НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХХХ СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 2 -октябры №6 Нарын шаары
Нарын шаардык коммуналдык ишканаларынын жалпы кызматкерлеринин эмгек маяналарын көтөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына, коммуналдык ишканалардын эмгек жамааттарынын кайрылууларынын жана Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколунун чечиминин негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарындагы, Нарын шаардык “Таза-Нарын”, “Жашылдандыруу” ишканаларынын, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын жалпы эмгек жамааттарынын негизги эмгек маяналары 30 пайыздык өлчөмгө көтөрүлсүн.
- Коммуналдык ишканалардын эмгек маянасынын көбөйтүлгөн өлчөмү Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин “Экономикалык чыгымдар” беренесинин эсебинен жана муниципалдык ишканалардын 2026-жылга карата бекитилген эмгек акыларынын үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен каралып, көтөрүлгөн эмгек акыларын төлөө 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып жүргүзүлсүн.
- Коммуналдык ишканалардын көбөйгөн эмгек акыларын эсептеп чыгуу ишканалардын жетекчилерине жана башкы эсепчилерине жүктөлсүн.
- Ишканалардын көтөрүлгөн эмгек акыларын төлөп берүү жагы Нарын шаардык мэриясына жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына тапшырылсын.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Бюджет, финансы, экономика жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Ж.Эсеналиев
