НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХVIII СЕССИЯСЫНЫН
№ 5 ТОКТОМУ
31- октябрь 2018-жыл Нарын шаары
Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдына милициянын генерал –майору Т.Жээналиевдин эстелик-бюстун орнотууга макулдук берүү жөнүндө
Т.Жээналиев 1959-жылы облустук комсомол комитетинин жолдомосу менен ички иштер органына кирген. Көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн СССРдин ИИМнин “Эмгек сиңирген кызматкери” төш белгиси, 1977-жылы СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен “Эмгек Кызыл Туу” ордени, 2003-жылы III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган. 1984-жылы милициянын генерал-майору наамы ыйгарылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Мыйзамынын 18-беренесинин 13-пункттуна, 31-беренесинин 5-пункттуна жана Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын катынын негизинде, «Муниципалдык менчик, жер, турак-жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча» туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын облусунан биринчи жолу милициянын генерал-майору наамын алган, ички иштер органдарында элүү жылдан ашуун үзүрлүү эмгектенген Жээналиев Токтожума Жээналиевичтин эстелик-бюсттун Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдына орнотууга макулдук берилсин.
- Т.Жээналиевдин эстелик-бюстун орнотуу, постаментин куруу жана ал жердеги аймакты жашылдандыруу-көрктөндүрүү чараларын көрүү жагы облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан жүргүзүлсүн.
- Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдынан жер аянтын аныктап берүү жагы Нарын регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан ишке ашырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышы «Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура курулуш, отун, энергетика, транспорт, экология боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, облустук юстиция башкармалыгына, облустук ички иштер башкармалыгына, мэрияга, архитектурага, туруктуу комиссияга.