НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХXIII СЕССИЯСЫНЫН
№ 3 ТОКТОМУ
21- май 2019-жыл Нарын шаары
Апрель Революциясынын баатыры Кыштообаев Эмилболоттун
эстелик-бюстун орнотууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 18-беренесинин, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 4-главасынын жана Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаарындагы Тянь-Шань эс алуу багынын ичиндеги Апрель Революциясында курман болгондордун эстелик тактасы орнотулган жерге Апрель Революциясынын баатыры Кыштообаев Эмилболоттун эстелик-бюстун орнотууга макулдук берүү боюнча «Муниципалдык менчик, жер, турак жай, комуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарындагы Тянь-Шань эс алуу багынын ичиндеги Апрель Революциясында курман болгондордун эстелик тактасы орнотулган жерге, Апрель Революциясынын баатыры Кыштообаев Эмилболоттун эстелик-бюстун орнотууга макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, архитектура башкармалыгына, облустук юстиция башкармалыгына.