ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXVI СЕССИЯСЫНЫН № 5/2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                    

                 XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXVI СЕССИЯСЫНЫН

 

   № 5/2  ТОКТОМУ

 

                                    15-октябрь 2012-жыл                                                                                                         Нарын шаары

 

 

 

              Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн берилген пландан ашыкча аткарылган суммасынан Мамлекеттик салык кызматына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө 

 

            Шаардык Кеңешке  Нарын шаардык мэриясы жана  Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаардык башкармалыгы   9-октябрь 2012-жылы № 03/1540, №09/1037 сунуш каттары менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын

« Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар  боюнча  мамлекеттик комитетинин социалдык жактан өнүктүрүү жана жыйымдар боюнча материалдык жактан кеңейтүүнү уюштуруу жана колдонуу фонду» жөнүндөгү 12.02.09 жылдагы  №29  Жобосуна ылайык Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүндөгү ашыкча аткарылган акча каражатынын  3  пайыз өлчөмүн Нарын шаардык салык кызматынын атайын эсеп счетуна которуп берүү боюнча кайрылышкан.

Сунуш каттар шаардык Кеңештин Социалдык-экономикалык өнүгүү, бюджет, финансы, салык, лицензиялоо, патент, приватташтыруу боюнча туруктуу комиссиясынын заседанииесинде каралган.

 

Нарын шаардык мэриясынын, Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаардык башкармалыгынын  сунуш каттарынын жана шаардык Кеңештин туруктуу комиссиянын заседаниесинин протоколунун  негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын «Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар  боюнча  мамлекеттик комитетинин социалдык жактан өнүктүрүү жана жыйымдар боюнча материалдык жактан кеңейтүүнү уюштуруу жана колдонуу фонду» жөнүндөгү 12.02.09 жылдагы №29  Жобосуна ылайык, жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүн эске алып,  шаардык салык башкармалыгы тарабынан жергиликтүү бюджеттин киреше  бөлүгүн аткарууда  берилген план тапшырманы ашыгы менен аткарылгандыгына  байланыштуу 2012-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен  ашыкча түшкөн каражаттан 50,0 (элүү миң)  сом акча каражаты Нарын шаардык салык башкармалыгынын атайын эсеп счетуна которулуп берилсин.
  2. Бул токтомду аткаруу жагы Нарын шаардык финансы бөлүмүнө (Ж.Урустемов) тапшырылсын 

  Депутаттардын 

Нарын шаардык Кеңешинин

төрагасы                                                                                             А.Көкөтаев

 Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, финансы бөлүмүнө, шаардык салык башкармалыгына

Обсуждение закрыто.