НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XII СЕССИЯСЫНЫН № 4\2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XII СЕССИЯСЫНЫН

  №  4\2 ТОКТОМУ

21-ноябрь 2017-жыл                                                                                                                              Нарын шаары

Кайыпов Аманбай Кайыповичке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө

Кайыпов Аманбай Кайыпович 1966-жылы 1-сентябрында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Жаңы-Күч айылында туулган. 1973-1983-жылдары Жаңы-Күч орто мектебин аяктаган. 1984-1986-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1991-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетин аяктап, физика мугалими кесибине ээ болгон.

Алгачкы эмгек жолун 1990-1991-жылдары Комсомол комитетинин төрагасынын  орун басары кызматында иштөө менен баштаган.

1993-1994-жылдары Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Жаңы-Күч айылындагы  Ж.Кайыпов атындагы орто мектебинде окуу иштери боюнча директордун орун басары, 1994-2012-жылдары «Дордой базары» жоопкерчилиги чектелген коомунда генералдык директордун орун басары болуп эмгектенген.

2004-2013-жылдары Бишкек шаардык Кеңешинин 3 жолку чакырылышынын депутаты, 2012-2013-жылдары Бишкек шаардык Кеңешинин төрагасы, 2013-жылы Бишкек шаардык Кеңешинин КСДП фракциясынын лидери, 2013-жылы декабрь айынан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматында эмгектенип келүүдө.

Жогорудагылардын жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Кайыпов Аманбай Кайыповичке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү боюнча Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон жигердүү салымы үчүн депутаттардын колдоосуна  ээ болгодуктан, Кайыпов Аманбай Кайыповичке  Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
  1. Жобого ылайык Кайыпов Аманбай Кайыповичке атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                Ж.Ботоканов

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, А.Кайыповго.

Добавить комментарий