «Нарын шаарын ичүүчү суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоорунун экинчи фазасын ишке ашырууга макулдук берилсин.
- Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) долбоорунун экинчи фазасын ишке ашырууда биринчи долбоордогу түзүлгөн келишим, макулдашуулардагы кетирилген кемчиликтерге жол бербөө жагы колго алынсын.
- Нарын шаардык суу-канал ишканасынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында, анын юридикалык, уюштуруучу-укуктук формасын, иштөө шарттарын, Уставын кайра карап чыгууну 2020-жылдын 1-июнуна бүткөрүү Нарын шаардык мэриясына жана Нарын шаардык мэриясынын буйругу менен түзүлгөн мекеме-ишканалар аралык жумушчу комиссиясына тапшырылсын.
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратына жиберилсин.
- Токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн жана Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына мааалымат берилсин.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, КРнын Өкмөтүнө, шаардык мэрияга, Нарын суу-канал ишканасына, ЕБРРге.