НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХVII СЕССИЯСЫНЫН № 5 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХVII СЕССИЯСЫНЫН

5 ТОКТОМУ

20-июль  2018-жыл                                                                                                                                                   Нарын шаары

 Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

            Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү тартиби жөнүндөгү Жобонун талаптарына ылайык жана  Нарын шаарынын экономикалык – социалдык өнүгүүсүнө, маданий жана коомдук турмушуна салым кошкон өзгөчө эмгектерин эске алып, 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата, “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымдоо каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын  чечимине ылайык  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы  токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу” наамы төмөндөгү жарандарга ыйгарылсын:
  • Мусаева Жаңыл Рооевна,
  • Мусаев Абдышүкүр,
  • Музукеев Каныбек,
  • Усубалиева Гүлнара Казаковна,
  • Сыдыбаев Кубанычбек Надырбекович,
  • Чокоева Токтобүбү,
  • Казиева Элмира Муктаровна.
  1. Жобого ылайык жогорудагы наам ыйгарылган жарандарга атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымдоо каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, облустук юстиция башкармалыгына, Э.Казиевага, Ж.Мусаевага, А.Мусаевге, К.Музукеевге, Г.Усубалиевага, К.Сыдыбаевге, Т.Чокоевага, туруктуу комиссияга.

 

Добавить комментарий