28-апрель 2017-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын 2017-2020-жылдарга карата өнүгүү стратегиясынын долбоорун бекитүү жөнүндө
Нарын шаардык Кеңешине Нарын шаарынын мэри Алымкулов Эмилбек Абдыраимович 2017-2020-жылдарга карата Нарын шаарынын социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүүнүн программасынын долбоорун Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясынын күн тартибине киргизип бекитип берүү сунушу менен кайрылган.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 44-беренесинин 7 пунктунда жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 58-главасынында Нарын шаарынын мэри кызмат ордуна кирген учурдан тартып 3 айдан кечиктирбестен шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн программасынын долбоорун иштеп чыгууну камсыз кылат, шаардык Кеңешке бекитүү үчүн сунуштайт деп белгиленген.
Нарын шаарынын мэри Алымкулов Эмилбек Абдыраимовичтин 2017-2020-жылдарга карата Нарын шаарынын социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүүнүн прогораммасынын долбоору боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 44-беренесинин 7 пунктуна жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 58-главасына ылайык Нарын шаарынын мэри Алымкулов Эмилбек Абдыраимовичтин сунуштаган 2017-2020-жылдарга карата Нарын шаарынын социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүүнүн стратегиялык программасынын долбоору бекитилсин (долбоор тиркелет).
- Нарын шаарынын социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүүнүн программасынын долбоорун аткарууга карата Нарын шаардык мэриясы тарабынан алгылыктуу иш аракеттер көрүлсүн жана жыл сайын аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча отчеттор берилсин.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга