НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКСИЗ ХX СЕССИЯСЫНЫН
№ 2 ТОКТОМУ
5-февраль 2019-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык мэриясынын нөөмөттүк кызматтык пайдалануусуна автоунаа сатып алууга каражат бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдагы 30-декабрындагы №767 токтомуна ылайык облустук маанидеги шаарлардын мэрияларына 3 кызматтык (нөөмөттүк) автоунаа каралган жана 10 жылдан ашык убакыт пайдаланган автоунааларды сатып алууга тыюу салынган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдагы 30-декабрындагы №767 токтомуна жана Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык мэриясынын нөөмөттүк кызматтык пайдалануусуна бир автоунаа сатып алууга жергиликтүү бюджеттин 2019-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен 750,0 (жети жүз элүү) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Нарын шаардык мэриясынын нөөмөттүк кызматтык пайдалануусуна автоунаа сатып алууга акча каражатын Мыйзам талаптарына ылайык каржылоо Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын облустук юстиция башкармалыгына