НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИ
IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XVШ СЕССИЯСЫНЫН
№1 ТОКТОМУ
31-октябрь 2018-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык Кеңешинин 28-апрель 2017-жылдагы кезектеги VIII сессиясынын №2 токтомун аткарууда Нарын суу канал ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин негизинде, Нарын суу канал ишканасынын жетекчиси Н.Максүталиевдин Нарын шаардык Кеңешинин 28-апрель 2017-жылдагы кезектеги VIII сессиясынын №2 токтомунун аткарылышы боюнча маалыматын угуп, талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык суу канал ишканасынын жетекчиси Н.Максүталиевдин аткарган иштери боюнча сессияда берген маалыматты эске алынсын.
- Мекеменин дебитордук карызын өндүрүү боюнча ишкананын жетекчилиги жеткиликтүү аракеттерди көрсүн, суу пайдалануучу жеке менчик ишканаларга суу эсептегичтерди орнотуу иштери колго алынсын.
- Мекеменин киреше булагын көбөйтүү максатында суу пайдалануучу абоненттердин санын тактоо менен алардын санын көбөйтүүгө мекеме тарабынан өзгөчө көңүл бөлүнсүн.
- «Нарын шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарына реабилитациялоо» долбоорун ишке ашырууда «Минур» жана «Профит-Экспресс» ЖЧКларынын жүргүзүп жаткан иштеринин сапатын жеринде карап чыгуу боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлсүн.
- Сессиянын жүрүшүндө шаардык Кеңештин депутаттарынын сунуштарына ылайык Нарын шаардык мэриясынын тармактын бөлүмдөрү тарабынан кышка карата даярдыктары, аткарып жаткан иштери Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясында каралсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, облустук юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, суу канал ишканасына.