НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XII СЕССИЯСЫНЫН № 4\1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XII СЕССИЯСЫНЫН

 №  4\1 ТОКТОМУ

21-ноябрь 2017-жыл                                                                                                                                                 Нарын шаары                   

Алимова Рашида  Журабаевнага Нарын шаарынын  «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө

Алимова Рашида Журабаевна 1974 — жылдын 27- июнунда Ыссык –Көл областынын Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында туулган. 1981-1991-жылдары  Кызыл-Суу айылындагы орто  мектепти аяктаган. 2007-2011-жылдары Нарын мамлекеттик университетинин «Бухгалтердик учет жана аудит»  адистигине ээ болгон.

2003-жылдан бүгүнкү күнгө чейин «АЮ Холдинг» компаниясынын регионалдык жетекчиси болуп кызмат кылып келет.

Ишиндеги жетишкендиктери үчүн «АЮ Холдинг» компаниясынын, Кыргызстан саясий партиясынын Ардак грамоталары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Нарын шаардык балдардын укугун коргоо боюнча ата-энелердин коомдук бирикмесинин, БУУнун Аялдар түзүмүнүн Кыргыз Республикасындагы өкүлүнүн Ыраазычылык каттары менен сыйланган. 2016-жылы Нарын шаардык Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Жогорудагылардын жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Алимова Рашида Журабаевнага Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү боюнча Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаардык Кеңешинин «Кыргызстан» фракциясынын сунушунун негизинде депутаттардын добушуна ээ болгондуктан, Алимова Рашида Журабаевнага Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
  1. Жобого ылайык Алимова Рашида Журабаевнага атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси жана  күбөлүгү тапшырылсын.

Төрага                                                                                                                                                                Ж.Ботоканов

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, Р.Алимовага.

Добавить комментарий