НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ IХ СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН  IV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ               IХ СЕССИЯСЫНЫН

№ 1  ТОКТОМУ

  11 — май 2017-жыл                                                                                                               Нарын шаары

Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасынын директору кызмат ордуна сунушталган Суранов Алмаз Сурановичти  жана Нарын шаардык муниципалдык менчик ишканасынын директору кызмат ордуна сунушталган  Чымылдаков Эмилбек Назарбековичти дайындоого  макулдук берүү жөнүндө.

 

          Нарын шаарынын  мэри  Э.А.Алымкулов Нарын шаардык Кещешине 2017-жылдын 10-майында жазган №03/844чыгыш  каты менен  Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасынын директору кызмат ордуна Суранов Алмаз Сурановичке  жана Нарын шаардык муниципалдык менчик ишканасынын директору кызмат ордуна Чымылдаков Эмилбек Назарбековичке макулдук берүү боюнча кайрылуу жолдогон.

          Каттын негизинде шаардык Кенеш кезексиз сессия чакырып, жогорудагы  маселе  күн тартибине  киргизилип, депутаттардын кароосуна коюлган.

          Сессияда Нарын шаардык Кещешинин төрагасы күн тартиби менен тааныштырып, буга чейин Нарын шаарынын 1-вице-мэри болуп эмгектенип келген А.Сурановдун жана шаардык Кеңештин «АлаТоо-Ынтымагы» фракциясынан депутат Э.Чымылдаковдун талапкерлиги  жогорудагы  2 мекеменин  директорлук кызмат ордуна  сунушталып жаткандыгын жана  иш тажрыйбалуу, кесипкөй адамдар экендигин баса белгилеп көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамдын 44-беренесинин 3-пунктуна ылайык депутаттардын макулдугу керек экендигин билдирген.

          Сунушталган талапкерлерди  сессияга катышкан депутаттар бир добуштан колдошуп макулдуктарын беришкен.

          Жогорудагылардын негизинде Нарын шаарынын мэри Э.А.Алымкуловдун сунуш катын карап, талкуулап жана сессияга катышкан депутаттардын добушун эске алып, Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз  сессиясы

                                                                               ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамдын 44-беренесинин 3-пунктуна ылайык Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасынын директору кызмат ордуна Суранов Алмаз Сурановичти жана Нарын шаардык муниципалдык менчик ишканасынын директору кызмат ордуна Чымылдаков Эмилбек Назарбековичти дайындоого  макулдук берилсин.

  1. Токтомду аткаруу жана Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасынын директору кызмат ордуна Суранов Алмаз Сурановичти жана Нарын шаардык муниципалдык менчик ишканасынын директору кызмат ордуна Чымылдаков Эмилбек Назарбековичти дайындоону Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүү жагы Нарын шаарынын мэри Э.А.Алымкуловго тапшырылсын.

 

 

                   Төрага                                                                                                            Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга;

 

Добавить комментарий