НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ IХ СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН  IV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ                                         КЕЗЕКСИЗ        IХ СЕССИЯСЫНЫН

2  ТОКТОМУ

  11 — май 2017-жыл                                                                                                               Нарын шаары

Нарын шаардык Кеңешинин 11-февраль 2016-жылдагы   XXVI  чакырылыштагы  XXIX сессиясынын № 5/1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

           11-февраль 2016-жылы Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык мэриясынын балансасында турган 2007-жылы өндүруштөн чыккан  мамлекеттик номери NB  0006 ВОЛГА ГАЗ-31105-801 жана 1992- өндүруштөн чыккан 0008 NB  АУДИ С4 автоунааларын чарба жүргузүү укугу менен башка мекемелерге берүүгө, ал эми 1993-жылы өндүруштөн чыккан “Мерседес- Бенс” 190 Д үлгусүндөгү автоунаасын эскилиги жеткендигине байланыштуу сатууга макулдук берилген.

          Нарын шаардык мэриясы 2017-жылдын 10-майында  шаардык Кеңешке  шаардык мэрия тарабынан  ВОЛГА жана АУДИ автомашиналарынын ордуна башка автомашиналарды сатып алууга мүмкүн болбой калгандыктан убагында мекемелерге берилбей, ал эми “Мерседес-Бенц”автоунаасы эскилиги жеткендиктен сатууга мүмкун болбой калгандыгын билдирип, Нарын шаардык Кеңешинин 11-февраль 2016-жылдагы   XXVI  чакырылыштагы  XXIX сессиясынын № 5/1 токтомуна өзгөртүү киргизип, учурда шаардык мекемелерде жүргүзүлгөн оптималдаштырууларга ылайык, мекемелердин ишине шарт түзүү максатында  Нарын шаардык мэриясынын балансасындагы мамлекеттик номери 0008 NA  АУДИ-100,  ШЕВРОЛЕ-НИВА 2123 автоунааларын “Таза-Нарын” жана  шаардык муниципалдык менчик ишканаларына берүү жана “Мерседес-Бенс 190-Д” автоунаасын жараксыз катары чыгыштап берүү боюнча сунуш кат менен кайрылышкан.

Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясында Нарын шаардык мэриясынын 1-вице мэри Н.Молдокадыровдун билдирүусун угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Шаардык мекемелерде жүргүзүлгөн оптималдаштырууларга ылайык, мекемелердин ишине шарт түзүү максатында Нарын шаардык мэриясынын балансасындагы мамлекеттик номери 0008 NA АУДИ-100,  ШЕВРОЛЕ-НИВА 2123 автоунааларын “Таза-Нарын” жана  шаардык муниципалдык менчик ишканаларына  Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 16-беренесине ылайык  чарба жүргузүү укугу менен берүүгө макулдук берилсин.
  2. 1993-жылы өндүрүштөн чыккан “Мерседес-Бенс 190 –Д” үлгүсүндөгү автоунаа жараксыз абалда болгондугуна байланыштуу  Нарын шаардык мэриясынын балансасынан чыгыштоого макулдук берилсин.
  3. Нарын шаардык мэриясынын балансасындагы автоунааларды чарба жүргүзүү укугу менен шаардык мекемелерге берүүгө жана чыгыштоого байланышкан баардык иштерди Мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

            Төрага                                                                                                            Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга;

Добавить комментарий