Урматтуу Нарын шаарынын тургундары 2014-жылдын 16-июлунда Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында Нарын шаардык Кенешинин кезектеги сессиясы болот сессиянын күн тартибинде төмөндөгү маселеклер сунуш кылынат
Долбоор
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XV СЕССИЯСЫНЫН
К Ү Н Т А Р Т И Б И
16-июль 2014-жыл Нарын шаары
1. Шаар элин паспорт менен камсыз кылууда Нарын шаардык жана райондук паспорттук визалык калкты каттоо бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө
Билдирүүнү: туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Балбаев жасайт.
Кошумча билдирүүнү: Нарын шаардык жана райондук паспорттук визалык калкты каттоо бөлүмүнүн башчысы А.Байгелдиева жасайт.
2. Нарын шаардык бириккен аскер комиссариатынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Билдирүүнү: туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Балбаев жасайт.
Кошумча билдирүүнү: Нарын шаардык бириккен аскер комиссариатынын аскер комиссиары Н.Жээнбеков жасайт.
3. Шаардагы муниципалдык жерлердин ижара акысын жогорулатуу боюнча жаңы тарифин бекитүү жөнүндө
Билдирүүнү: шаардык муниципалдык менчик департаментинин жетекчиси М.Мамбетакунов жасайт.
Кошумча билдирүүнү: туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Байгубатов жасайт.
4. Нарын суу канал ишканасынын элди таза суу менен камсыз кылуу жана ыплас сууларды кабыл алуу боюнча жаңы тарифин бекитүү жөнүндө
Билдирүүнү : Нарын суу канал ишканасынын жетекчиси Г.Бактыбаева жасайт.
Кошумча билдирүүнү туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Байгубатов жасайт.
5. Нарын шаарындагы орто мектептериндеги башталгыч класстардын окуучуларына , бала бакчадагы балдарга берилип жаткан тамак аштын сапаттуулугу, санитардык абалдын сакталышы жөнүндө
Билдирүүнү: Туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Исмаилов жасайт.
6. Нарын шаарынын 2014-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүсүнүн “Жол картасын” бекититүү жөнүндө.
Билдирүүнү: Шаардын биринчи-вице мэри А.Суранов жазайт.
7. Нарын шаарындагы ФОКтун айланасындагы жер аянтын муз ойноочу аянт курууга ижарага берүү жөнүндө
Билдирүүнү: туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Байгубатов жазайт.
8. Нарын шаардык троллейбус ДЭПОсунун балансасынан турган ЗИУ-9Б троллейбусун чыгыштоо жөнүндө. Билдирүүнү турууктуу комиссиянын төрагасы Б.Байгубатов жасайт.
9. Нарын шаардык Кеңешинин жана Нарын шаардык мэриясынын уюушулгандыгынын 10 жылдыгын өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Билдирүүнү: шаардык Кеңештин төрагасы ЭТурсуналиев жасайт