НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХVII СЕССИЯСЫНЫН №2 ТОКТОМУ

shapka-toktomНАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХVII СЕССИЯСЫНЫН

№ 2 ТОКТОМУ

20-июль  2018-жыл                                                                                                                                   Нарын шаары

Нарын шаардык Кеңешинин  2018-жылдын 26-январындагы XIII сессиясында каралган «Нарын шаарында белгиленген багытта транспорт каттамдарынын жүрүшү, алардын элге кызмат көрсөтүүдөгү жүргүзүп жаткан иштери жана транспорт салыгынын, патенттин төлөнүшү жөнүндөгү» №2 токтомунун аткарылышы жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамына ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 26-январындагы №2 токтомунун Нарын шаарында аткарылышы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгынын жана Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын маалыматтарын угуп, талкуулап  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгынын жана Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын жетекчилеринин сессияда депутаттарга берген маалыматтары эске алынсын.
  1. Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгы Нарын шаардык ички иштер бөлүмү менен бирдикте Нарын шаарынын ичинде элге кызмат кылып, иштеп жаткан жеке ишкерлердин санын тактоо менен аларга патент алуу белгисин  (наклейка) чаптоо иштери колго алынсын жана белгилеген иш чаранын (графигинин) негизинде рейддер үзгүлтүксүз өткөрүлүп турулсун.
  1. Нарын шаарындагы элге кызмат кылып иштеп жаткан микроавтобустардын өз убагында ишке чыгып иштөөсүнө жана алардын техникалык абалына көзөмөл жүргүзүү, тартипке келтирүү, ыктыярдуу патентти алдыруу Нарын шаардык мэриясына, мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгына, шаардык ички иштер бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын жол министрлигинин алдындагы автомобиль жана сууда жүрүүчү транспорттук мамлекеттик агенствосунун Нарын аймактык башкармалыгына тапшырылсын.
  1. Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө Нарын шаарынын ички көчөлөрүнө коюлган жол белгилерин каралган тартипте ирээтке келтирүү, бирин-бири кайталаган жол белгилерди кыскартуу, түнкү мезгилде жол коопсуздугун сактоо максатында атайын рейддерди уюштуруу, шаардын Москва аймагында автоунаалардын ылдамдыгын чектөө боюнча жол белгилерин орнотууну тез арада ишке ашыруу жагы тапшырылсын.
  1. Токтомдун аткарылышы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн жана жылдын жыйынтыгы боюнча Нарын шаардык Кеңешине маалымат берсин.

  

Төрага                                                                                                                                                                Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, облустук юстиция башкармалыгына. шаардык мэрияга, салык инспекциясына, НШИИБнө, Нарын аймактык транспорт башкармалыгына.

Добавить комментарий