НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XI СЕССИЯСЫНЫН №3 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН   IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ                        XI  СЕССИЯСЫНЫН

№3  ТОКТОМУ

11-июль  2017-жыл                                                                                      Нарын шаары

Нарын шаарындагы Ж.Чолпонбаев атындагы №10 мектептин
жаңы имаратын “Б.Жапаралиев” атындагы паркынын С-1 зонасына
курууга макулдук берүү жөнүндө

Нарын шаардык мэриясы жана РТС аймагынын жашоочулары Нарын шаарынын РТС аймагына Ж.Чолпонбаев атындагы №10 мектептин типтүү жаңы имаратын “Б.Жапаралиев” атындагы парктын территориясындагы С-1 (обьекты здравоохранения, образования, науки, физкультуры и спорта с большими участками) зонасына курууга макулдук берүүнү сурап кайрылышкан. Бул маселе “Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясында каралды.  “Б.Жапаралиев” атындагы парктын жалпы аянты 50297 чарчы метр же 5,0 гектарды түзөт, мунун ичинен С-1 зонасындагы жер аянты 1 гектар 43 сотых. Мамлекеттик каттоо кызматынан укук күбөлөндүрүүчү документи боюнча муниципалдык менчик жер аянты болуп саналат. Нарын шаардык Кенеши жана Нарын шаар башкармасы тарабынан 2004-жылы бекитилген Нарын шаарынын шаар куруу эрежесинде көрсөтүлгөндөй “Б.Жапаралиев” атындагы парк- зона боюнча эки бөлүктөн Р-1 (городских парков, набережных) жана С-1 (обьекты здравоохранения, образования, науки, физкультуры и спорта с большими участками) зонасынан турат. Р-1  шаардык парк занасы, С-1 Саламаттыкты сактоо, билим берүү, илим, дене тарбия жана спорт чон аянттар зонасы болуп эсептелинет. Нарын регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан 2 кабаттуу 375 орундуу типтүү мектептин долбоору чийилип, долбоор  боюнча мектепти курууга 1 гектар аянты керектелет. Ушуга байланыштуу “Б.Жапаралиев” атындагы парктын  С-1 зонасына жайгаштырылууда. Жогорудагыларды белгилеп жана  туруктуу комиссиянын сунуш протоколуна ылайык  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаарынын РТС аймагына Ж.Чолпонбаев атындагы №10 мектептин типтүү жаңы имаратынын курулушун  “Б.Жапаралиев” атындагы парктын территориясындагы С-1 (обьекты здравоохранения, образования, науки, физкультуры и спорта с большими участками) зонасынадагы 14370 чарчы метр жер аянтына курууга макулдук берилсин.

 

  1. С-1 зонасындагы бөлүнүп берилген жер аянтын ордун чектеп, мыйзам чегиндеги тиешелүү документтерин, иш кагаздарын бүткөрүү Нарын регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын жана Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо  башкармалыгынын жетекчиликтерине жүктөлсүн.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаарынын биринчи вице-мэрине тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                  Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: Иш кагазга, юстиция башкармалыгына, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, архитектурага, госрегистрга, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына

Добавить комментарий