НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХVI СЕССИЯСЫНЫН № 5 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХVI СЕССИЯСЫНЫН

№ 5  ТОКТОМУ

28-май 2018-жыл                                                                                                                                                       Нарын шаары

Нарын шаардык Кеңешинин IV чакырылыштагы кезектеги Х сессиясынын  24-май 2017-жылдагы  №1 токтому менен бекитилген Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

    Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине, Нарын шаардык мэриясынын буйругуна жана “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык Кеңешинин IV чакырылыштагы кезектеги Х сессиясынын 24-май 2017-жылдагы №1 токтому менен бекитилген “Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу боюнча муниципалдык ишканасы жөнүндө” Жобосунун төмөндөгү главаларына өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилсин:
  1. Жобонун 1-главасынын 6-пункттундагы “мекеме катары” деген сөздөр алып салынып, “муниципалдык ишкана” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
  1. 5-главанын 30-пункттунун “д” пунктчасындагы “начальнигин” деген сөз алып салынып, “директорду” деген сөз менен алмаштырылсын;
  1. 7-главанын 36-пункттундагы “оперативдүү” деген сөз алып салынып, “чарбалык” деген сөз менен алмаштырылсын;
  1. 6-главанын 34-пункттундагы “эсепчиси” деген сөз “башкы эсепчи” деген сөз менен толукталсын.
  1. 3-главасын 20-пунктту “Өз атынан мүлккө байланышкан жана мүлккө байланышпаган жеке укуктарга жана милдеттенмелерге ээ боло алат жана ишке ашырат, сотто доочу жана жоопкер катары да чыга алат” деген сүйлөм менен “т)” пунктчасы менен толукталсын.
  2. Жобого киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен иш алып баруу жана мамлекеттик каттодон өткөрүү Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу боюнча муниципалдык ишканасына жана Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына тапшырылсын.
  1. Бул токтомдун аткарылышы “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча”  туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

 

Төрага                                                                                                                                                             Ж.Ботоканов                                                                                                                                                                                         

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, облустук юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, ММИге, мамкаттоого.

 

Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы жөнүндө ЖОБО

Добавить комментарий