НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХХХ СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 2 — октябрь № 5 Нарын шаары
Реабилитациялык борборго штаттык бирдиктерди ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин жектекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы, экономика жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык мэриясынын алдындагы “Нарын шаардык реабилитациялык борбор” муниципалдык мекемесине 2026-жылдын 1-октябрынан тартып, директор, 1 (бир) логопед, 1 (бир) дефектолог жана 1 (бир) бухгалтер, жалпы 4 (төрт) штаттык бирдик тиркемеге ылайык ачылып берилсин жана 2026-жылдын октябрь, ноябрь, декабрь айлары үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 973 447 (тогуз жүз жетимиш үч миң төрт жүз кырк жети миң) сом өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Ж.Эсеналиев
